«МедиХабдын» вакцина тууралуу иликтөөсүнөн кийин сегиз медик кызматынан алынды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцина алганы тууралуу жасалма сертификат берүү иши боюнча бир башкы дарыгер, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун бир катар жетекчилери жана бир медайым кызматынан алынганын билдирди.

«Бир медайым жеринде кармалды. Дагы бирөө жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат чыккандан кийин Түркияга учуп кеткен. Баары күнөөсүн мойнуна алды», — деп билдирди министр.

Ведомствонун маалыматына караганда, Бишкектеги №2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы врачы жана №19, 20 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчылары, №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №8, 10, 11 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчылары кызматтан алынды.

Андан тышкары №19 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы жумуштан бошотулду. Ал эми Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору өз каалоосу менен иштен кетти.

Алымкадыр Бейшеналиев ушул сыяктуу фактылар аныктала турган болсо биринчи кезекте жетекчилер кызматтан алынарын кошумчалады.

«Жакында башкы дарыгерлер менен онлайн жыйын болот. Эгерде эмдөөдөн өтпөгөн адамга справка берилсе, анда мен биринчи кезекте башкы дарыгерди, анын орун басарларын кызматтан алам. Ал эми күбөлүктөрдү ким берген болсо соттолот», — деди министр.

Ал эми журналисттик иликтөөнүн автору Мээрим Сырдыбаева №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси менен медайымы жазаланбай жатканына нааразы болду.

«"Крышалары" чоң окшойт. Факты менен көрсөтүп жатсак да чара көрө албай жатышат! Болбосо дал ушул медборбордо вакцина ыргытылып жатканын далилдеп бергенбиз», — деп жазды Фейсбук барагына журналист.

Эмне болгон иликтөө?

Буга чейин «МедиаХаб» жана иликтөөчү журналист Мээрим Сырдыбаева «Өлүм менен өлүмдөн акча жасагандар» аталышындагы иликтөө жарыялаган. Анда журналисттер борбор калаанын Жал жана Кызыл-Аскер кичи районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, «эмделди» деген маалымкатты 1000 сомго сатып алышкан.

Кызыгы, «МедиаХабдын» чыгармачыл тобуна вакцина алды деген жасалма сертификатты жасатуу өтө деле кыйынчылык жараткан эмес жана алардын аты-жөнү эмделген жарандардын жалпы базасына киргизилген.

Журналисттик иликтөөдөн алынган скриншот. 

Журналисттик иликтөө жарыялангандан кийин 7-декабрда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы жапырт эмдөө кампаниясына жооптуу адистердин катышуусунда чукул жыйын өткөргөн.

Анда кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлүп, күнөөлүү кызматкерлерге дисциплинардык, ээлеген кызматынан бошотууга чейинки жаза колдонуу сунушталган.

Кыргызстандагы эмдөө 

Кыргызстандыктарды эмдөө кампаниясы 29-мартта старт алган. Бийлик COVID-19га каршы эмдөө боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 млн элди эмдөөдөн өткөрүүнү каалайт. Мындан тышкары, саламаттык сактоо министрлиги вакцина алган жарандарга ревакцинация (кайталап эмдөө — ред.) да жеткиликтүү экенин билдирген.

Кыргызстанда учурда Кытайдын «Синофарм», Орусиянын «Спутник-В», америка-германиялык Pfizer жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары жеткиликтүү. Ошондой эле, мамлекет гумжардам катары казахстандын QazVac жана кытайдын Sinovac вакциналарын алган.

25-ноябрда өлкөгө коронавируска каршы Американын Moderna вакцинасы алып келинген

«Клооптун» эсептөөлөрү боюнча, 2021-жылдын ноябрь айына карата пандемия башталгандан бери Кыргызстанга 1 373 100 доза вакцина гуманитардык жардам катары келген. Ал эми 2 245 000 дозаны өлкө өзү сатып алган. Бирок вакцина сатып алууга кеткен каражаттын суммасын аныктоого мүмкүн болгон жок.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 23-ноябрдагы маалымат жыйынында, 2021-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө кыргыз бийлиги 3 млрд сом сарптаганын билдирген. Бирок президент бул каражат кайдан алынганын ачыктаган эмес.

Өлкө аймагына келген вакциналар боюнча маалыматты бул жерден көрүүгө болот.

Тема боюнча: «МедиаХаб»: Жасалма сертификат же вакцинаны таштандыга ыргыткан медиктер