Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңди

Оор атлетика боюнча Кыргызcтандын улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Расулбеков 15-декабрдагы турнирге 102 килограм салмак категориясында чыккан. Ал жулкуп көтөрүү боюнча 167 килограмм, ал эми түртүп көтөрүүдө 217 килограмм оордукту көтөрүп, жалпы 384 упайга ээ болду.

5-декабрдан тарта Ташкентте оор атлетика боюнча Дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Мелдеш 17-декабрда аяктайт. Бул эркектер арасындагы 86 жана аялдар арасындагы 29унчу дүйнө чемпионаты.

Оор атлетика боюнча кыргыз курама командасын мелдешке улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов менен башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиев жетектеп барды.

Бакдөөлөт Расулбеков деген ким?

Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков.

Бакдөөлөт Расулбеков 25 жашта. Ал Токтогул районунун Кайрак айылында төрөлгөн. 2011-жылдан бери оор атлетика менен машыгып, эл аралык мелдештерде 94, 96 жана 102 килограмм салмакта өлкө намысын коргоп келет.

2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынын коло медалынын ээси болгон. 2019-жылы Дүйнө чемпионатында ал алдыңкы ондукка кирген.

Ал 2021-жылы февралда Ирандагы жана Өзбекстандагы оор атлетика боюнча турнирлердин жеңүүсүсү болгон. Март айында Кыргызстандын бешинчи жолку чемпиону болуп, атаандаштарынан 80 килограмм оор салмакты көтөргөн.

Спортчу Расулбеков үстүбүздөгү жылы Жапонияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча алтынчы орунду алган. Олимпиада оюндарына катышканы үчүн ага мамлекет 1 млн сом сыйлык берген.