Таласта жол кырсыгынан 14 жаштагы эки өспүрүм каза тапты

17-декабрь күнү Талас районунун Чат-Базар айылындагы Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолундагы авариядан 14 жаштагы эки өспүрүм каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзгөн. Анын кесепетинен эки өспүрүм оор жаракат алып, тез жардам унаасында кайтыш болушкан.

«Азаттык» басылмасы унаанын айдоочусу 14 жаштагы бала болгонун, ал кырсык болгон жерде көз жумганын жазды. Маалыматка ылайык, өспүрүм атасы үйүндө жок кезде унааны айдап кеткен.

Буга чейин, 10-декабрда Бишкектин А.Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус», «БМВ» жана «Эстима» үлгүсүндөгү үч автоунаа катышкан ири жол кырсыгы катталган. Кырсыктан бир адам каза таап, дагы бир нече жаран жаракат алганы айтылган.

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. Жалпы 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Тема боюнча:

Тез жардам бригадасы жол кырсыгына кабылды. Врач оор жаракат алды

Бишкекте үч унаа катышкан ири жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар