Депутат Зулушев өлкөнүн башкаруу формасын алмаштыруу референдуму боюнча үн катты

Кыргызстандын башкаруу формасын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунун автору депутат Курманкул Зулушев «Азаттыкка» курган маегинде өз демилгеси тууралуу пикирин билдирди.

1-апрелде коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунда референдум дайындап, өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо сунушталган. Мыйзам долбоорунда парламенттик же президенттик башкаруу формасын тандоо керектиги жазылган.

Зулушев референдум тууралуу мыйзам долбоорун жеке демилгеси менен иштеп чыкканын белгиледи. «Айрымдар “бийликтин буйругун аткарып жатат” дегени таптакыр туура эмес. Мен эч качан бирөөнүн буйругун аткарган эмесмин», — деп айтты депутат.

Ошондой эле, ал коронавируска каршы күрөш жүрүп жаткан учурда, Кыргызстандын эң ири үч шаарында өзгөчө абал киргизилген маалда референдум өткөрүү сунушуна карата айтылган сын-пикирге да жооп берди.

«Биз бул мыйзам долбоорун 19-мартта, өзгөчө абал кире элек учурда парламенттин аппаратына жибергенбиз. Аппарат 1-апрелде илип коюптур. Бул депутаттык көз карашым. Мыйзам долбоорун сайтка илдик. Президент, өкмөт, Борбордук шайлоо комиссиясы кандай сунуш киргизээрин эми көрөбүз», — деп билдирген эл өкүлү.

Чындап эле өлкөдө өзгөчө абал тартиби 25-марттан тарта киргизилген, бирок коронавирус жуктуруу учурлары 18-мартка чейин эле белгилүү болгон.

2010-жылдын апрель айында президент Курманбек Бакиев кулатылгандан кийин Кыргызстан парламенттик башкаруу формасына өткөн. Жаңы Конституциянын авторлору өтүүнү жаңы саясий система бийликтин бир адамдын колуна топтолушуна жол бербейт деп түшүндүрүшкөн.

Бирок учурда парламентке көптөгөн ыйгарымдар берилгени менен ал дагы деле президенттен өтө көз каранды бойдон калууда.

Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча бир референдум өткөн. Ал премьер-министрдин ролун күчөткөн. Ошол эле кезде Атамбаев кызматка киришип жатып Кыргызстандын президенти болуп турганда өлкөнүн башкы мыйзамын өзгөртпөөгө убада берген болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү сунушталды