Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2020-жылы 750 миң сом киреше тапкан. Бул сумманы ал салык декларациясында көрсөткөн.
Бирок 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда ага 3,2 млн сом киреше түшкөн.
Зулушевдин өзүнүн үйү жок. Бирок наамында кыймылдуу мүлктөрү бар. Зулушев чыныгы аристократ катары асыл тукум жылкыларга ээлик кылат. Алардын баасы — 1,6 млн сомду түзөт.
Башкы прокурордун кадимки эле жылкылары менен ири туяктуу да малдары бар. Алар 950 миң сомго бааланат.
Ошондой эле, Зулушевдин баасы 1 млн сомдук «Тайота» унаасы бар.
2020-жылга карата декларация боюнча да башкы прокурор үйлүү болгон эмес. Бирок жакын туугандарынынын эки үйү бар. Алардын биринин аянты — 119 чарчы метр, экинчисиники 213 чарчы метр. Зулушевдин үй-бүлөсү аянты 8,1 гектарды түзгөн айыл чарба багытындагы жерге да ээлик кылат.
Прокурордун үй бүлөсү экинчи үйдү 2020-жылы сатып алган — 2019-жылга карата декларацияда бул үй көрсөтүлгөн эмес.
Бирок эң эле кызыктуусу башкы прокурордун жакындары 2020-жылы 250 миң сом киреше таап, 4,9 млн сом чыгым кылышкан.
Зулушев деген ким?
Зулушев 2000-жылдан тартып прокуратура тармагында түрдүү кызматтарда иштеп, андан соң судьялыкты аркалаган. 2007-жылдан тартып Чүй облусунун Сокулук райсотунун судьясы болуп, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.
Ошол эле жылы Зулушев бийликти күч менен басып алууга шектелген Камчыбек Ташиевдин ишин караган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Зулушевди жана судья Медербек Сатыевди ишти кароодо мыйзам бузгандыгы үчүн ээлеген кызматтарынан бошоткон.
Ал учурда Зулушев жана Сатыев «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорго актоо өкүмүн чыгарган соттор коллегиясынын курамында болгон. «Ата-Журттун» үч депутатына бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айып тагылган — Ташиев «Кумтөр» алтын кени боюнча нааразычылык акциясында Ак үйдүн тосмосун ашып түшүүгө аракет кылган.
Депутат катары Зулушев өлкө кайсыл башкаруу жолун тандашы керектиги тууралуу референдум өткөрүү боюнча демилгеси менен эсте калды. Ал президенттик жана парламенттик башкаруунун бирөөсүн тандоону сунуш кылган.
Зулушев демилгесин Конституциянын бардык редакцияларында буга чейин даяр башкаруу формалары жазылган деп негиздеген. Натыйжада жарандар башкаруу формасы үчүн өзүнчө добуш беришпей, өлкөнүн негизги мыйзамы үчүн добуш беришкен.
2015-жылы Зулушев «Республика — Ата-Журттун» курамында шайлоого барып, бирок партияга добуш алып келе алган эмес. Бирок ал Жогорку сотко чейин арызданып, акыры депутаттык мандатка ээ болгон.
Анын мыйзам долбооруна ылайык, референдум 4-октябрда — парламенттик шайлоо күнү өткөрүү пландалган. Мыйзам долбоору сынга кабылгандан кийин Зулушев аны жеке демилгеси менен иштеп чыкканын жана «бийликтин буйругун аткарбаганын» айткан.
2018-жылы Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелешкен — депутаттар «Президенттин ишмердиги жөнүндө» мыйзамы өлкөнүн Конституциясына каршы келет деп эсептешкен.
Бул мыйзам мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууга негиз болгон. Көп өтпөй Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, экс-президент макамынан ажыратылган.