«Тергөөчү “сарсанаа болбогула, той жейсиңер” деп айткан». Айзаданын жакындары милицияга нааразы

Сүрөт: Айбек Бийбосунов/«Азаттык»

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындары милициянын ишине нараазы болушууда. Канатбекованын энеси Назгүл Шакенова «Азаттык» үналгысына Биринчи май РИИБисине арыз жазганын, бирок убагында реакция кылып кызды таппаганын билдирди.

«"[Айзада] сиңдиме чалып, "Бакуля эже, мени Ош тарапка алып кетип жаткан. Бирок кайра Кара-Балтага кайтып келип жатабыз" дептир. Андан кийин өзүм сүйлөштүм. "Мама, баары жакшы. Азыр барам" деди. [...] Ошондон кийин телефону өчүп калды. Милицияга, тергөөчү Уларбекке чалдык. [...] Ал "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлдү"», — деди ал.

Маркумдун бүгүн, 8-апрелде, Балыкчы шаарына коюлат. Ал 27 жашта болчу. Жакындарынын айтымында, шектүү Айзаданы буга чейин да ала качууга аракет кылган. Мындан улам маркум андан кутулуу үчүн 16-апрелде Түркияга кетүүгө камынып жаткан.

Айзаданын өлүмү

Кечээ эки күн мурун уурдалган Айзада Канатбекованын сөөгү Аламүдүн районундагы талаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны уурдоого шектелген киши менен кыздын ортосунда чыр чыккан. Анда шектүү Канатбекованы муунтуп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Аламүдүн РИИБге 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаа табылганын, анын ичинде аялдын жана эркектин сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиционерлер барып Honda Civic үлгүсүндөгү унааны жана Канатбекова менен 30 жаштагы кишинин сөөгүн табышкан.

«Жергиликтүү койчу аталган унааны 5-6-апрелде байкаганын айтты, бирок баткакка тыгылып калган деп ойлоп көңүл бурган эмес. 7-апрелде унаага жакын барганда аялдын жана эркектин сөөгүн көрүп дароо милицияга кабар берген», — деп билдиришти Бишкек ШИИБден.

Бул коомчулукта резонанс жаратып, көпчүлүк ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылышууда.

Нараазы болгон жарандык коом Ош жана Бишкек шаарларында Айзаданын урматына зомбулукка каршы митинг өткөрүштү.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Билети колунда болчу». Айзада шектүүдөн кутулуу үчүн Түркияга кетүүгө камынып жаткан

Айзаданын өлүмү. Ош жана Бишкек шаарларында зомбулукка каршы митинг өтөт

Айзада Канатбекованы уурдагандардын бири кармалды, калган экөөнүн өздүгү аныкталды

Бишкек: Никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалган Айзаданын сөөгү табылды

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?