Тажикстанда төрөлгөн орусиялык ырчы Манижа Сангин апасы, ошол эле учурда продюссери Нажиба Сангин менен «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» өнөктүгүнүн алкагында Бишкекке келип кетишти.

Алар «Азаттык» үналгысынын «Эже-сиңдилер» берүүсүнө курган маегинде коомдогу аялдардын орду менен образы, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, мигранттар жана феминизм тууралуу ойлору менен бөлүшкөн.

Манижа зордук-зомбулук тууралуу эмне дейт?

Манижа Сангин.

Ырчы Манижа Сангин дүйнөдө зордук-зомбулук болбошу керек деген пикирде. Ал үчүн адамдар бири-бири менен пикир алышып, жардам бериши керектигин айтат.

«Зордук-зомбулук туура эмес жана болбошу керек. Көбүрөөк сүйүү болушу керек. Ал сүйүүнү кантип таануу жана өрчүтүү керек? Бири-бири менен таанышып, өз көйгөйлөрүбүз тууралуу айтып, жардам беришибиз керек. Андай жардам бере турчу туура мейкиндикти түзүү тажрыйбаны талап кылат», — деди Сангин.

Ырчы апасы менен бирге үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсотүү үчүн SILSILA фондун негиздеген. Учурда алар басымды коомчулуктун аялуу катмары болгон мигранттарга, качкындарга жасап жатканын билдирди.

«Silsila араб тилинен алганда “чынжыр” деген мааниге ээ. Негизги максат — жардамга муктаж адамга кол сунуу. Жардам чынжырчасын түзүү, башкача айтканда, кантип жардам берсе болот? Бир гана кеңеш менен эмес, иш-аракеттердин тизмеги, чынжырчасы менен бардык жамааттарды, алар түзгөн бардык кайрымдуулук уюмдарды бириктирүү керек», — деди ал.

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун кеминде 7,6 миң учуру катталган — көбүнесе зомбулукка аялдар кабылат. Ошондой эле өткөн жылы Кыргызстан Борбор Азияда аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө деп табылган.

Манижа Совет доорунан кийин деле өлкөлөр картада чек арасы чийилгени эле болбосо, көпчүлүгү орусча сүйлөп, бир өлкөдө жашап жаткандай жүрөбүз деп белгиледи. Анын айтымында, адамдар бири-бирин бөлүп кайдыгер болбошу керек.

Үй-бүлөдөгү түшүнүү жана колдоо тууралуу

Манижа Сангин.

Ырчы кээде адам көйгөйүн айтып үй-бүлөсүнө кайрылганда, алар түшүнө бербеши мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, адамдар мындай учурда жардам бере ала турчу адистер, уюмдар бар экенин унутпаш керек.

«Мындай нерсеге да даяр болуш керек. Ошондуктан, сени угуп, жардам бере алган адистери бар уюмдар түзүлөт. Чынында айрым нерселерди үй-бүлөңө айтып берүүдөн коркосуң. Мен деле салттуу тарбия дегенди жакшы түшүнөм. Бир сөз айтсаң аны бүтүндөй аймак угуп калган болот, жада калса башка мааниде жеткирген учурларга күбө болгом», — дейт ырчы.

Манижа идеалдуу үй-бүлө жок экенин, жакындардан алган жаракаттарды адистердин жардамы менен психотерапия аркылуу «айыктырууну» колдой турганын айтты. Ал адам жашоосунда катачылыктарды кетирип албаш үчүн, ичиндеги таарынычтарынан арылышы керек деген пикирде.

«Үй-бүлөлөрдө түшүнүү, колдоо болбогону абдан өкүнүчтүү. Бирок менин ырымда айтылгандай, “Атасы жок чоңоюп, үй-бүлөм талкаланса да, мени эч ким сындыра албайт!” Үй-бүлөсүн досторунун арасынан, жумушунан тапкан көп тааныштарым бар. Жакын туугандарынан эмес, башка адамдардан мээрим тапкандар арбын. Жашоо улана берет, сен да жанаша кете бересиң. [...] Ичиңдеги таарынычтын айынан көптөгөн каталарды кетирип албаш үчүн, ошол ызаларды “айыктырыш” керек. Кызың же уулуң үчүн сен эңсегендей ата же эне болуп бере аласың, сенин андай атаң болбогон күндө дагы», — дейт ал.

