«10 млн сом жана Toyota RAV4». Спортчулар жана машыктыруучуларга кандай сыйлыктар берилди?

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 23-августта Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Биринчилерден болуп Олимпиадада кыздар арасында күрөш боюнча күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова сыйланды — ага экинчи даражадагы «Манас» ордени жана 10 млн сом менен берилди. Ошондой эле Тыныбековага өлкө башчынын атынан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа белекке берилди.

«Күмүш медалымды өлкөбүздүн 30 жылдык маарекесине арнаймын. Буюрса, ден соолук берсе, Парижде боло турган Олимп оюндарына катышамын [...] Олимпиада оюндарында алтын медаль алыш үчүн бүткүл күчүмдү жумшаймын!» — деди Тыныбекова.

Ушундай эле сыйлыктарга грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль багынткан Акжол Махмудов да ээ болду. Спортчуга экинчи даражадагы «Манас» ордени, 10 млн сом жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа берилди.

«Биздин мекенибиз өнүгүп-өссүн, Кудай буюрса келээрки Олимпиадага мындан да жакшы шарттар түзүлсүн. Кудай буюрса, жаштарыбыз да жакшы ийгиликтерди багынтып өсүп келе жатат. Мен ойлоймун, келээрки Олимпиадада биз үчүн тарыхтагы эң биринчи алтын келет. Ошондой эле, ошол Олимпиадага шарттар мындан да сонун болушуна тилектешмин, мекенибиз өнүгүп-өссүн», — деди Махмудов.

Ал эми кыздар арасында күрөш боюнча коло медалдын ээси Мээрим Жуманазаровага 7 млн сом жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа жана үчүнчү даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды.

«Кыргызстандын спорт жаатында дүйнөлүк аренада алдыга жылышына кичине болсо өз салымымды кошуп жатканыма абдан кубанычтамын [...] Кыргыз элиме, күйөөрмандарыма рахмат айткым келет. Кыргыз элимдин ынтымагы, намыскөйлүлүгү, улуулугу бизди талыкпай эмгектенүүгө шыктандырат», — деди Жуманазарова.

Ошондой эле, экинчи даражадагы «Манас» ордени менен кыздар арасында күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорттук коллежинин грек-рим күрөшү бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов сыйданды. Мындан сырткары Изабековго 8 млн 150 миң сом, ал эми Ахметовго 2 млн 500 миң сом берилди.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаевге үчүнчү даражадагы «Манас» ордени жана 3 млн 300 миң сомдук сертификат берилди.

Дагы кимдер сыйланды?

Олимпиадага Олимпиадага катышкан айрым спортчулар жана алардын машыктыруучулары «Даңк» медалына ээ болушту. Ошондой эле президент Жапаров аларды акчалай сыйлады.

  • Кыздар арасында күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев — 4 млн 500 миң сом;
  • Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Улукбек Карачолоков — 2 млн 750 миң сом;
  • Кыздар арасында күрөш боюнча бешинчи орунду алган Айпери Медет кызы — 1 млн сом;
  • Бишкек шаарындагы медициналык-консультациялык кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун дарыгери Бактыгүл Алишева — 1 млн 500 миң сом;
  • Оор атлетика боюнча алтынчы орунду алган Бекдөөлөт Расулбеков — 1 млн сом;
  • Грек-рим күрөшү боюнча жетинчи орун алган Жоламан Шаршенбеков — 1 млн сом;
  • Оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Өмүржан Молдодосов — 500 миң сом;
  • Сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов.

Ал эми калган спортчулар, машыктыруучулар жана уюштуруу комитеттин мүчөлөрүнө ардак грамотасы берилди.

Токио олимпиадасына Кыргызстандан 17 спортчу барган. Алар эки күмүш жана бир коло медал менен мекенге кайтышты. Кыргызстан медалдык эсепте 70чи орунду ээледи. Ал эми Борбор Азияда мамлекеттеринин арасынан Өзбекстандан башка Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнөн алдыга чыкты.