Шайлоодо байкоочуларга кол санактын протоколдорунун көчүрмөсү берилген жок

Участкалык шайлоо комиссиялары жол берген мыйзам бузуулардын оорчундуусу — байкоочуларга добуш берүүнүн жыйынтыктоочу протоколдорунун көчүрмөсүн бербей койгону болду. УШК мүчөлөрү ар түрдүү шылтоолорду ойлоп табышты.

Айрымдары чай ичип алалы деп убакытты созуп жатты. Кээ биринин протоколдун көчүрмөсүн берерде кагазы түгөнүп калды, дагы бирөөлөрү себебин түшүндүрбөй эле берүүдөн баш тартты.

Биздин байкоочулардын айтымында, Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылындагы №3214 участкасында УШК мүчөлөрү протоколдун көчүрмөсүн берүүнүн ордуна, чай ичкени кетип калышкан.

«Түнкү саат 00:09 болду. УШКнын төрайымы протоколду көрсөткүсү келбей, атайылап убакытты чоюп жатат окшойт», — деп билдирди биздин байкоочу.

УШКларда кагаз же ксерокөчүрмө үчүн боёк түгөнүп калган учурлар абдан көп болду. Ушундай шылтоо менен комиссия мүчөлөрү протоколдун көчүрмөсүн берүүдөн баш тартышты. Мындай учурлар: Чүй облусундагы №7401, №7161, №7132 жана №7190 УШКда, ошондой эле Бишкектеги №1333 УШКда катталды.

Айрым участкаларда УШКнын мүчөлөрү ксерокөчүрмө аппараты жок болгондуктан протоколдун көчүрмөсүн бере албасын айткан. Мындай учурлар Оштогу №5290 жана Ысык-Көлдөгү №3120 участкаларында болгон.

Ысык-Көлдөгү №3214 участкасынын УШК мүчөлөрү биздин байкоочуларга протоколдордун көчүрмөсүн эртең беребиз деп билдиришкен. Алар жыйынтыктоочу протоколдо ката кетип калганын, бүгүн аларды караганга жетишпей каларын айтышкан.

Талас шаарындагы №6109 участкасында АСУдагы мүчүлүштүктөн улам байкоочуларга протколдун көчүрмөсүн беришкен эмес.

«Азыр түнкү саат 3 болуп калды. Дагы деле участкада отурабыз, эмне кылышты билбей жатабыз», — деп билдирген байкоочу.

Биздин байкоочуларга Баткен облусундагы Бужум айылындагы №8076 учаскасынан, Бишкек шаарындагы №1123 жана №1153 участкаларынан, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы №3044 участкасынан протоколдун көчүрмөсү берилген эмес.

Добуш берүү аяктап, түн киргенде «Клооптун»* байкоочулары УШК мүчөлөрү протоколдун көчүрмөсүн ар кандай шылтоо менен бербей жатканын жапырт кабарлай башташты.

Шайлоодо добуштар эки жолу саналат: алгач автоматташтырылган эсептөөчү үкөктөр аркылуу, андан кийин колго. Мыйзамга ылайык, кол санактын жыйынтыгы расмий болуп эсептелет.

Добуштарды саноодо бурмалоо болбошу үчүн байкоочулар протоколдордун түп нускасын жана өзгөртүү киргизилгендерин сактап алышы керек. Анткени мыйзам боюнча, шайлоонун жыйынтыгы кол санактан кийин гана аныкталат.

Шайлоо күнү БШКнын сайтында мүчүлүштүк кетти — анда маалыматтар жаңылыш көрсөтүлүп жатты. Мындан улам бир канча партиялар шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санады.

Ошондуктан кол санактын жүрүшү ачык айкын болуусу өтө маанилүү. Бирок иш жүзүндө, шайлоо комиссияларынын добуштарды кол менен саноосу боюнча талаштуу суроолор арбын.

*«Клооп Медиа» фонду шайлоону мониторинг кылуу үчүн юридикалык аккредитация ала алган эмес — акаредитациялоо өтүнүчү четке каыглганы тууралуу катка БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеевич кол койгон. Ошондуктан аккредитацияны биздин фонддун экинчи юридикалык жагы алды — «Коомар Медиа». Бирок окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн биз бардык жерге «Клооп» деп жазабыз.