Сурөт: Назерке Турсынхан

FHI 360 ишке ашырган USAIDдин«Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагындагы өнөктөш материал

Ар бирибиз жашоодо жок дегенде бир жолу абьюз менен кездешкенбиз, ага кабылганбыз же өзүбүз башкаларга көрсөткөнбүз. Абьюз же абьюзивдик мамиле — бул өнөктөштөрдүн/жубайлардын бири экинчисине такай зомбулук көрсөтүүсүт жана ар бир баскан кадамын көзөмөлдөп туруусу.

Мындай мамиле көбүнчө теңсиздик менен мүнөздөлүп,адатта өнөктөштөрдүн бири үстөмдүк кылат. Абьюзду чыр-чатак менен алмаштырбаш керек — кандай мамиле болбосун, кээде чыр-чатактар болот, бул кадыресе көрүнүш. Абьюз болсо такай кайталанат жана анда алсыз жана күчтүү тарап болот.

Албетте, абьюздук мамиле өнөктөштөр арасында гана болбойт. Бул көрүнүш ата-эне менен баланын, достордун, ал тургай кесиптештердин арасында дагы болушу мүмкүн. Биз психотерапевт Мария Самсонова менен абьюз деген эмне, аны кантип аныктоого болот жана эгер өзүңүз абьюзер экениңизди байкасаңыз эмне кылуу керек деген суроолордун айланасында маектештик.

Абьюз деген эмне жана анын белгилери кандай?

Абьюздук мамиледе бир адам экинчисинин каалоосун чектеп, эркин сындыруу үчүн зомбулукка барат. Кээде адам абьюзер экенин өзү да түшүнүп байкабайт. Анан калса, адам абьюзер менен канчалык көп убакыт мамиледе болсо, сырткы кийлигишүүсүз арылуу да ошончолук кыйын. Демек, өзүңдөгү же башка адамдагы абьюзердин белгилерин болушунча эрте аныктап чыгуу чоң мааниге ээ.

Абьюз же зомбулук ар түрдүү жолдор менен көрүнүшү мүмкүн — бирөө ашыкча көзөмөлдөө максатында чаап жибериши мүмкүн, дагы бири адамды кемсинтип, чөнтөгүндөгү акчасын тартып алат. Абьюздун кайсы түрүнө кездешкениңизди түшүнүү үчүн анын түрлөрүн билип алыңыз:

Физикалык абьюз же денеге залал келтирүү адам физикалык жактан жабыркайт. Бул ур-токмок, апчып-чымчып алуу, түртүп кетүү, чаап жиберүү, колуна тийген буюмдарды ыргытуу сыяктуу физикалык жаракат келтирүү болушу мүмкүн.

Сексуалдык абьюз — сексуалдык кол тийбестиктин бузулушу. Мында уят тамаша, сексуалдык катнашка кыйыткан шакабалар, жармашуу, асылуу менен башталып зордуктоого чейин жетиши мүмкүн. Мындай мамиле түгөйлөрдүн ортосунда да болушу ыктымал. Мисалы, эркек аялдынын каалабагандыгына карабастан жыныстык катнашка мажбурлашы.

Психологиялык абьюз — бул адамдын ар намысына шек келтирүү. Буга сындоо, кемсинтүү, шылдыңдоо, коркутуу, мазактоо, манипуляциялоо, башка адамдар менен сүйлөшүүгө тыюу салуу кирет. Мисалы, аялдардын жолдошунун телефонун тынымсыз текшерүүсү же күйөөсү жубайынын курбулары менен жолугушуусуна тыюу салышы.

Экономикалык абьюз — адамга үстөмдүк кылуу үчүн акчадан чектеп же иштетпей коюу. Мисалы, майда-барат тыйындын кайда сарпталганы тууралуу такай отчёт сурап, акчасын тартып алып, сарамжал пайдаланбайсың деп айыптап, ошол эле учурда билим алууга же иштөөгө тыюу салышы.

Материалдык абьюз — адамга материалдык зыян келтирүү. Мисалы, буюмдарын талкалап же жок кылуу. Мисалы, көп учурда ата-энелердин балдарынын оюнчуктарын тартып алышы, өнөктөштөрдүн биринин идиш-аяктарды талкалашы, эшик-терезени сындырышы же манипуляция үчүн уюлдук телефонун талкалашы.

Кандай белгилери бар?

Жогоруда санап өткөн абьюздун ар бир түрү төрт стадиядан турат. Алар бири-бири менен тыгыз байланыштуу.

  1. Чыңалуунун күчөшү — адам зомбулук көрсөтүүгө даярдана баштайт жана мамиледе чыңалуу күчөйт.

Мисал катары Кыргызстанда кеңири жайылган үй-бүлөдөгү зомбулукту алсак болот. Бул стадияда эркек ичкилик ичип мас болуп, үйгө келбей калат же жубайын начар колукту деп күнөөлөй баштайт.

  1. Зомбулуктун келип чыгышы— мында зомбулук ишке ашат. Абьюзер зомбулук көрсөтүү үчүн алдын ала шылтоо табат.

