БШКнын сайтындагы үзгүлтүк: 101 участокто добуштар кайра саналат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13 шайлоо округундагы кээ бир участкаларда добуштарды кайрадан колго санайт.

Алардын ичинен 5и Ош облусунда, 3 — Жалал-Абад облусунда, 2 —Талас облусунда жана бирден — Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында. Жалпысынан добуштар 101 участокто кайрадан саналат.

Кайрадан кол санак эки күндүк убакытты алат — 10-11-декабрь. Кайра санакка партиялардын, анын ичинде ЖМКлардын өкүлдөрү менен байкоочулдары катыша алат.

БШКнын маалыматына ылайык, 8 партия 600 участок боюнча добуштарды кайрадан кол менен саноого арыз тапшырган. Бирок 7-декабрда, Боршойкомдун сайтына кол санактын 100% протоколу жарыялангандан кийин «Ишеним» жана «Ата Журт» партиялары участкалардан арыздарын чакыртып алышкан. «Ынтымак», «Альянс» жана «Эл үмүтү» саясий бирикмелери да көптөгөн шайлоо участкалары боюнча арыздарын чакыртып алышкан.

БШКдан кошумчалашкандай, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы дагы 200дөн ашык шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо боюнча арызын чакыртып алган. Учурда ал комиссия менен бирге алты участоктогу добуштарды кайра саноо маселесин тактап жатат.

«“Ата Мекен” жана “Социал-демократтар” партияларынын билдирүүлөрү каралууда», — деп билдиришти Боршайкомдон.

Партиялар эмне үчүн добуштарды кол менен саноону талап кылып жатышат?

28-ноябрда добуш берүү аяктагандан кийин, 80%дан ашык автоматташтырылган үкөктөрдүн жыйынтыгы сайтка чыкканда Боршайкомдун сайтындагы база убактылуу иштебей калган.

Ага чейин БШКнын сайтындагы маалыматтарда кандайдыр мүчүлүштүк бар экени түшүнүктүү болгон. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан.

БШК бир аз убакытка маалыматтарды өчүрүп, кийинчерек, комиссиянын кызматеркерлеринин айтымында, катаны оңдошкон. Андан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар өзгөргөн. Кийин бир катар партиялар БШКга ишенбей турганын айтып чыгышкан. Алардын айтымында, кеп сайттагы эле формулада болгондо пайыздар өзгөрүп кеткенин түшүнүшмөк, а бирок добуштардын саны дагы өзгөрүп кеткен. Алар БШКнын сайтындагы мүчүлүштүктөн кийин кол санактын жыйынтыгынан да күмөн санап калган.

Сайттагы үзгүлтүктөн кийин бийлик жана БШК маалыматтарды дал келбей жатканы боюнча бир нече жолу түшүндүрмө беришкен. Боршайкомдун маалыматы боюнча, таблицадагы туура эмес формула партиялардын да, жеке талапкерлер үчүн берилген добуштарды да көп кылып көрсөткөн.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сайттагы катачылык шайлоонун жыйынтыктары жарыяланган маалыматтардын көрүнүүсүнө эле таасир эткенин айткан. Ал алгачкы маалыматтар серверде сакталарын, аларды өзгөртүү мүмкүн эместигин баса белгилеген.

Добуш берүүнүн жыйынтыгындагы талаштуу жагдайдан улам АСУнун жана кол санактын маалыматтарынын аныктыгын текшерүү боюнча көз карандысыз топ түзүлгөн. Аталган топ өз ишин баштады.

7-декабрда БШК өзүнүн порталында кол санактын 100% жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, алдын ала парламентке төмөнкү партиялар өтүүдө, алар: «Ата-Журт Кыргызстан» (17,3%), «Ишеним» (13,63%), «Ынтымак» (10,99%), «Альянс» (8,34%), «Бүтүн Кыргызстан» (7,04%) жана «Ыйман Нуру» (6,15%).

Алар алган добуштарына карата 54 мандатты бөлүшүшөт. Калган 36 мандат бир мандаттуу округдардын талапкерлери арасында бөлүштүрүлөт.