Арт: Алина Печёнкина

ЖРТ тесттеринин көп жылдык жыйынтыгы көрсөтүп тургандай, кыргыз тилдүү мектеп окуучулары сынактарды начар тапшырат жана жогорку окуу жайларына өтүүгө мүмкүнчүлүгү азырак. Мында балдардын күнөөсү жок, болгону алардын эне тилиндеги окуу китептерине, бош убакытта алектенүүгө мүмкүнчүлүгү чектелүү. Орус тилинде фильмдер, китептер, курстар алда канча көп, бирок алар — орус тилин билгендер үчүн гана. Эмне үчүн аймактагы балдар дүйнөдөн бөлүнүп калган жана Кыргызстандагы билимдин сапаты дагы эмнеден көз каранды, «Клооп» талдап көрдү.

Кыргызстанда — 2300гө жакын мектеп бар, анын ичинен ондон бир бөлүгүндө — окутуу орус тилинде жүргүзүлөт. Мектептердин дагы үчтөн бир бөлүгү балдарды эки, ал тургай үч тилде окутат: мектептерде ар түрдүү тилдерде окуткан класстар бар.

2010-2020-жылдар аралыгында Кыргызстанда дагы 99 мектеп ачылды. Кыргыз тилдүү мектептердин саны кыскарып, орус тилдүү жана аралаш окуткан жайлар — тескерсинче көбөйгөн. Бирок ага карабай, кыргыз тилдүү мектептердин саны көбүрөк.

Эмне үчүн Кыргызстанда мынча көп түрдүү мектептертер бар?

Кыргызстан СССРдин бир бөлүгү болгон кезде, ишкердик байланыш, басма сөз, илим жана адабият чөйрөсүндө орус тили басымдуулук кылган. Кыргыз тили күнүмдүк өз ара сүйлөшүүнүн гана тили болгон. 1989-жылы гана улуттук иденттүүлүктүн толкунунда кыргыз тилине мамлекеттик деген макам берилген. Бирок постсоветтик мезгилде деле өлкөдөгү кагаз иштерин жүргүзүү орус тилинде уланып жатты, ошондуктан 2000-жылы республикада орус тили расмий тил катары кабыл алынды.

Декларативдүү эки тилдүүлүккө карабай, Кыргызстанда эки тилди бирдей жакшы билген адамдар аз. Өлкөнүн түндүгүндө, Бишкекте жана Чүй облусунун бир бөлүгүндө орустар көп болгондуктан, орус тили басымдуулук кылат — этникалык кыргыздар да орусча сүйлөшөт. Түштүктө кыргыз тили кеңири жайылган, ал эми өзбек тектүүлөр көп жашаган Ош, Баткен жана Жалал-абад облустарында —өзбек тили дагы.

Бүтүрүү экзамендерин же жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) тапшырууда окуучулар кыргыз же орус тилин дандаса болот. Бишкекте жана Чүйдө бүтүрүүчүлөр көбүнчө орус тилин тандашат, башка аймактарда —кыргыз тили.

2020-жылы бүтүрүүчүлөрдүн 61%ы ЖРТнын негизги тили катары кыргыз тилин тандашкан.

Орус тил келечекке жолдомо катары

Анткен менен орус тилдүү окуучулар мурдагыдай эле жыйынтык тесттерди жакшы тапшырып, ЖОЖдорго өтүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат. 2017-жылга чейин кыргыз тилдүү окуучулардын орточо жыйынтыктары ЖОЖдорго гранттык негизинде өтүүгө укук берген босого упайынан төмөн болгон. Орточо эсеп менен кыргыз мектептин бүтүрүүчүлөрү тестти орус тилдүү окуучуларга караганда 22 упайга төмөн тапшырышат.

Орус тилинде билим алуу — бир гана университетке жолдомо эмес. Кыргызстан чет өлкөдөн келген акчаларга абдан көз каранды. 2020-жылы өлкөнүн экономикасына акча которуулардын үлүшү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеген: эмгек мигранттары өз үй-бүлөлөрүнө 2,2 млрд сом которгон, бул ИДПнын 29%на барабар.

