Башкы прокуратура ИИМдин Ички аскерлериндеги ири коррупцияны аныктады

Сүрөт: Башкы прокуратура

Башкы прокуратура ИИМдин Ички аскерлеринин кызмат адамдары аралашкан «туруктуу коррупциялык схеманын» бети ачылганын кабарлады.

Көзөмөл органдын билдиришинче, Ички аскерлердин өздүк курамынын тамак-аш жана кийим-кечесине бөлүнгөн бюджеттик каражаттан дээрлик 34 миллион сом уурдалган.

«Акча каражаттары жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которулуп турган», — деп билдирди башкы прокуратура.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу», «Кызматтык жасалмачылык» жана «Шалаакылык» беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Ал эми «Кактус» басылмасы жеке булактарына таянып, бул кылмыштын фигуранттары 29-ноябрда Орусиянын Москва шаарына чыгып кеткенин, ал эми кылмыш иши 1-декабда козголгонун билдирди.

«Аларга алдын ала кабарлап, качып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген болушу мүмкүн. Мунун баары Ички аскер кызматынын жетекчилигинин катышуусуз болушу мүмкүн эмес», — деп билдирген басылманын маалымат булагы.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматышектүүлөр тууралуу маалымат жарыяланбай турганын «Клоопко» билдирди. Мекемеден тергөө жаңы гана башталганын айтып, эч кимге айып угузула электигин кошумчалашты.

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта ИИМдин ички аскерлеринин маянасы 40%га көтөрүлгөн. Ички аскерлердин өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен 1-сентябрдан тарта алардын 1 жылы 1,5 жыл, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөндөрдүн бир жылы эки жылга тете деп эсептелет.