Мисалы, күйөөсү биринчи аялына бир нече жолу кыйкырат, кийин бир шылтоо таап, кол көтөрөт (үй жыйналбайт же тамак даяр эмес деп).

  1. Жарашуу — мында абьюзер болуп өткөн окуяга өкүнгөнүн айтып, кечирим сурайт, ал тургай экинчи кайталанбайт деп убада дагы берет.

Аялына кол көтөргөндүн эртеси күйөөсү кечирим сурап, гүл көтөрүп келет. Кээде бул чын жүрөктөн чыккан мамиледей сезилет.

  1. Бал айы — абьюзер өзүн кайрадан жакшы адам катары көрсөтүп, алдыда боло турчу зомбулуктун белгилери да байкалбайт. Мындайда өнөктөшү абьюзер жакшы жакка өзгөрүп жатканына ишенип калат. Бирок мындай тынчтык абьюзер кайрадан мамилени чыңалууга жеткиргенге чейин гана уланат.

Мисалы, аялына колу тийген эркек балдары менен сейилдеп, сүйүүсүн билдирип, айтор ортодогу чыңалуу кайрадан от алганга чейин өзүн үлгүлүү алып жүрөт.

Ар бир мындай циклден кийин зомбулук күч алып, коркунучтуу боло баштайт — башында адам чыр-чатакты бир-эки уруп же чаап жыйынтыктаса, бара-бара көгала кылып сабай баштайт.

Көп учурда зөөкүр да, башка адамдар дагы зомбулук үчүн күнөөнү жабырлануучуга жүктөп коёт. Мисалы, зордуктоого кабылган кызды кыска көйнөк кийди дешсе, күйөөсүнөн токмок жеген аялды «унчукпай эле койсо болмок», «өзү ошого жеткирди» деп айтышат.

Зомбулук үчүн дайыма зордукчу өзү күнөөлүү.

Абьюздук мамиледе зомбулук бара-бара көнүмүшкө айланып калат — жабырлануучу алсыз экенин, эч кимден жардам болбошун сезип, башкача болушу мүмкүн экенине да ишенбей калат. Бирок, сиз колдон келишинче абьюзерден коргоно аласыз. Кризистик борборлордон башпаанек таап, психолог менен юристтерден жардам алсаңыз болот.

Мен абьюзер окшойм. Эмне кылсам болот?

Абьюзерлер — өзгөчө каардуу, ажаан адамдар эмес. Зомбулук адамдын жаш курагына, билим деңгээлине же байлыгына байланыштуу эмес. Зомбулук сиздин үйүңүздө же кошуна-колоң, тааныш-билиштерде деле болушу мүмкүн.

Адам өзүндөгү абьюзердин сапаттарын аңдабай деле, зыян келтирип алам деп ойлонбой деле, зомбулук көрсөтө бериши мүмкүн. Адамдарда мындай адат ар кандай себептерден улам калыптанган. Мисалы, психологиялык травма — эгер адам бала чагында зомбулукту башынан кечирсе же үй-бүлөдө зомбулукту көрүп чоңойсо.

Андан тышкары, шылкы бош киши башка бирөөгө зомбулук жасоо менен өзүн көрсөтүшү мүмкүн. Андай адамда өзүнүн оюна да келбеген психикалык көйгөй же менталдык туруксуздук болушу мүмкүн. Башкысы, абьюздук жүрүм-турумду өзгөртсө болот, бул кулк-мүнөз түбөлүк сени менен калат деген кеп эмес.

Эгерде зомбулук адатка жана кадимки көрүнүшкө айланса, каалоо күчтүү болсо да өз алдынча токтотуу мүмкүн эмес. Өзүңүздө абьюзердин белгилерин байкасаңыз жардам сурап, адистерге кайрылыңыз.

Психотерапия сизге абьюздук сапаттардан арылууга, адамдар менен дурус мамиле курууга жардам берет. Эгер сиз психотерапевт менен жолугууга даяр эмес болсоңуз, кризистик борбордон коррекциялоочу программадан өтсөңүз болот.

Мен психологго бара албайм. Өзүмдүн абьюздук сапаттарым менен кантип күрөшсөм болот?

Эгер сиз психотерапиядан да, коррекциялык программадан дагы өтүүгө шартыңыз жок болсо, зомбулукту жеңүү оор болот. Ал үчүн бекем эрк жана көйгөйдүн бар экенин моюнга алуу талап кылынат.

Биринчи кезекте, өнөктөшүңүздү укканды үйрөнүшүнүз керек — ал эмнеге нааразы жана мамилеңерде ал эмнеден кыйналат Өзүңүздү сындоого күч коротпоңуз, болгону көрсөткөн зомбулук үчүн жоопкерчиликти алыңыз.

Өзүңүздүн зомбулук аракетиңиз үчүн өнөктөшүңүздү айыптаганды токтотуңуз — ар бир киши өзүнүн кыймыл-аракетине гана жооп берет. Сиздеги абьюзердик сапаттар жакпай жатса, түгөйүңүздү эмес, өзүңүздү оңдоңуз. Жыйынтык туруктуу болсун десеңиз, көпкө чейин иштөөгө туура келет. Ошондо гана абьюздук жүрүм-турумдун себебин аныктай аласыз.