Жакырчылык бүтүрүүчүлөрдүн тагдырына кандай таасир берет?

Аймактардагы бүтүрүүчүлөрдүн төмөн упайлары алардын үй-бүлөсүнүн материалдык абалы менен байланыштуу. «Клооптун» анализи көрсөткөндөй, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үй-бүлөлүк жагдайдан улам сабактан көбүрөөк калышат. Айыл жеринде мектеп окуучуларынын көбү, ата-энесине чарба иштерине жардам берип, өзүн жана жакындарын багуу үчүн жумушка эрте орношушат. ЖРТдан төмөн упай алгандыктан алар ЖОЖдорго өтпөй, акча табуу үчүн чоң шаарларга же чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болушат.

Мигранттар акча табуу максатсында көбүнчө Орусияга барышат жана алардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүк аймактарынан келгендер. 2019-жылдын аягында Орусиядагы кыргыз жарандарынын саны 1,5 миллиондун тегерегинде болгон, анын ичинен 260 миңи — Баткен облусунан, 200 миңи — Ош жана Жалал-Абад облустарынан келгендер түзгөн.


Орусияга баргандардын 52% гана орус тилинде эркин сүйлөй алышат


Калгандары байланыш түзүүдө жана жогорку маяна төлөнүүчү жумуш табууда кыйынчылыктарга туш болушат. Жумушка кирер алдында тил курстарына барууга аргасыз.

Акталбаган күтүүлөр

«Сорос Кыргызстан» фондунун саноосу боюнча 2005-жылдан 2010-жылга чейин орус тилин негизги тил катары тандаган окуучулардын саны орточо эсеп менен 5-6 миң кишиге көбөйгөн. Бирок бул суроо-талапты канааттандыра алган жаңы мектеп жана класстар аймактарда ачылса деле жетиштүү санда болгон эмес.

Мисалы Оштогу жана Ош облусундагы кыргыз тилдүү мектептерде бир класста 15-20 окуучу билим алса, орус тилдүү мектептерде 50-60 окуучуга чейин жетерин 2018-жылы Жогорку Кеңештин экс-депутаты, президенттик аппараттын кызматкери Искендер Гаипкулов билгилеген. «Бир партада үчтөн-төрттөн балдар отурат», — деген ал.

Арт: Алина Печёнкина

Балдарды окута турган киши жок: аймактарда квалификациялуу мугалимдер жетишсиз.

«Кадрлардын жетишсиздиги Ошко караганда, облусттун алыскы аймактарында көбүрөөк байкалат. Биз бир гана орус тилчилерге эмес, башка сабактарды дагы орус тилинде өтө алган мугалимдерге муктажбыз», — деген «Русская газетага» Ош шаарындагы орус тилдүү мектептердин мугалимдеринин методикалык бирикмесинин жетекчиси Любовь Риксиева.

Негизги себеби — маянанын аздыгы. Кыргызстанда билим берүү тармагында 226 миң адам эмгектенет — бул тармак өлкөдө иштегендердин саны боюнча бешинчи орунда.


Билим берүү тармагында орточо айлык акы — айына болгону 14,8 миң сомду түзөт, бул өлкөдөгү орточо маянанын көрсөткүчүнөн төрт миңге аз.


Бирок себеп айлык акынын төмөндүгүндө эле эмес. Аймактарда тил билген мугалимдер жок.

«Оштогу педагогикалык окуу жайларга көбүнчө айылдардан келген балдар тапшырат. Кыязы аймактарда орус тили өтүлбөйт окшойт, <...> алыскы аймактардан келген абитуриенттер расмий тилде керектүү деңгээлде сүйлөй албайт. Ал эми орус тилин жакшы билгендер жогорку билимди Бишкектен, ал тургай чет өлкөдөн алууну көздөшөт», — деп түшүндүрдү Риксиева.

