«Кумтөр үчүн кечирим сурайм». Аскар Акаев Москвага учуп кетти

Кыргызстандын бозгун президенти Аскар Акаев кыргызстандыктарга кайрылып, Кумтөрдүн айланасындагы окуялардан улам кечирим сурады. Акаев арадан 16 жыл өткөн кийин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө эмне себеп болгонун дагы айтып берди.

«Мен сот, кылмыш жоопкерчилигине тартылып, издөө жарыяланганына карабай “Кумтөр иши” боюнча көрсөтмө берүү үчүн келдим. Кыргызстанга келген биринчи күндөн тартып күнүгө суракка барып, тергөөчүлөргө көрсөтмө берип жаттым. Өтө көп суроо берилди, кылмыш ишине тиркелген көптөгөн документтер менен тааныштым», — деди Акаев.

Мурдагы президенттин айтымында, өлкө башчылыгына келгенден тартып анын алдында улуттук валюта жана каржы системасын орнотуу милдети турган. Акаев аталгандарды киргизүү үчүн Кумтөрдүн алтыны керектелген дейт. Мындан улам бийлик Канаданын «Камеко» корпорациясы менен Кумтөр кенин иштетүүгө келишим түзгөн.

«“Кумтөр” жаралганда долбоорго чоң үмүт артып, канада тарап менен ийгиликтүү, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жетебиз деп ойлогонбуз. Кыргызстан бул долбоордон ири экономикалык пайда көрүүнү көздөгөн. Тилекке каршы, бардыгы эле биз каалагандай болбой калды», — деди Акаев.

Кумтөр кени боюнча келишим түзүлгөндөн баштап кыргыз өкмөтү чет элдик компанияга улуттук кызыкчылыктарга каршы келген жеңилдиктерди берген дейт Акаев. Алар: «Камеко» корпорациясын салыктардан жана табигый ресурстарды колдонуу үчүн төлөмдөрдөн бошотуу жана Кумтөр кенин иштетүүнү толугу менен Канадага өткөрүп берүү.

Мындан улам Кыргызстандын бюджетине дивиденд жана көптөгөн салык төлөмдөрү түшпөй калган. Акаев муну «өкмөттүн жана өзүнүн кылмыштуу катасы» болгонун моюндап, келишимге кол коюлуп жатканда «толугу менен өкмөткө ишенгенин» айтты.

Акаев 2003-жылы Кумтөр долбоорун реструктуризациялоого жол берилгенин «эң чоң катам» деп атады. Ал жаңы келишимге ылайык, Кыргызстан «Центерра» компаниясынын 40%на ээлик кылмак, бирок жыйынтыгында 30-33% үлүшкө ээ болуп калганын айтты.

«Мен “Кумтөр” долбоору боюнча кетирген катачылыктарым, кыргыз элинин үмүтүн актай албаганым үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. Мен тараптан өкмөттүн ишин тыкыр көзөмөлдөө болбогону канадалык инвесторлорго Кумтөр кенин толук көзөмөлгө алууга жана чоң киреше табууга шарт тзгөн. Алар Кыргызстанга арзыбаган дивиденд жана жыл сайын күчөп жаткан экологиялык көйгөйлөрдү калтырышты. Мунун баарын эске алып мен тергөө менен кызматташууну улантам, бирок Кыргыз Республикасынын жараны жана мурдагы президент катары кетирген катачылыктар үчүн күнөөмдү сезип жатам», — деп жыйынтыктады Акаев.

Акаев Кыргызстанга 2-августта келип, УКМКга сурак берип чыккан. Анын тарапташы Бекболот Талгарбеков мурдагы президент 8-августта кайра Москвага учуп кеткенин билдирди.

Атайын кызмат Акаев «Кумтөр» долбоорундагы «Коррупция» боюнча кылмыш жообуна тартылганын билдирген.

Акаев 1991-жылдан тартып 2005-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. Ал 2005-жылы, «жоогазын революциясы» деп аталган төңкөрүштөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин ал Москвада отурукташып, илимий ишмердикке кайткан.