Караколдо 8 жашар баланы коюп кеткен унаанын айдоочусу кармалды

Сүрөт: «Турмуш»

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 8 жашар баланы унаа менен коюп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгы 22-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 21-декабрда саат 15:00 чамаларында Караколдун Карасаева көчөсүндө болгон. Жол кырсыктын кесепетинен жаш бала ар кандай жаракаттарды алып, Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилген.

Ошол эле күнү күч органдары 30 жаштагы «Д.Ю» аттуу жаранды кармап, ага тийиштүү «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа айып короого киргизилди.

Каракол ШИИБси окуяны маалыматтарды каттоо журналына каттап, териштирүүнү баштады.

17-декабрда Таластагы Чат-Базар айылында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 14-жаштагы эки өспүрүм каза тапкан. Анда «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзгөн.

Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.