Кыргызстанда күн сайын зомбулуктан жапа чеккен жүздөгөн аялдарга жардам көрсөтүүчү 17ге жакын кризистик борборлор иштейт. Мындай борборлордо жардам көрсөтүү, баш калкалоочу жай менен камсыздоо акысыз жүргүзүлөт. Ал эми 2020-жылы кризистик борборлорго 9,9 миң адам кайрылса, алардын көпчүлүгү аялдар. Эгер сизди үй-бүлөңүз түшүнбөй, колдобой жатса, сизге жардам бере ала турчу адистер бар экенин унутпаңыз.

Манижа улуу муундагы үй-бүлөлөр бардыгын ичинде сактап, психотерапевттерге бара алган эмес деген ойдо. Алар «үй-бүлөнү сакташ керек» деген пикирде салттуу коомдо, сүйүү жана бакыт жок чөйрөдө көптөгөн балдарды тарбиялашкан.

«Кичинекей кезибизден эле ата-энени укмуш баатырдай идеалдаштырып алабыз. Алар көйгөйү, депрессиясы, начар маанайы бар кадимки эле адамдар. [...] Балким ажырашып кеткени жакшы болмоктур? Жаңы жашоо баштап, балким үй-бүлөдөгү бактысыз ата-энени көргөнчө, ажырашкан бактылуу адамдарды көрүү балдарга көбүрөөк кубаныч тартууламак», — деп түшүндүргөн ырчы.

Феминизм жана жашоодогу көз караштар тууралуу

Манижа Сангин феминизм адамдын тандоосу жана жашоо образы деген пикирде. Ал ар бир адам кандай болушу керектигин өзү чечет деп эсептейт.

«Сенин тандоо эркиндигиң болушу керек. Чынында артисттер айткан сөздөрү үчүн жоопкерчиликтүү же жоопкерчиликсиз болууга укугу бар. Биз аларды айыптабайбыз, болгону өзүбүз маанилүү деп эсептегендей иш алып барабыз. Башкалар биздин жашообузга кийлигишип, акыл үйрөткөнүн жактырбайбыз го. Биз дагы башкаларга ошондой эле мамиле жасашыбыз керек», — деди ал.

Манижа балким, феминизм тууралуу ачык пикир билдиргиси келбегендер эч кимге жарыялабастан көптөгөн пайдалуу иштерди жасап жүрөт деген пикирде.

«Менин чыгармачылыгым — менин көз карашым, кубанычым жана ызам. Мен ал үчүн жоопкерилик алам. Эгер сен тандоо жасасаң ага кандай жоопкерчилик алышың керектигин жакшы түшүнөсүң», — деди ал.

Борбор Азиянын аялдары тууралуу

Ырчы Манижа Сангин Борбор Азиядагы «аялдар ар түрдүү жана күчтүү» экенин белгилейт. Ал «аялдарга абдан ишенерин» баса белгиледи.

«Орус аял — жан дүйнөнүн абалы. “Евровидение” маалында бул ыр менин ичимдеги орус аялды ойготту. [...] Чынында дүйнө жүзү ар тараптуу, күчтүү, чынчыл, ошол эле кезде алсыз болуу деген эмне экенин түшүнөт. Мунун баары аял жөнүндө. Мен аялдарга абдан ишенем. Алардын касиети, сүйүүгө болгон жөндөмү аларды жашоодогу коркунучтуу абалга туш болгондо куткарып чыгууга жардам берет», — деп билдирди ал.

Аялдардын коомдогу образы тууралуу

Манижа Сангин.

Манижа фильтр же макияж колдонуунун жаман жагы жок экенин билдирди. Ал эң негизгиси «аял макияжсыз же фильтр колдонгон күндө деле өзүн бирдей кабыл алуусу» маанилүү деп эсептейт.

«Бүгүн боёнгуң келбесе, аны моюнга алып, уялбастан ачык айт. Же аябай боёнуп, инъекция сайып, пластикалык хирургия жасаткың келсе, жасат. Болгону табигый келбетим ушундай деп эч кимди алдаба», — деди ал.