Жыйынтыгында жакшы келечек үчүн орус тилдүү мектептерди тандаган кыргыз балдар программадан артта калышат. Алар орус тили боюнча бешинчи-алтынчы класстын материалын да алып кете алышпайт дешет практик-педагогдор.

Сунушу жок суроо-талап

Бишкектин айрым райондорунда өз ара байланышта орус тили көбүрөөк колдонулат, ошондуктан ата-энелер балдары эне тилинде сүйлөөнү үйрөнсүн деген максатта кыргыз класстарга беришет. Бирок ал жерде да балдар мектеп программасын алып кете албайт, анткени окутуу программасы кыргыз тилин нөлдөн баштоого ылайыкталган эмес.

«Башталгыч класстын окуучуларына арналган кыргыз тили окуу китептери тилдин негиздерин жана базасын билген балдарга ылайыкталып иштелип чыккан. Демек ал китептерди пайдалануу үчүн окуучулар ошол тилде сүйлөшү керек», —деген кыргыз тилин окутуунун көйгөйлөрү аттуу тегерек столдо экс -вице-премьер министр Артем Новиков. Анын кызы дагы кыргыз тилдүү мектепке барат.

Орто жана жогорку класстардын окуучулары үчүн кыргыз тилиндеги сапаттуу окуу куралдары жана материалдар жетишсиз. Ал тургай чет элдик адабият сабагы да орус тилинде өткөрүлөт — чет элдик авторлордун китептери кыргыз тилине которулган эмес. Кыргыз тилинде программа боюнча кыргыз адабияты гана бар.

Акылай — Бишкектеги мектептердин биринде кыргыз тилдүү классты аяктаган бүтүрүүчү. Ал ЖРТны орус тилинде тапшырууну чечкен.

«Материалдарды кабыл алууда жеңил болду, — деп бөлүшкөн ал. — Чынын айтсам, кыргыз тилинде ЖРТ тыпшыруу оор».

Интернет дагы жардам бере албайт: дүйнөлүк желеден мамлекеттик тилдеги окуу материалдарын табуу мүмкүн эмес, дейт Акылай.

«Биз эч качан көчүргөн эмеспиз, анткени көчүрө турган жер болгон эмес», — деп күлөт кыз, — интернеттеги маалыматтардын 90%ы орус тилинде. Мындайда гугл-котормочу жардамга келет, бирок ал дагы сөздөрдү туура эмес которот.

Бирок баары эле Акылайдай тестирлөөнү орус тилинде эркин тапшыра албайт.


Кыргыз тилдүү класстардын окуучулары орус тилиндеги окуу китептер жана колдонмолор менен ЖРТга даярданышат, кийин экзаменди кайра кыргыз тилинде тапшырат.


Айтмакчы, орус тилдүү мектептерде кыргыз тили жана кыргыз адабияты биринчи класстан тарта окутулат. Ошондуктан бүтүрүү сынактарын орус жана кыргыз тилдүү аймактар бирдей эле тапшырышат. 2020-жылы өлкөдө кыргыз тили жана адабияты боюнча орточо жыйынтык 100дөн 59,7 балл болгон. Эң жакшы — Талас облусунун бүтүрүүчүлөрү — 63,2 балл алышкан. Экинчи орунду Бишкек шаары 60,4 балл менен алса, акыркы орун Ош шаарына тийген — 58,6 балл.

Тил билбегендиктен обочодо калуу

Арт: Алина Печёнкина

«Көпчүлүк адамдар кыргыз тилин үйрөнүүгө ашыкпаганынын себеби, кыргыз тили илим, көркөм адабият жана кадимки саясатты камсыз кыла албаганы», — деп маек курган «Спутникке» орто жана жогорку класстарга мамлекеттик тил сабагын окуткан мугалим Кенже Алышпаева.

