«МедиаХаб»: Жасалма сертификат же вакцинаны таштандыга ыргыткан медиктер

«МедиаХаб» жана иликтөөчү журналист Мээрим Сырдыбаева «Өлүм менен өлүмдөн акча жасагандар» аталышындагы иликтөөнүн экинчи бөлүгүн жарыялады. Бул жолу журналисттер «вакцина алды» деген паспорт 500 сомдон 100 долларга чейин бааланып, ачык эле сатылып жатканы тууралуу окурмандардан келген маалыматтын чын-төгүнүн билүүгө аракет кылышкан.

Алгач журналистттер вакцина саюуга уруксат берилген бейтапканаларга баш багышкан. Кызыгы, «МедиаХабдын» чыгармачыл тобуна вакцина алды деген жасалма сертификатты жасатуу өтө деле кыйынчылык жараткан эмес. Андан сырткары алар вакцина алгандардын расмий базасына кирген.

«Эмделди» деген документти эң оңой алса болот

Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан №2 бейтапкананын эмдөө бөлмөсүндө журналист Мээрим Сырдыбаеваны Назгүл аттуу медайым тосуп алган. «Эл катары, ийне сайдырбай эле вакцина алды деген паспорт алгыбыз келет, 1000 сом беребиз» деп кабыргасынан коюлган суроого, «ставканы билет турбайсыңбы» деп жооп айткан медайым, аты-жөнүн сурап эле вакцинанын биринчи дозасын алды деген кагаздарды толтуруп берген.

Жалдан чыккандан кийин иликтөөчү-журналисттер Кызыл-Аскер районундагы №1 поликлиникага жөнөшкөн. Бирок бул жолу бейтапканага Мээрим Сырдыбаева эмес, «МедиаХабдын» дагы бир журналисти Мээрим Айныкеева кирген. Анткени вакцина алгандардын аты-жөнү өлкө боюнча бирдиктүү базага киргизилет. Демек бир адам кайра-кайра вакцина ала албайт.

Журналист поликлиникага киргенде вакцина алуудан коркуп жатканын, бирок жумушунда справка талап кылып жатканын айткан. Медайым дароо эле түшүнүп, макул болгон.

— Мен «чет элдик» компанияда иштейм, ошол жакка жөн гана «эмдөө алды деген кагаз» керек болуп жатат…

— Жасап берейинби?

— Жасап бериңизчи…

— Эч кимге айтпайсыңбы?

— Жок, айтпайм. Менин ата-энем коркуп жатышат.

— Элдин баары эле коркуп жатат. Экинчисине 21 күндөн кийин келесиз. Азыр алды деп базага киргизем. Эч кимге айтпайсыз ээ?

Журналист менен медайымдын ортосунда ушундай сүйлөшүү болгон.

Вакцина алды деген жасалма документ жасоо медиктерге жаңылык жараткан эмес. Буга чейин журналисттерге кайрылган окурмандар, аларга сайылды деген вакциналар «жерге төгүлүп, таштандыга ыргытылганын айтып» беришкен. Кызыл-Аскердеги №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медайымы маалыматты тастыктап берген. Ал журналисттин көз алдында вакцинаны таштанды челекке ыргыткан. Ошентип журналисттер 1000 сом төлөп «вакцинанын биринчи дозасын алды» деген паспортко ээ болушкан.

Арадан 21 күн өткөндөн кийин вакцинанын «экинчи дозасын алыш» үчүн журналисттер медайымдар менен байланышып, кайрадан поликлиникага барышкан. Бул жолу деле эч тоскоолдуксуз документти толтуруп, мөөр бастырышкан.

Телеграм тайпалардагы жарнактар

Журналисттердин айтымында, элдин психологиялык абалынан пайдаланып, оңой акча тапкысы келгендер соцтармактарда «вакцина алды деген паспорт жасап беребиз» деп жарнактарды берип, ортомчулар аркылуу иш кылышат.

Өзүн ачык көрсөткүсү келбеген Азамат аттуу жигит, Телеграм тиркемеси аркылуу элди азгырган топтун бетин ачууга көмөк көрсөткөн. Азаматка дагы Асылкан аттуу аял 1000 сомго эки дозаны алды деген документ жасап берген, бирок алар жолуккан эмес. Болгону паспортун сүрөткө тартып жөнөтүүнү айткан.

Асылкан телеграмдагы ар кыл тайпаларга жашыруун аккаунт менен билдирүү калтырган. Бирок документ жасоого келгенде ачык эле телефон менен сүйлөшкөн. Ал тургай акча алуу үчүн банктык картасын жиберген. Анда Асыл Молдокеримова деген ысым жазылган.

Журналисттер мындай ысымдагы адамды соцтармактан издеп таба алган эмес, бирок Google маалымат берген. Алар Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешине «Адилеттүү Кыргызстан» партиясынан ат салышкан талапкерлердин тизмесинде 1984-жылы 8-сентябрда туулган Молдокеримова Асыл Алмазбековна деген адамды табышкан. Тизмеде орто билимдүү бул адам эч жерде иштебей турганы көрсөтүлгөн.

Журналист Мээрим Сырдыбаева Асыл Молдокеримова менен телефондо сүйлөшкөндө, ал чынында эле Балыкчы шаардык кеңешине талапкерлигин койгонун тастыктаган.