Көнүгүүлөрдү жасаңыз

Сиз өз алдыңызча жасай ала турган түрдүү психологиялык көнүгүүлөр бар. Мисалы, стресс болгон учурда өзүңүзгө төмөнкү суроолорду бериңиз: Мага азыр эмне керек? Мага эмне маанилүү? Азыр эмнени каалап турам?..

Кыжырдануу көп учурда адам чарчаганда пайда болот. Балким сизге эс алуу керек? Демек, сиз өзүңүзгө тиешелүү деңгээлде кам көрбөйсүз, ошол себептен жүрүм-турумуңуз агрессивдүү.

Мисалы, жумуштан чарчап келген апа балдарына кыйкырат, анткени үй оокаттарын да кылышы керек. Демек аялга көп милдет жүктөлгөн, ага үй иштерине кол кабыш кыла турган адам керек. Бирок бул агрессияны актабайт, болгону гана бул абьюздук жүрүм-турумдун себептеринин бири.

Бирок стресс болуп турган адам өзүнө суроо бергенге чамасы да келбейт, анткени кармана албай калат. Эгер кармана албай, ачууңуз кайнап баратканын байкасаңыз, бир нерсе кылардан мурун онго чейин санап, терең-терең дем алууга аракет кылыңыз. Же болбосо эмоционалдык абалыңыз турукташканча башка жакка кетип турсаңыз болот. Тынч олтуруп, диалог жүргүзүүгө даяр эмес болсоңуз, башка иштерге алаксыңыз.

Жүрүм-турумду анализдөө

Адамдын жүрүм-туруму анын бала кезинен калыптанган ой жүгүртүүсүнөбайланыштуу. Сиз зомбулук көрсөтүп жатканда, ойлогон ойлоруңузду байкабай да каласыз. Бирок алар абдан маанилүү, анткени ойлор сезимдерге түздөн-түз таасирин берет.

Жүрүм-турумду анализдөө үчүн ойлорду жана сезимдерди күндөлүккө жазса болот. Ал КОЭР деп аталат — кырдаал, ойлор, эмоциялар, реакция. Күндөлүктүн жардамы менен сизди зомбулукка түрткөн терс ойлорду көрүп, талдай аласыз. Күндөлүк төмөндөгүдөй болот:

Колдон келсе, инциденттен кийин дароо күндөлүктү толтуруп, суроолорго жооп берген туура: Мынчалык агрессивдүү мамиле көрсөтпөш үчүн эмкиде кантип ойлонсом болот? Эгер ушундай окуя кайталанса, канткенде позитивдүү кабыл алсам болот?

Күндөлүктү кол жазма менен толтурсаңыз, эмоцияларды анча терең кабыл албай, ойлоруңузду, жүрүм-турумуңузду сырттан карап бааласаңыз болот. Күндөлүктү узак мөөнөт толтурган учурда, дайыма кайталанган нерселерди байкайсыз.

Мисалы, сиз аялыңызды кызганычтан улам сейилдөөгө чыгарбай жүргөнүңүздү байкайсыз. Андайда өзүңүзгө мыйндай суроо бериңиз: Мен эмне себептен кызганып жатам? Кызганууга негиз барбы? Зомбулуктун түпкү себептери аныкталса, алардын үстүнөн иштөө керек. Бирок жеке анализ психотерапиянын ордун толук кандуу толтура албайт.

Зомбулук — бир адамдын же бир үй-бүлөнүн гана көйгөйү эмес. Албетте, зомбулук үчүн зордукчу өзү күнөөлүү. Бирок бул жерде зомбулукту кадыресе көрүнүш катары кабыл алган коомчулуктун дагы жоопкерчилиги бар. Аны менен катар, зомбулуктан жабыр тарткандарды тиешелүү деңгээлде коргой албаган мамлекет дагы жооптуу.

Мисалы, кыздарды мажбурлап никеге туруу үчүн уурдап кеткен учурларда, укук коргоо органдары жабырлануучунун жакындарын «жакында той болот» деп жооткотуп же үй-бүлөдөгү зомбулукка көз жумуп коюшат. Андан тышкары, зомбулуктун күбөлөрү дагы жооптуу — абьюзер тууралуу көрүп-билип турса да, көнүмүш адат катары кабыл алган кошуналар менен туугандардын да жоопкерчилиги бар.

Зомбулукту болушунча эрте токтотуу керек, анткени ал домино таасириндей - үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө, аны жашырып жүргөн адамдардын баарына залакасы тийет. Зомбулук адамга оор жаракат келтирип, анын кийинки жашоосуна кесепети тийет, же болбосо адам өлтүрүү менен аяктайт.

Материал «Гендердик зомбулукка каршы жигердүү иш-аракеттердин 16 күнү» кампаниясынын алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Материалдын мазмуну үчүн Kloop.Kg жооптуу, жана ал милдеттүү түрдө USAIDдин, АКШ өкмөтүнүн же FHI 360 уюмунун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт

Дагы окуңуз: