Бишкек мэриясы башкы балатыны шөкөттөө үчүн дээрлик 6 млн сом коротот

Бишкек мэриясы 13-декабрда борбордук Ала-Тоо аянтын Жаңы жылга карата кооздо үчүн 5 млн 687 миң сомго жарыялаган тендер боюнча түшүндүрмө берүүнү чечти. Мэриянын маалыматына ылайык, тендерди «Бишкек жарык» ишканасы жарыялаган.

Мэриянын тактоосуна ылайык, бул суммага 25 метрлик жаңы жылдык балатыны кооздоо жана Ала-Тоо аянтынын жалпы жасалгасынын чыгымдары кирет. Мэриядан кошумчалашкандай, коммуналдык кызматтар балатыдан сырткары имараттардын арка фасаддарын шөкөттөп, декоративдүү сейилдөө аллеяларын жасашат.

«Ошол эле кезде мурдагы жылы сатып алынган декоративдүү материалдардын калдыктарын гана колдонуу маселе жаратат», — деп белгилешти мэриядан.

Ал эми бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы ачык-айкындуулукка шек жаралбашы үчүн мэрия активисттерди жаңы жылды майрамдоого даярдыктарды көрүү боюнча шаардык штабдын жыйынына катышууга чакырды.

6-декабрда шардык мэрия Жаңы жылга карата майрамдык салюттан баш тартканын кабарлаган. Мындай чечим Бишкектеги ыштан улам кабыл алынган.

Муниципалитеттен майрам үчүн сарпталат деп пландалган 800 миңге чукул акча «башка маанилүү максаттарга» жумшаларын кошумчалашкан. Бирок мэрия кайсы иштерге экенин айткан эмес.

Тема боюнча:

Бишкек мэриясы Жаңы жылга карата майрамдык салюттан баш тартты