Боршайкомдун сайтында мүчүлүштүк орун алып, алгачкы маалыматтар өзгөрүп кетти

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участоктору жабылары менен парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынттыктарын чыгара баштады. Сайтта автоматтык урнадагы маалыматтардын 80 пайызы эсептелип бүткөндөн кийин система мүчүлүштүк кетип иштебей калды.

Ага чейин БШКнын сайтындагы маалыматтарда кандайдыр мүчүлүштүк бар экени түшүнүктүү болгон. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан.

БШК айрым убакытка маалыматтарды өчүрүп, жаңыларын жарыялады, бирок азыр да система туура болбой жатат. Мисалы, бир мандаттуу округдар боюнча добуш бергендердин саны БШК көрсөткөн добуш бергендердин санынан 2000 адамга айырмаланат.

Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча комментарий бере элек.