FHI 360 ишке ашырган USAIDдин«Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагындагы өнөктөш материал

Кыргызстанда эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптуулугу бар. Алар инфраструктура, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана албай, жумуш иштөө мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп, коомдо байкалбай, кабыл алынбай келишет. Кыргызстан 2019-жылы Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялаганына карабастан, алар калктын аялуу катмары бойдон калууда жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга тартылышпайт.

25-ноябрдан тартып дүйнө жүзү боюнча гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк акция өттү. Анын алкагында коомчулукта аялдарга карата зордук-зомбулук темасы көтөрүлдү. Кыргызстанда аялдардын баары аялуу катмарга кирет, ал эми майыптуулугу бар аялдар — эки эсе аялуу. Биз майыптыгы бар кыргызстандык үч айымдын окуясын сунуштайбыз. Анда алар өздөрү кабылган стигма жана зордук-зомбулук жөнүндө баяндашат.

Материалда каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү*

«Жалаяк алмаштырганда мени уруп-сабашчу», — 40 жаштагы Индира туугандарынан зомбулук көргөнү жөнүндө


Туугандарым: «Майып болсоң дагы кыялың өзгөргөн жок. Мына, Кудай сени жазалап, жөргөлөп калдың. Туура кылды», — деп майып болуп калганым ырас болгонун айтышчу.


Мурда мен кадимкидей эле басып, чуркап жүргөн аял болчумун. Орусияда иштеп, жакшы акча таап, туугандарыма жардам берчүмүн. Кайсы жерде болбоюн, туугандар мага сый мамиле кылышчу, аларга керек элем — акча жана моралдык жактан колдоо көрсөтчүмүн. Бирок төрт жыл мурда жол кырсыгына учурап, омурткам сынып баса албай калгам.

Жол кырсыгынан кийин тогуз ай турбай, төшөккө байландым — анда биз туугандарыбыз менен бир үйдө турчубуз. Алардан майып арабага отурганга чейин гана мага кам көрүүнү өтүнгөм. Ал айлар мен үчүн абдан оор болду — жалгызсыраган, ачка калган, алсыз экенимди сезген, денемди төшөк жаралары басып, жардам сурагандан корккон күндөр болду.

Чогуу турган туугандарым мени ашка жүк, башка жүк катары эсептеп, кемсинтип, уруп-сабап: «Сага эмне жетпейт? Эмне эле кыялыңды көрсөтөсүң?!» — деп айтышчу. Алсыз же акча таппаган адамды күнөөлөш оңой турбайбы.

Бир жолу туугандарымдын биринин 18-22 жаштагы, чоңоюп калган балдары мен жаткан бөлмөгө келип, маектешип отурганбыз. Бир убакта апасы кирип келип: «Сен балдарымды бузуп жатасың. Сенин жаныңда отуруп, өзгөрүп кетишти!» — деп кыйкырып бир тийди. Өз балдарына да, мага да кулак салган жок. Мени чачтан алып сүйрөп, уруп-сабай баштады.

Кээде туугандарым мени тамак-ашсыз калтырып, төшөктүн башына бир стакан суу гана коюп коюшчу. Кээде эриндеримди суулап, кээде болсо ашказаныма бир нерсе барсын деп суунун баарын ичер элем. Туугандарымды алаксытып, жиндерине тийгенден тартынып турчумун. Ошол учурда мен жылуу сөздөргө жана колдоого муктаж элем, бирок жалаң гана жемелөө менен айыптоо сөздөрүн уктум. Кээде мага жакшы мамиле кылышабы деген үмүт менен алган пенсиямдын баарын туугандарыма берчүмүн. Бирок андай үмүтүм акталчу эмес.

Туугандарым менден батырак кутулгусу келип: «Деги сен качан баса баштайсың?! Такыр эле баспай калдыңго!» — деп жемелешчү. Деним сак кезимдеги кайраттуу мүнөзүмдү кырсыктап калгандан кийин дагы сактап калдым. Туугандарым: «Майып болсоң дагы кыялың өзгөргөн жок. Мына, Кудай сени жазалап, жөргөлөп калдың. Туура кылды», — деп майып болуп калганым ырас болгонун айтышчу. Баарынан сөз катуу тийет экен. Бир нерсеге макул болбосом да, алар менен талашпай, макул деп койчумун. Аларга ыңгайсыз болбосун, ачуусуна тийбейин деп, алардыкы туура экенин айтчумун.

