Аскар Акаев Кыргызстанга келди, ал УКМКга жеткирилди

Кыргызстандын тактан кулатылган президенти Аскар Акаев 2-августта Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы «Клооптун» журналистине билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда ал УКМКнын имаратында.

«“Кумтөр” кени боюнча кылмыш ишинин алкагында анын катышуусу менен керектүү тергөө аракеттери жүрүп жатат», — деп билдиришти УКМКдан.

«Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупция иши боюнча Акаев баштаган бир катар чиновниктерге издөө жарыяланган.

«Акаев башка жогорку кызмат адамдарынын катарында 1992-жылдагы “Кумтөр” долбоору боюнча Башкы келишимдин алкагындагы коррупция, 1994-жылдагы ага өзгөртүү киргизүү, ошондой эле 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишимди рекструктуризациялоо иши боюнча кылмыш жообуна тартылды», — деп билдиришти УКМКдан.

УКМКдан белгилешкендей, тергөө Аскар Акаевдин тушунда «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга тиешелүү күнөөлүү адамдарга юридикалык баа берген.

«Муну менен катар Кыргыз Республикасынын УКМКсы тарабынан тергөөнүн жүрүшүндө Акаевди республикага алып келүү жолу менен жоопко тартуу боюнча тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.