«Анын өлүмү кара так бойдон калат». Human Rights Watch Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөгө чакырды

Азимжан Аскаров

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанды укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча кылдат жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Ал камакта отурганда 2020-жылыдын 25-июлунда эки тараптуу пневмониядан пайда болгон курч дем жетишсиздигинен көз жумган. Ал эми Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы (МЖАК) укук коргоочунун өлүмүнүн жагдайларын иликтөөнү токтоткон.

HRW эмнени талап кылып жатат?

Уюм, сотко чейинки өндүрүшкө ылайык, Аскаровдун өлүмүнө COVID-19 оорусунан улам өнөкөт ооруларынын күчөп кетиши себеп болгонун жана колонияда аны менен орой мамиледе болгон фактылар аныкталбагандыгын эске салды.

Бирок укук коргоочулар тергөөнү ЖАМК жүргүзгөндүгү үчүн, анын натыйжалуулугу суроолорду жаратып жатканын белгилешти. Анткени ушул эле ведомство абакта кармоо жана дарылоо шарттары үчүн жооптуу.

«Коронавирус козгогон оорулар Аскаровдун көз жумгандыгына таасир эткен болушу мүмкүн, бирок анын өлүмүнүнө 10 жыл бою түрмөдө адилетсиз отурушу себеп болгон. Ошондой эле бийлик тарабынан системалуу шалаакылык кетирилип, медициналык жардам көрсөтүлбөгөнү жагдайды оорлоштурган. Бийлик анын өлүмүнүн бардык жагдайлары боюнча натыйжалуу, тактап айтканда, көз карандысыз тергөө жүргүзүүгө жана чечимдери менен иш-аракеттери ушундай трагедиялуу жыйынтыкка алып келген адамдарды жоопко тартууга милдеттүү”, — деди HRWнин Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Уюм алардын карамагында ЖАМК тарабынан 10 айдан ашык жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн чечиминин көчүрмөсү бар экендигин кошумчалады — тергөө 2021-жылдын 21-майында токтотулган.

«Документте ошол мезгилдеги Кыргызстандагы эпидемиологиялык оор кырдаал эске алынып жана 2020-жылы коронавирус пневмониясынын учурларынын кескин өсүшүнөн Аскаровдун өлүмүндө кылмыштын курамы жоктугу, ошол себептен жоопко тартылуучулар жок экендиги айтылган. Анын негизинде ЖАМКтын тергөөчүсү ишти жапкан», — деп айтылат HRWнин билдирүүсүндө.

Уюм «Бир Дүйнө» укук коргоо уюму ЖАМКтын бул чечимин Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна даттангандыгын билдирди. Бирок сот 1-июлда арызды берүүнүн мөөнөттөрү өтүп кеткенин айтып, аны канааттандыруудан баш тартты.

«“Бир Дүйнө” алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө арыз беришкендигин жана чечим чыгарган судьянын иш-аракеттерине байланыштуу тартип комиссиясына кайрылып, чечимдин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна даттанууга ниеттенип жаткандарын айтышкан», — HRW билдирди.

Укук коргоочулар Кыргызстан «Аскаровдун өлүмү боюнча натыйжалуу көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жана ага тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу боюнча милдеттенмесин дароо аткарышы керек» деп эсептешет. Мындан тышкары, уюм өлкөнүн өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылдагы чечимин аткарып, Аскаровдун үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берип, аны реабилитациялоо керек деп баса белгиледи.

HRW Бишкектин эл аралык өнөктөштөрү, анын ичинде Европа Биримдиги жана АКШ бул милдеттенмелерди аткарууну талап кылышы керек деп белгилейт.

«Аскаров башынан эле темир тор артында отурбашы керек эле, жана анын өлүмү жасалган адилетсиздик жоюлмайынча, Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы беделинде кара так бойдон кала берет. Бишкек бул маселе боюнча өз милдеттенмелерин аткармайынча, эл аралык коомчулук Кыргызстанды көңүл чордонунан чыгарбашы керек», — деди HRWнин Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү.

Аскаров деген ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда 47-колониянын ооруканасында 69 жашында кайтыш болду. Ал жакка укук коргоочу медкароодон өтүү үчүн которулган болчу. Анын адвокаты Валерьян Вахитов жана укук коргоо уюмдары бир нече жолу Аскаровдун саламаттыгы солгундап кеткенин кабарлашкан болчу. Ал эми ЖАМКнын маалыматы боюнча, бейтапканага жатуудан Аскаров өзү баш тарткан.

Азимжан Аскаровдун иши боюнча бир катар карама-каршылыктар байкалган — укук коргоочу негизинен милициянын көрсөтмөсүнүн негизинде гана соттолгон. Мындан тышкары, БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров кыйноого алынгандыгын жана укук коргоочуга каршы сот иши адилетсиз болгонун айткан.

Укук коргоочулар Аскаровго карата куугунтуктоо ал милиция тарабынан жасалган кыйноо фактыларын иликтөөгө алгандыгы менен байланыштырган.

2016-жылы БУУнун комитети кыргыз бийлигинен Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, камактан бошотууну талап кылган, бирок ,бийлик аны ишке ашырган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азимжан Аскаровдун өлүмүн калыс иликтөө кажет — БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап жатат. Эмне үчүн бул иш маанилүү?