2019-2020-жылга карата декларацияны 15 миңден ашык мамкызматкер тапшырбаганы айтылды

Мамлекеттик салык кызматы 15 миңден ашык мамлекеттик кызматкер 2019-2020-жылга карата салык декларацияны тапшырбаганын маалымдады.

МСК. Сүрөт: өкмөттүн басма сөз кызматы

Ведомствонун басма сөз кызматы 2019-жылга карата алардын 9 миңи, ал эми 2020-жылга карата 6 миңи отчёт бербегенин айтты.

Мындан тышкары, 1,5 миң мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы 1-апрелден кийин тапшырылган. Мыйзам боюнча, бирдиктүү салык декларациясын бардыгы 1-апрелге чейин тапшырышы керек.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, 13-декабрга чейин 2020-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден жалпы 58,4 миң декларация келип түшкөн. Ал эми 2019-жылга карата —54,3 миң.

«Бүгүнкү күнгө карата салык органдары тарабынан эки жылга карата 103,7 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин декларациясы текшерилип, талдоо жүргүзүлдү», — деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.

Декабрдын башында салык кызматы чиновниктердин, депутаттардын жана саясатчылардын кирешелери жана чыгашалары боюнча маалыматтарды жарыялап баштаган.