Чынында эле, Улуттук статкомдун маалыматына караганда, өлкөнүн кыргыз тилдүү калкы маданий изоляцияда жашашат.

Кыргызстанда чет элдик тасмалардын презентациясынын бардыгы орус тилинде өтөт. Кыргыз тилинде Кыргызстанда тартылган фильмдер гана көрсөтүлөт. Кинотеатрлардын көрүүчүлөрдүн 85%ы Бишкекте жашайт.

1990-жылдан бери Кыргызстанда театр көрүүчүлөрүнүн саны 85%га азайган. Театрга баргандардын дээрлик жарымы — дагы деле бишкектиктер.

Кыргызстанда адистештирилген 20 театр иштейт. Анын ичинен сегизи Бишкекте, Жалал-Абад облусу менен Ош шаарында үчтөн, андан тышкары Нарында эки, Баткен, Талас, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден театр бар.

2018-жылга чейин Кыргызстандын Жогорку Аттестациялык Комиссиясынын (ЖАК) сайтында өлкөнүн жогорку окуу жайларында корголгон диссертациялар жарыяланып турчу. База толук болбосо да, жыйынтыгы айдан ачык: илимде да орус тили басымдуулук кылат. 1034 иштин болгону —11,2%ы кыргыз тилинде, алардын көпчүлүгү филология, педагогика жана этнография жаатында.

Кыргызстандагы эң популярдуу «Раритет» интернет-дүкөнүнүн каталогунун дээрлик 96%ы орус тилиндеги китептерден турат.

Кыргызстандагы орус тилин билбеген жашоочулар сапаттуу билимден гана куру калбастан, дүйнөдөн обочолонуп калган. Мамлекеттик тил калктын да, бүтүндөй өлкөнүн дагы өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган жашоо чөйрөсүн азырынча камсыз кыла албайт. Орус тили болсо, күнүмдүк байланыштын тили катары аймактарда барган сайын азырак колдонулуп жатат. Мунун баары билимдин сапатына таасир этип жатат.

Альтернатива барбы?

Союз тарагандан кийин деле улуттук тилдер менен бирдей орус тили үстөмдүк кылган постсоветтик өлкөлөрдө акырындык менен орус тилинин ордун англис тили жайылып бара жатканы байкалат. Себеби түшүнүктүү: жаштар келечегин Москва менен байланыштырбай калды, алар жалпы дүйнөлүк практикага жана батыш өлкөлөрүнө ыктап баштады. Ошондуктан эл аралык пикир алмашуунун башкы тилин билүү зарылчылык болуп калды.

Кыргызстанда англис тили көпчүлүк мектептерде милдеттүү сабак катары киргизилген. Мындан тышкары, англис тилин үйрөтүүчү курстар ачылып, жыл өткөн саны алардын саны арбып барат. Бирок ал курстардын дээрлик бардыгы — орус тилинде. Бул кыргыз тилдүү студенттерге тоскоолдук болуп эсептелет. Англис-кыргыз сөздүгү анчейин көп эмес, окуу китептери андан дагы аз. Ошол эле ЖРТнын жыйынтыктары да көрсөтүп турат: орус тилдүү мектептер басымдуулук кылган Бишкек, Ош жана Чүй облустарында окуучулар англис тилинен сынактарды жакшы тапшырышат.

Англис тилин үйрөнүү үчүн кыргызча материалдар интернетте дагы дээрлик жок. “How are you?” деген суроого эмне деп жооп берүү керек деген сыяктуу эң жөнөкөй суроону издесең, издөө системасы эч кандай жыйынтык бербейт.

Бүгүнкү күнү ата-энелер эки суроого баш катырышат: балдарды эне тилин жакшы билүү үчүн кыргыз тилдүү мектептерге бериш керекпи же келечеги үчүн орус тилдүү мектепти тандаган туурабы? Бирок, эки вариант тең алар үмүт кылган жыйынтыкты толук актаганга дарамети жетпегени көрүнүп турат.