Ырчы кандайдыр бир гормондордун бар же жогунан аялдар жакшы же начар көрүнүшү мүмкүн экенин кошумчалады. Ал бул нормалдуу көрүнүш деп белгиледи.

«Соцтармактар, өзгөчө Инстаграм кооз жашоо жөнүндө. Кайгырып турганыбызды чыгарбайбыз да, тескерисинче, башкалардын кооз жашоосун көрүп, ого бетер кайгырабыз. Өзүбуз дагы жашообуздун кооз тарабын көрсөтөбүз. Эгер күн бою өзүбүздү карап көрсөк, бир нече жолу өзгөрөбүз», — дейт ал.

Манижа Сангин 2019-жылдын жазында Dove компаниясынын #ShowUs (Бизди көрсөткүлө) эл аралык менифестине кошулуп, медиада жана жарнамада аял образдарынын ар түрдүүлүгүн көрсөткөн. Долбоордун алкагында дүйнө жүзүндөгү аялдар сулуулукка өз аныктамаларын берген.

Жардам жана боорукердик тууралуу

Ырчы жакшылыкты бирөөнүн ыраазычылыгы үчүн эмес, өзү каалаганы үчүн кылышы керек деп белгилейт. Ал адамдар «жакшы нерсе кылсаң да, жаман нерсе кылсаң да артыңдан айтууга сөз табат» деп эсептейт.

«Жардам берүүгө күч тапкан ар бир адам муну жакшы түшүнөт. Биздин жардамыбыздын натыйжасын көрүү абдан маанилүү, аны көрүп кубануу кадимки көрүнүш. Бирок кээде биз ишибиздин жыйынтыгын көрбөй калабыз. Кээде жөн эле кылып атамбы деген ой келет. Бирок жашоодо баары жөн жерден боло бербейт, баары бир нерсе үчүн берилген болот», — дейт ал.

Аялдар канткенде бактылуу боло алат?

Манижа Сангин.

Ырчы Манижа коомчулук аялдарды биринчи кезекте жөн гана аял катары кабыл аларын белгилеп, ийгиликке жетүү үчүн аял эркектерден калбай иштегенден тышкары, мыкты экенин далилдеп турушу керек деп эсептейт.

«Сени жамаатта биринчи ирет жөн гана аял катары кабыл алышат. Буга туруштук берүү үчүн жумушуңду жакшы көрүшүң керек. Мисалы мен өз ишимди сүйөм. Чарчап-чаалыксам да 24 саат тынбай иштей берем. Ошондуктан мен андан баш тартпайм, ал мага ар дайым эргүү тартуулайт», — деди ал.

Манижа адам бактылуу болуш үчүн алгач, аны бактысыз кылган нерседерди аныктап алышы керектигин белгилейт.

«Жашоого аң сезимдүү мамиле кылуу зарыл. Өмүр чынында абдан кыска, биз аны майда-чүйдө, бизди жок кылган нерселерге коротобуз», — дейт ал.

Ошондой эле Манижа Сангин Кыргызстандагы жарандык активисттердин аялдар менен балдарды коргоо үчүн жасаган иштерин көрүп таң калып, шыктанганын билдирди. Ал Кыргызстанга «кесипкөй адистерден тажрыйба алуу үчүн келгенин» белгилеген.

Манижа Сангин деген ким?

Манижа Сангин «Евровидение» сынагында.

Манижа Сангин — көз карандысыз ырчы. Ал чыгармачылыгы менен коомчулуктагы көйгөйлөрдү көтөрүп, коомдук иштерге да активдүү катышып келет.

Ал 1991-жылы Дүйшөмбү шаарында төрөлгөн, үч жылдан кийин Тажикстандагы жарандык согушка байланыштуу үй-бүлөсү Москвага көчүп кеткен. Ал өз ишинде качкындар жана мигранттар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу кеп козгойт.

Ал өз ыктыяры менен 2020-жылдын декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча агенттигинин Орусиядагы алгачкы элчиси болгон.

Ырчы 2021-жылы «Евровидение» сынагында Орусиянын атынан катышкан. Ал «Орус аялы» (Russian women) ыры менен тогузунчу орунду ээлеген.