Антисанитария жана шалаакы мамиле. Оштогу «Лотос» балдар үйүндөгү шарттар сынга алынды

Ош шаарындагы «Лотос» балдардын үй-бүлөлүк үйүнүн тарбиялануучулары «жашоого коркунуч жараткан» шарттарда жашайт. Бул тууралуу Кыйноолордун жана башка катаал мамилелердин түрлөрүн алдын алуу улуттук борбору (КАУБ) 20-декабрда кабарлады.

Аталган мекемеде 4 жаштан 16 жашка чейинки 12 жетим бала тарбияланат. Балдарды багуу жана тамактандыруу үчүн каражатты Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бөлүп берет. Окуучуларды тарбиячы жана мекеменин директору көзөмөлдөйт.

16-декабрда КАУБдун Ош шаары жана облусу боюнча өкүлү Улугбек Абдулазимов, координациялык кеңештин мүчөсү Мухаё Абдураупова жана Улан Бакиров «Лотосто» пландуу ар тараптуу текшерүү жүргүзүштү. Эксперттик топ балдардын үй-бүлөлүк үйүндөгү шарттар «санитардык талаптарга жооп бербейт» деген тыянак чыгарды.

«Жарака кеткен дубалдарда илинген электр чубалгылары, тытылган туш кагаздар. Ар кайсыл жерде таштандылар жатып, бардыгы кир. Ашканада бир ай мурда жасалган тамак-аштын калдыгы жерде жатып, жагымсыз жыт турат. Жарака кеткен же кемтиги бар идиштер. Жуунуучу жердеги суу түтүктөрү жарактан чыккан», — деп билдиришти КАУБдан.

Ал эми укук коргоочулар тарбиялануучулардын жуунуу процедуралары тууралуу сураганда, мекемеден «бир бала душта жуунуп жатканда экинчиси жогорудан суу куюуп турат, анан кезектешип жуунушат» деп түшүндүрүшкөн. Мындан сырткары, эксперттер «Лотостун» уктоочу бөлмөлөрүндөгү төшөнчү жана жаздыктар эскилиги жетип, шейшептери жок экенин белгилешкен.

«Эң жөнөкөй мисал, администрация жарым жылдан бери автоматтык кир жуугуч машинаны колдонбойт, анткени аны иштетиш үчүн электрикти чакырып, электр чубалгыларын оңдоо талап кылынат. Кирди колго жуушат. Дагы жакшы балдар тоңуп жатышкан жок. Октябрь айында жылуулук системасы толугу менен жаңыланып, жылуулук түтүктөрү алмаштырылган. Ошондуктан, үй жылуу», — деп кошумчалашты Улуттук борбордон.

Абдулазимов мекеменин имараты капиталдык оңдоого муктаж экенин белгиледи. Ошондой эле ал жетекчилик өз милдетине «шалаакылык мамиле жасап, адамдык ар-намысты басмырлаган, балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган шарттарды түзүп жатканын» кошумчалады.

Буга чейин Улуттук борбордун кызматкерлери Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен Валентина Терешкова атындагы №11 жатак мектебин текшеришкен. Анда укук коргоочулар интернаттагы шарттарды «кыйноолорго салыштырышкан».

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Эксперттер Терешкова мектеп-интернатындагы шарттарды кыйноолор менен салыштырышты