CIVICUS: Кыргызстанда жаңы президенттин тушунда авторитардык башкаруу күчөдү

Жарандык коомдун глобалдык CIVICUS альянсы дүйнөдөгү жарандык коомдордун абалы тууралуу 2021-жылга карата баяндамасын жарыялады.

Баяндаманын бир бөлүгү Европа жана Борбор Азиядагы өлкөлөргө арналган. Документте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү жарандык коом үчүн ансыз да чектелүү мейкиндикти куугунтуктоо, журналисттер менен укук коргоочуларды коркутуп-үркүтүү тактикасы аркылуу ого бетер чектөө кылганды улантып жатканы айтылат.

«Кыргызстандын жаңы президентинин тушунда авторитардык башкаруу күчөдү», — деп белгиледи глобалдык альяс.

АРТ: Татьяна Зеленская

CIVICUS’тун маалыматына ылайык, Борбор Азияда бийликти сындагандар куугунттукка кабылган. Бийлик уюшкан онлайн чабуулдарды, анонимдүү коркутууларды, байкоолорду, камакка алууларды, куугунттуктоолорду жана саясий негиздеги айыптоолор менен камоолорду колдонгон.

Жарандык коомдун активисттери, көз карандысыз журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар, юристтер, тынчтык демонстранттары жана башка бийликти сындагандар куугунтукка кабылган.

Ошондой эле CIVICUS Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийлиги веб-сайттарды негизсиз бөгөттөө аркылуу маалымат алмашуу жана жайылтууну көп жолу чектешкенин белгиледи.

«Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Казакстанда жана Кыргызстанда кабыл алынган жаңы мыйзамдар, өтө маанилүү онлайн-контентти цензурага алууга багытталган кошумча чектөөлөрдү киргизет», — деп билдирет глобалдык альян.

Мындан сырткары, CIVICUS’тун баяндамасында Кыргызстанда чектөөгө байланыштуу эки мыйзам тез арада кабыл алынганы айтылат.

Биринчиси — бул «чиновниктерди сын пикирден коргоо үчүн цензура инструменти» деп аталган фейк маалыматка каршы мыйзам.

Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы.

Экинчиси — коммерциялык эмес уюмдардын финансылык отчётунун жаңы схемасын киргизген мыйзам, ал бейөкмөт уюмдардын мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүшүн күчөтүүгө алып келиши мүмкүн.

CIVICUS — бул эл аралык коммерциялык эмес уюм, миссиясы — дүйнө жүзүндө жарандык коомдуу жана жарандык активдүүлүктү бекемдөө.

Уюм 1993-жылы негизделген. Штаб-квартирасы Түштүк Африкадагы Йоханнесбург шаарында жайгашкан, ошондой эле Женевада жана Нью-Йоркто дагы кеңселери бар. CIVICUS’тун 175 өлкөдө 8500 ашык мүчөсү бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Анын өлүмү кара так бойдон калат». Human Rights Watch Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөгө чакырды