«МедиаХаб» Асыл Молдокеримова жалгыз иштебегенин, кардарларына Гүлзат Абдраманова аттуу колдонуучудан келген видеону жөнөткөнүн аныктаган. Видеодо вакцина алды деген сертификатты жүктөп алуунун нускамасы болгон. Дал ушул айым аноним бойдон калууну каалаган Азаматка дагы байланышып турган.

Соцтармактарда Гүлзат Абдраманова аттуу колдонуучу медайым болуп иштери анык болгон. Журналисттер, демек Асыл Молдокеримова медайым Абдрамановага кардарларды таап келип турган деген тыянкка келген. Анткени иликтөөчүлөргө көмөк көрсөтүп жүргөн Азамат вакцина алды деген маалымкат үчүн акчаны Асыл берген номерге которгон.

Ал номерди Getcontact тиркемесине салганда «Баястан», «Баястан Ак-Өлөң» деген ат чыккан. Ал эми Гүлзат Абдраманова Инстраграм барагына балдарынын сүрөтүн киргизип, Ак-Өлөң айылын белгилеген. Анын катталуучуларынын арасында Баястан Ишенкулов аттуу жарандын аккаунту болгон.

Ал эми Азаматтан акча талап кылып телефон чалган бейтааныш аялдын номерин Getcontact Гүлзат аттуу айымга таандык деп көрсөтүп берген.

Укук коргоо органдарынын иши

Журналисттер Гүлзат менен Асылканга окшоп аралыктан «кызмат көрсөтүүнү» сунуштаган шылуундар дагы аз эмес дешет. Мисалы, 22-октябрда «Грузоперевозки Талас-Бишкек» аттуу телеграм тайпада «AstraZeneca вакцинасын алды деген маалымкат жасайм» деген жарыяга «МедиаХабдын» журналисттеринин көзү түшкөн.

Белгилүү болгондой, көпчүлүк Европа өлкөлөрү AstraZeneca жана Pfizer вакцинасын алгандарды гана өз өлкөлөрүнө киргизет. Ал кезде өлкөдө бул вакциналар жок болчу, демек суроо-талап күч дешет журналисттер. Чет өлкөдөн келген вакцина жасалды деген паспорттун акысы 150 АКШ доллары болгон.

Журналисттер алардын максаты эмделгени тууралуу маалымкат алуу эмес, мындай шылуундуктун артында ким турарын аныктоо экенин баса белгилеп, 150 доллар төлөгөн эмес. Бирок 1000 сомго ПЧР-тест буйрутма кылып, Телеграмда жарнак берген жарандын Элсом капчыгына акча которгон.

Журналисттик иликтөөдөн скриншот.

Журналисттер укук коргоо органдары капчык кимге тиешелүү экенин аныктайт деген ойдо. Анткени ар бир электрондук капчыктын ээси банктан каттоодон өтөт, ал эми банктар кардар тууралуу маалыматты бир гана укук коргоо органдарына берет.

Саламаттык сактоо министрлиги реакция кылды

Журналисттик иликтөө жарыялангандан кийин 7-декабрда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы жапырт эмдөө кампаниясына жооптуу адистердин катышуусунда чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы «Клоопко» билдирди.

Министрликтен жыйында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялаган COVID-19га каршы эмделгени тууралуу сертификаттарды сатуу фактысы талкууланганын белгилешти.

«Министр комиссия түзүп, чукул арада журналисттик иликтөөдө көрсөтүлгөн фактыларды иликтеп чыгууну тапшырды. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында күнөөлүү кызматкерлерге дисциплинардык, ээлеген кызматынан бошотууга чейинки жаза колдонууну сунуштады», — деп билдиришти мекемеден.

Аны менен катар, иштин материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилери айтылды.

Калкты жапырт эмдөө

Министр Алымкадыр Бейшеналиев. 

Кыргызстандыктарды эмдөө кампаниясы 29-мартта старт алган. Бийлик COVID-19га каршы эмдөө боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 млн элди эмдөөдөн өткөрүүнү каалайт. Мындан тышкары, саламаттык сактоо министрлиги вакцина алган жарандарга ревакцинация (кайталап эмдөө — ред.) да жеткиликтүү экенин билдирген.

Кыргызстанда учурда Кытайдын «Синофарм», Орусиянын «Спутник-В», америка-германиялык Pfizer жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары жеткиликтүү. Ошондой эле, мамлекет гумжардам катары казахстандын QazVac жана кытайдын Sinovac вакциналарын алган.

25-ноябрда өлкөгө коронавируска каршы Американын Moderna вакцинасы алып келинген.

Республикалык штабдын билдирүүсүнө таянсак, өлкөдө 7-декабрга карата 1 139 466 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Экинчи дозасын сайдыргандардын саны — 918 680.

«Клооптун» эсептөөлөрү боюнча, 2021-жылдын ноябрь айына карата пандемия башталгандан бери Кыргызстанга 1 373 100 доза вакцина гуманитардык жардам катары келген. Ал эми 2 245 000 дозаны өлкө өзү сатып алган. Бирок вакцина сатып алууга кеткен каражаттын суммасын аныктоого мүмкүн болгон жок.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 23-ноябрдагы маалымат жыйынында, 2021-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө кыргыз бийлиги 3 млрд сом сарптаганын билдирген. Бирок президент бул каражат кайдан алынганын ачыктаган эмес.

Өлкө аймагына келген вакциналар боюнча маалыматты бул жерден көрүүгө болот.