БШКнын сайтында жарыяланган маалыматтардан 2021-жылы 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктоочу протоколдорунун дээрлик жарымы оңдолуп, кайра жазылганын байкоого болот. Анда шайлоочуларга берилген жарактуу жана жараксыз бюллеттендердин саны гана эмес, партиялардын жыйынтыктары да өзгөртүлгөн.

Айрым участкаларда партияларга берилген добуштардын саны эки эсе көбөйгөн. «Клооп» протоколдордогу дал келбестиктердин толук базасын жарыялайт.

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. «Клооптун» 1400 бакйоочусу өлкөнүн бардык аймактарында шайлоого көз салды. Алардын жарымы участкалардагы кол санакка катышып, шайлоо бүтөрү менен 470 шайлоо участогунан жаңы эле кол коюлуп, сыячы кургай электе мөөр басылган протоколдордун көчүрмөсүн алышкан. Булардын баары биздин маалымат базада сакталып турат.

Эми ошол эле участкалардагы протоколдор БШКнын сайтына жарыялана баштады. Өткөн жолкудай эле, бул документтердин көбү оңдолуп, кайра жазылган. Биз участкалардан келген протоколдордун дээрлик жарымынан дал келбестиктерди аныктадык.

Мурдагы шайлоого салыштырмалуу негизги айырмачылыгы: бул жолу протоколдо партиялардын жыйынтыктары алмашты. Мурдагыдай бирин-серин учур эмес

— айрым жерлерде дал келбестик ондогон, жүздөгөн добушка чейин жеткен.

Биз өлкө боюнча 36 шайлоо окуругунун ичинен бери эле дегенде 31нен байкоочулар менен БШКнын протоколдорунан дал келбестиктерди таптык.

Айрым шайлоо округдарында, мисалы, Ысык-Көл шайлоо окуругундагы 61 УШКнын ичинен 20сынын протоколунда шайлоочулар менен бюллетендердин санында дал келбестиктер табылды.

Нарын, Биринчи май жана Ленин шайлоо окуругдарындагы УШКлардын протоколдорунун жетиден ашыгында шайлоочулардын добуштарына байланыштуу дал келбестиктер аныкталды.

Протоколдогу дал келбестиктердин толук базасын бул жерден көрүүгө болот.

Базадагы маалыматтар протоколдорду салыштыруу талданып бүткөндөн кийин улам жаңыланып турат.

Бул боюнча кененирээк маалымат.

Мисалы, БШКнын протоколу боюнча Ак-Суу округундагы №3065 шайлоо участкасында көпчүлүк партиялар участкадан алынган протоколго салыштырмалуу эки эсе аз добуш алышкан. Ал тургай БШКнын протоколунда жарактуу бюллетендердин саны, байкоочунун протоколуна салыштырганда 300гө аз. Эмне себептен мынча көп бюллетень кол санак бүтүп, участок жабылгандан кийин жараксыз болуп калганы белгисиз.

Октябрь райондук шайлоо округундагы №1109 участкасында шайлоо күнү протокол чындап эле ката толтурулган болушу керек: имараттын ичинде добуш берүүчүлөргө берилген бюллетендердин саны шайлоого катышкаг адамдардын санынан ашып кеткен. Бирок БШКнын «оңдолгон» протоколунда бул гана өзгөрбөй, баардык партиялардын жыйынтыктары бир канча добушка азайып кеткен. Ал эми «Социал-демократтардын» 33 добушу кемип калган. Ал эми жарактуу бюллеттендердин саны күтүүсүздөн эле дээрлик жүзгө азайган. Ушундай болушу мүмкүнбү?

Тескеринче деле болгон учурлар бар: айрым участкаларда партиялардын добуштары буйрук бергендей эле өсүп кеткен.

Мисалы, Кочкор шайлоо округунун №4088 участкасында добуш берген шайлоочулар менен жарактуу бюллетендердин саны аз гана өзгөргөн. Бирок БШКнын көчүрмөсүндө, участкадагы көчүрмөгө салыштырганда партиялар көбүрөк добуш алышкан.

Талас шайлоо округунун №6677 шайлоо участкасында дагы партиялар алган добуштардын саны өсүп кеткен. Эмненин негизинде? БШКнын версиясы боюнча добуш берген шайлоочулардын саны, байкоочунун көчүрмөсүндөгү санга караганда көбүрөк, ал эми керектен чыккан (шайлоо күнү колдонулбаган) бюллетендердин саны тескеринче аз.

