Дээрлик 34 млн сомду ыйгарып алуу иши. ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы кармалды

ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Исламбек Кенжекулов

Аскер прокуратурасы аны 20-декабрда дээрлик 34 миллион сомду өзүнө ыйгарып алуу иши боюнча кармаган.

ИИМдин ички аскерлериндеги коррупциялык схема

14-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ИИМдин Ички аскерлеринин кызмат адамдары өздүк курамга тамак-аш жана кийим-кечек сатып алууга каралган дээрлик 34 миллион сомду өздөрүнө ыйгарып алышканын билдирген.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, бюджеттик каражаттар алгач жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которулуп, кийин менчиктелип кеткен.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу», «Кызматтык жасалмачылык» жана «Шалаакылык» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми «Кактус» басылмасы өздүк булактарына таянып, иштин бир канча фигуранты өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген.

«Баары Москвага 29-ноябрда эле чыгып кетишкен, ал эми 1-декабрда кылмыш иши козголгон. Аларга алдын ала кабарлап, качып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген болушу мүмкүн. Мунун баары Ички аскер кызматынын жетекчилигинин катышуусуз болушу мүмкүн эмес эле», — деп билдирген басылманын маалымат булагы.

Анда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы шектүүлөр тууралуу маалымат жарыяланбай турганын «Клоопко» билдирген болчу.

«Тергөө жаңы гана башталды, эч кимге айып угузула элек», — деп белгилешкен мекемеден.