«Өмүргө карай жолбу же өлүмгөбү?» Жол коопсуздугу тууралуу тасма

Жол кырсыгынан каза тапкан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиева жол коопсуздугуна арналган тасма тартты.

Ал жолдошунун наамына коррупцияга каршы күрөшүү жана жол коопсуздугун жакшыртуунун үстүндө иш алып барган Pro Lex фондун негиздеген. «Өмүргө карай жолбу же өлүмгөбү?» тасмасынын анонсу фонд тарабынан жарыяланды.

Видео: Фонд Pro Lex

«Дүйнө жүзү боюнча жол кырсыктары адам өмүрүнө жана жашоосуна чоң коркунуч алып келет. Жол-транспорт кырсыктарынын зыяны башка — учак, кеме, поезддеги кырсыктарды кошкондогу зыяндан да ашып түшөт», — деп билгилешти уюмдан.

Сүйүналиева Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү күнү — бул маркумдар жөнүндө эле эмес, жаракаты бүткүл өмүрүнө таасир эткен адамдар тууралуу дагы деп белгиледи.

Тасмада ал жолдор, жол чырактары жана мас абалында унаа айдоо темаларына токтолгон. Сүйүналиева шаардагы жолдор жана жол чырактар жөө жүргөндөр жолду чуркап өтпөй тургандай иштеши керектигин белгиледи.

Жумакадыров, анын айдоочусу жана жардамчысы 2017-жылдын 7-октябрында Бишкек — Кара-Балта жолунда каза тапкан. Жумакадыровдун унаасы, күбөлөрдун айтымында, каршы тилкеге чыга калган оор жүк унаасы менен кагышкан.

Вице-премьер анда 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого карата шайлоо участоктордун даярдыгын текшерүү үчүн Талас облусун көздөй бараткан. Шайлоого чейин Жумакадыров жол кырсыктары көбөйүп кеткендиктен жол коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу болгон.

Сот оор жүк унаанын айдоочусун Жумакадыровдун өлүмүнө байланыштуу күнөлүү деп таап, 10 жылга жатак абагына кескен.