Эгерде коммисия шайлоо участкасы жабылгандан кийин байкоочулардын көз алдында колдонулбаган бюллетендерди санап, бурчун кайчы менен кесип, керектен чыгарышы керек болсо, бул кандайча болушу мүмкүн? Жарактан чыгарылгандан кийин бюллетендерди колдонууга тыюу салынган.

Дагы бир маанилүү жагдай:

айрым участкалар боюнча БШК протоколордун көчүрмөсүнүн бир нускасын жарыялап, андан кийин аны башка сандарды камтыган протоколго алмаштырган.

Биз «Клоопто» БШКнын сайтындагы бардык маалыматтарды автоматтык түрдө scraping орнотконбуз, ошондуктан бизде эки көчүрмө тең бар. Булардын кайсынысына ишенүү керек?

Протоколдордо дагы эмнелер өзгөргөн?

2021-жылдын 7-декабрына карата «Клооптун» командасы 320 протоколду талдап чыкты, алардын ичинен 142си оңдолуп, кайра жазылган. Дагы 150 участка боюнча БШК маалыматтарды жарыялай элек.

Эң аз дегенде 27 участкадан алынган протоколдо керектен чыккан бюллетендердин саны өзгөртүлгөн. Бул УШК мүчөлөрү бюллетендерди керектен чыгарууга шалаакы мамиле кылып, аларды байкоочулардын көзүнчө эрежеге ылайык санаган эмес дегенди билдирет. Же санашкан, бирок кийин сандарды атайын өзгөртүп коюшкан. Дагы 17 участкада биздин байкоочуларга проктоколдун көчүрмөсүнө керектен чыгарылган бюллетендердин санын жазбастан беришкен.

Он участкада шайлоо күнү комиссиянын колуна тапшырылган бюллетендердин саны өзгөрүп кеткен. Муну да сыйкыр деп атоодон башка сөз айтуу мүмкүн эмес, анткени шайлоо күнү бардык бланкалар байкоочулардын көзүнчө дыкат саналат. Кандайча ашыкча болуп калды?

Он эки участкада тизмеге кирген шайлоочулардын саны өзгөргөн. Бул дагы таң калычтуу, анткени добуш берүүчүлөрдүн реестри алдын ала даярдалат жана комиссия алардын санын так билет.

23 участканын комиссия мүчөлөрү бюллетендерди колуна алган шайлоочулардын санын өзгөртүшкөн. Негизинен бул графа боюнча дал келбестиктер көп деле эмес, бирок кээ бир участкаларда добуш бергендердин санына ондогон, ал тургай жүздөгөн кишилер кошулуп калган. Октябрь шайлоо округундагы №1109 шайлоо участкасында болсо тескерисинче добуш бергендердин саны 96га аз болуп калган.

Негизинен протоколдордо жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны өзгөргөн — мындай өзгөртүүлөр жүздөн ашык участкаларда катталды.

Шайлоо участкаларындагы байкоочуларга берилген протоколдордун көчүрмөсүнүн сапатын дагы өзгөчө белгилеп өткүбүз келет. 34 участкада «Клооптун» байкоочуларына айрым графалары толтурулбаган документтерди беришке. Дагы 26 протоколдун көчүрмөсүндө «Ата-Журт Кыргызстандын» жыйынтыгы жазылган графа же «Баарына каршы» пункту кесилип калган.

Мындай протоколдорду комиссия мүчөлөрү эмне кылышы керек эле?

Эске салсак, мыйзам боюнча протокол туура эмес толтурулса оңдоого болот, бирок ар бир оңдоого акт түзүлүшү керек. Бирок БШКнын сайтындагы коомчулук үчүн жарыяланган маалыматтардын арасында акты жокко эсе — кыязы акт түзүлгөн эмес, же жарыялоону унутуп коюшкан.

Биз Ленин, Октябрь райондук шайлоо округдарынын 6-7-декабрда өткөн жыйынында акты түзүү боюнча суроо бердик. Тыныгуудан кийин бизге бир нече документ беришти — жазылган күнү жана толтурулган убактысы жазылган эмес.

Протоколдгу каталарды оңдоого байкоочулар гана эмес, УШКнын мүчөлөрү дагы катышышы керек. Кыргызстанда биздин байкоочулар аныктагандай, протоколдорду оңдоо эле эмес, алардын алдына жасалма кол коюу дагы колдонулат.