ЖМКлар бозгун президент Аскар Акаев Кыргызстанга келгенин кабарлашты

Аскар Акаев

14-декабрда бир катар ЖМКлар жеке булактарына таянып качкын президент Аскар Акаев менен уулу Илим Бишкекке келгенин жазышты. Маалыматка ылайык, Акаев Москва — Бишкек каттамы менен 14-декабрда саат 4:40та борбор калаага конду.

Акаевдин Кыргызстанга эмне себептен кайтып келгени азырынча белгисиз. Ал эми УКМК баштаган өлкөнүн укук коргоо органдары Акаевдин өлкөгө кайтып келгенин тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

«Азаттык» басылмасы Акаевдин жакындарына таянып, ал тергөөгө көрсөтмө берүү келгенин жазып чыкты. Ал Кыргызстанда беш-алты күн болоору кабарланды.

Бул 2005-жылы «жоогазын революциясынан» кийин өлкөдөн качып кеткен Аскар Акаевдин Кыргызстанга экинчи жолу келиши. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 2-августунда да келген. Анда Акаевди аэропорттон УКМКнын кызматкерлери тосуп алып, «Кумтөр иши боюнча суракка» алып кеткен.

Мурдагы президент сурактан чыккандан кийин Садыр Жапаров менен жолугуп, кичи мекени Чоң-Кеминге барып келүүгө үлгүргөн. Ал эми 8-августта Москвага учуп кеткен, бирок мекенине кайтып келүү ниети бар экенин айткан.

Акаевдин келиши коомчулукта чоң резонанс жараткан. Кээ бир саясатчылар Акаевдин 15 жылдык башкаруусунда кылган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.

Акаев Кумтөр кенинин айланасындагы окуяларга байланыштуу кыргызстандыктардан кечирим сураган. Ошол эле учурда, ал келишимдер боюнча жоопкерчиликти ошол кездеги өкмөткө жүктөгөн.

Биринчи качкын президент

Сүрөт: Акаевдин сайты

Өлкөнү эгемендүүлүк алгандан кийин дал ошол Аскар Акаев жетектей баштаган. Президент болгонго чейин ал илимий иштерди аркалап жүргөн. Президенттиктен кеткенден кийин илимге кайтып барган. Акаев жеке сайтында өзүн мындайча сүрөттөйт: «ири окумуштуу, чыныгы гуманисттик жана демократиялык көз караштын адамы». Ал 2017-жылы кызы Бермет Акаева менен бирге «Кыргызстан үчүн алдыга озуп өнүгүүнүн стратегиясы» аталышындагы китепти жазган.

Акаев 15 жылдык башкаруусунан, байкоочулар тарабынан таза эмес деп таанылган парламенттик шайлоодон кийин 2005-жылы бийлигинен ажырап, үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кеткен. Кийинчерээк, 2019-жылы 2005-жылдын 24-мартында өткөн «Жоогазын революциясы» боюнча үн каткан.

Мурдагы президент каршылык акциясынын катышуучуларынын көбү «криминалдын өкүлдөрү» болгон деп билдирген — бул тууралуу ага кабар беришкен, мындан тышкары «бул көрүнүп турган». Акаев каршылыкка чыккандарга каршы күч колдонууну сунушташканын, бирок ал андай кылуудан баш тартып, курмандыктарга жол бербөө үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айткан.

Акаевдердин кланы

Аскар жана Майрам Акаевдер. Сүрөт: Акаевдин сайты

Кыргызстандын саясатында Аскар Акаевден тышкары балдары Айдар жана Бермет Акаевдер да орун табышкан. Анын жубайы Майрам Акаеванын таасири чоң деп эсептелчү, ал дагы өзүн саясатта сынап көргөн — Акаева 2000-жылы Кыргызстан аялдарынын партиясын жетектеген.

Айдар Акаев 2005-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен, ал эми революциядан кийин экономикалык кылмыштар үчүн соттолгон. Ал Орусиянын борбору Москва шаарынын батышында жайгашкан «Рублёвка» элиталык районунда жашаган. Айдар Акаев 2019-жылы каза болгон.

Бермет Акаева да 2005-жылы парламенттик шайлоодо жеңип, 2007-жылы Бакиевдин тушунда да талапкерлигин коюуга аракет кылган. Аны президенттик «Алга, Кыргызстан!» партиясынын негиздөөчүсү деп атап келишет. Бул партия 2005-жылдагы революциядан кийин саясаттан көрүнбөй калган.

Ал эми Акаевдин кенже балдары Саадат менен Илим Кыргызстандын саясий турмушуна катышууга үлгүрүшкөн эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кумтөр үчүн кечирим сурайм». Аскар Акаев Москвага учуп кетти

Бекешев Акаевдин Кумтөр боюнча кечиримин «жоопкерчиликти маркумга жүктөө» деп атады