Төшөккө байланып жаткандыктан өз алдынча дааратканага бара албай, такма жалаяк колдончумун. Жалаякты бирөөнүн жардамысыз өзүм которо албай, туугандарыман суранууга аргасыз болчумун. Кээде жалаяк которгондо абдан кыжырланып, сөгүнүп, мени уруп-согуп коюшчу.

Бир мезгилде туугандарым мени кайра-кайра сабагандыктан, коркуп, жаздыгымдын астына бычак катып алгам. Эгер кол көтөргөндөрү дагы кайталанса, аларды бычак менен саям же өзүмө кол салам деп ойлочумун. Эми эч кимге керегим жок деп ойлоп, жанымды кыюу жөнүндө ойлор да келген. Кээде мындай ойлордон алаксыйын деп ичкилик иччүмүн.

Ошол убакта жанымда кичине уулум болду, баарын көрүп, мага жылуу мамиле жасады. Ал катуу психологиялык жаракат алганын жакында эле түшүндүм. Мурда депрессияда болуп, баламды эмес, өзүмдү коргогонго дарманым жок эле. Азыр ал мезгил артта калды, кээде уулума: «Кандай абалда болсом да, мен сенин апаңмын. Карасаң, мурункудай эле сулуумун», — деп эскертип коем.

Ошол тогуз айдан кийин жарым жыл коляскага отурганды үйрөндүм. Алгач уялып, кара көз айнек жана шляпа кийчүмүн. Мурда басып жүргөндө өзүмө ишенчүмүн, жумушумда ийгиликтүү болчумун. Ушундай байкуш болуп калганымды эч кимге көрсөткүм келчү эмес. Азап жегенимди башкалар көрбөсө экен дечүмүн. Эч кимге даттанчу эмесмин.

Ошондо кайраттуу экенимди сездим — жалгыз, ачка болсом дагы эч качан көз жашымды төкпөй, туугандардын алдында байкуш көрүнбөй, башымды жерге салчу эмесмин. Кудайдан турмушумдун оңолушун тилеп, мурункудан да тартиптүү болуп калдым.

Мага коомдогу аялдар жардам беришти. «Теңдик» майыптар союзу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова колясканы туура колдонууну көрсөтүп үйрөткөн тренинг жана лагерлерге чакырып турду. Алар мага колдоо көрсөтүштү. Акырындык менен уялбай, эл арасына чыга баштадым.

Азыр турмушум оңолду. Туугандарыман бөлүнүп, мени колдогон кишиге турмушка чыктым. Кээде баягы туугандарым менен жолугабыз — жылмаюу менен тосуп, чай берсем да, алар кандай адамдар экени эсимде. Өзүмдү жакшы сезиш үчүн адамдардын баарын кечирүүгө үйрөндүм. Аларга мамилем жасалмасы жок, жылуу жана ак ниет.

Дагы бир нерсе болуп кетсе, анан кайрадан бирөөгө муктаж болуп калсам деген учурлар үчүн ар дайым кошумча планым бар. Азыр мен үйдө болуп, бардык үй жумуштарын жасайм. Мурда үйүм жөнөкөй болчу, бирок азыр мен үчүн бардык шарттар бар — жолдошум үйгө кирүү үчүн пандус куруп, ыңгайлуу раковина орнотуп, тоскоолдуктарды алып койду.

Өз алдымча үйдө кир жууп, тамак жасап, идиш жууй алам. Ошондой эле жеке өнүгүү жана өсүү боюнча майып адамдар үчүн уюмдар өткөргөн түрдүү тренингдерге дагы катышам. Алар өзүмдү жакшы сезүүгө жана ишенимди арттырууга жардам берет.

«Сага ошондой көрүнгөндүр», — 31 жаштагы Элмиранын сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган окуясы


Бөлмөдө эч ким жок, эшик жабык. Эмне болуп жатканын түшүнбөдүм. Кийин укалоочу акырындап манин жыныс органыма колун киргизгенин сездим.


