Аскар Акаев: Бир гана Садыр Жапаров мага адилет мамилесин көрсөттү

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев «Кумтөр» иши боюнча УКМКга сурак берген соң 20-декабрь күнү Москвага учуп кеткен. 21-декабрда Акаевдин «МК» орусиялык басылмасына курган маеги жарыяланды. Анда ал мекенине болгон сапары «эки өлкөнүн президенттеринин денгээлинде» макулдашылганын айтты.

«Өлкөгө каалаган учурда кирип-чыгып турам»

Акаевдин интервьюсу президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык айтуу менен башталат. Анын айтымында, Кыргызстанга келип кетиңиз деген өтүнүчүн Жапаров жеке өзү телефон чалып айткан. Ал эми Акаев чакырууну ыраазычылык менен кабыл алган.

«2021-жылы мекениме эки ирет барып келдим. Жайында бир апта, декабрь айында бир апта жүрдүм. Күн сайын, эртеден кечке укук коргоо органдары менен тыгыз иштедим. Мындан ары мекенимде мага эч кандай доомат жок, бардык иштер жабылды. Мындан ары Кыргызстандын башка жарандарындай эле каалаган учурда өлкөгө кирип-чыгып турам», — деди Акаев.

Өлкө башчыларынын денгээлинде кепилденген коопсуздук

Владимир Путин жана Садыр Жапаров. Сүрөт: президенттин сайты 

Аскар Акаев маекте анын Кыргызстанга болгон сапары эки өлкөнүн президенттери — Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган белгилеген. Анын айтымында, Жапаров телефон чалып чакыргандан кийин эки күндөн соң Бишкекке учкан. Ал ортодогу убакытты Орусиянын жетекчилигин кабардар кылууга жумшаган.

«Эми 16 жыл бою ушул өлкөнүн меймандостугун пайдаландым. Аны менен бирге өзүмдүн коопсуздугума кепилдик алдым», — дейт ал.

Аны менен катар, Акаев өлкө башчысы Жапаровдун байланышка чыкканы күтүүсүз болгонун белгилеп, президенттикке шайлангандан жарым жыл өтпөй «менин ишиме киришет» деп ойлогон эмесмин деп билдирген.

«Мекениме кайтып бара аларымды дароо түшүндүм. Мурдагы президенттердин убагында прокуратура жана Кыргызстандын башка күч органдарынын бешинчи, онунчу кызматкерлери байланышка чыкчу. Анан калса, алар издөө жарыялайбыз, абакка камайбыз деген жана башка сөздөр менен коркутушчу. Мен аларга коркутпагыла, мени улуу Орусия коргоп калат деп айтчумун», — деген ал.

Жапаров гана адилет мамиле жасады

Акаевдин айтымында, бүгүнкү күнү эл аралык коомчулук 2005-жылы Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш болгонун ырастады. Анын пикиринде төңкөрүштүн башында өлкөнү андан кийин башкарган президенттер — Бакиев, Атамбаев жана Отунбаева — турган.

«Булар кезектешип президент болушту, прокуратура мага карата ачылган көптөгөн айыптарды ойдон чыгарылган деген бүтүм чыгарганына карабай, ар дайым мага кандайдыр бир иш козгоого аракет жасашты. Кийин бийликке Атамбаевдин мураскору Жээнбеков келди. Ал дагы менин маселемди объективдүү кароого кызыкдар эмес болчу. Бир гана Жапаров мага адилет мамилесин көрсөттү», — дейт ал.

Аны менен бирге, Аскар Акаев азырынча Орусияда эле болорун белгиледи.

Эл аралык сотто Кыргызстандын шансы жогору

Аскар Акаев интервьюда «Кумтөр» ишинде күбө жана айыпталуучу катары көрсөтмө бергенин белгилеген. Анын айтымында, Акаев өзү 90-жылдары Кумтөр кенин иштетүү үчүн инвесторду өзү тапкан.

Акаев компания алгачкы «жылдары жакшы иштеп», кийин 2000-жылдардан тартып «кызмат абалын кыянат пайдаланып, кыргыз аткаминерлеринин айрымдарын коррупциялаштырып, экологияга зыян келтире баштаганын» айтат.

«Ишке зыяны тийип калбаш үчүн башка маалымат айта албайм. Бирок мага караштуу бардык айыптар алынды, тергөөчүлөргө эл аралык сотто жардам боло турчу маалымат менен камсыздадым», — дейт Акаев.

Аны менен бирге, Аскар Акаев кенге байланыштуу эл аралык сотто Кыргызстандын «шансы жогору» деп эсептейт. Анткени «экологияга эбегейсиз зыян келтирилген».

«Борбор Азиядагы ири дарыялар — Сыр-Дарыя менен Нарын сууга кошулуучу Давыдов жана Лысый мөңгүсүнө калдыктар төгүлүп, анын натыйжасында муз эрий баштаган. Мында жакын арада алтындан да кымбат боло турган таза суу жөнүндө кеп болуп жатат», — дейт ал.

Акаевдин келиши жана кетиши

Аскар Акаев УКМКдан сурактан чыккандан кийин. Сүрөт: Клооп 

Кыргызстандын биринчи бозгун президенти Аскар Акаев Бишкекке 14-декабрда учуп келген. Бул тууралуу ЖМКлар анын чөйрөсүндөгүлөрүнө таянып жазышкан. Эртеси күнү ал УКМКда «Кумтөр» иши боюнча сурак берген.

Акаевдин үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков 19-декабрда мурдагы президент кайра Орусияга кетерин билдирген.

Бул Акаевдин Кыргызстанга экинчи ирет келиши. Ал 2021-жылдын августунда дагы келип, «Кумтөр» иши боюнча сурак берип кеткен.

Анда Башкы прокуратура Акаев бул иш боюнча «тергөө менен тыгыз кызматташып жатканын» белгилешкен. Акаев өлкөгө келгенде президент Садыр Жапаров жана башка расмий адамдар менен жолугуп, кичи мекени Чоң-Кеминге барууга үлгүргөн.

Акаев кеткенден кийин УКМК «Кумтөр» ишин иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялаган. Документте Акаев долбоорду ишке ашыруудагы түзүлгөн бир канча келишимдер боюнча мөөнөтүнөн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылган.

Бозгун президент Аскар Акаев өлкөнү 15 жылдын ашык башкарган. Ал 2005-жылдын 24-мартында «Жоогазын революциясынан» улам тактан кулаган. Төңкөрүшкө эл аралык байкоочулар таза өткөн жок деп тапкан парламенттик шайлоо түрткү болгон.