21 жашымда гана жаңыдан бойго жетип, элге аралаша баштагам. Ошол убакта ооруп калдым, ооруканага жатууга туура келди. Медиктер укалоо алышың керек деп айтышты. Мен үчүн ал көнүмүш процедура эле. Дарыгерлер жөнөткөн укалоочуга бардым. Жашым чоң болгондуктан, кичине балдарды алдыга өткөрүп, кечинде кел деди. Мага деле ыңгайлуу болчу.

Укалоонун биринчи, экинчи күнү баары жакшы өттү. Бирок үчүнчү күнү оорукананын кабатынан кабатына чуркап жүргөндүктөн абдан чарчаган элем. Укалоочуга чарчаганымды айттым. Ал жөн гана жатуу керек деди.

Мен кушеткага жаттым, бөлмөдө эч ким жок эле. Укалоочу эшикти ичинен илип койду. Өзүмдү ыңгайсыз сезип, корко баштадым. Мен кушеткага жаттым, бөлмөдө эч ким жок эле. Укалоочу эшикти ичинен илип койду. Өзүмдү ыңгайсыз сезип, корко баштадым. Бирок терс ойлорго алдырбай, мүмкүн жумуш учурунда башкалар тынчын албасын деп эшикти бекитип койгондур деп ойлодум.

Укалоочу буттарыңды чойобуз деди, анткени менин буттарым ооручу. Өзүңдү жайбаракат сезген кадимки укалоо эмне экенин мен жакшы билчүмүн. Башка укалоочулар деле мурун бир нече жолу буттарымды чойгон. Бирок ушул терапевт процедураны баштаганда оңтойсуз болдум. Ал денемдин укалоого муктаж эмес жерлерин кармалап жатканын туйдум. Бөлмөдө эч ким жок, эшик жабык. Эмне болуп жатканын түшүнбөдүм. Кийин укалоочу акырындап манин жыныс органыма колун киргизгенин сездим.

Мен ал адамга андай кылууга уруксат берген эмесмин. Укалоочу жанымды кыйнаган муундарымдын оорусун азайтып, жеңилдеп калам деп ойлогом. Бирок ал мага андан өткөн зыян келтирди. Чынында эмне болгонун көпкө чейин түшүнө алган жокмун, анткени мындай нерсе тууралуу мага эч ким айткан эмес. Ооруп, өзүмдү жагымсыз сезгенде көзүмдү жумдум. Мени эч ким куткара албасын түшүнүп, коркконумдан кыйкырганга да шайманым келген жок.

Бир нече убакыттан кийин укалоочу процедура аяктаганын айтты. Ошол кезде ага бир нерсе айтсам ошол бөлмөдөн чыкпай калам деген ой келди. Бөлмөдөн чыгып, өзүмө келүүгө аракет кылдым. Басканда денемдин ооруганын сездим. Мен уруксат бербесем да, бөтөн бирөө мага колун салганы мени аябай капалантты, оорутту.

Тынчтанууга аракет кылдым. Коридордо алдыман чыккан медициналык кызматкерлерге кайрылып, болгон окуяны айтып бердим. Алар: «Сен муну оюңан чыгарып жатасың. Балким, сага ошондой көрүнгөндүр», — деп жооп беришти. Өз палатама кирип, көпкө чейин эмне кыларымды билбей отурдум. Акылыман айныдымбы, көзүмө бир нерсе көрүнүп жаткан жокпу, укалоочу бутумду жөн эле катуу чоюп койду деп ойлой баштагам.

Эртеси күнү ал укалоочудан баш тарттым. Бул окуядан кийин мен бардык нерседен коркуп калдым. Адамдар жаныма учурашканы келгенде же бир дабыш чыкса эле калтырамай болдум. Үйдөгүлөр мен эмне болуп жатканымды түшүнө алган жок. Эмнеге ушундай болду, эмнеге коргонгон жокмун деген ой басты.

Бир нече ай бул окуяны эч кимге айтпай жүрдүм. Үйдөгүлөргө айтайын деп чечкенде, туугандарым телевизор көрүп отурган эле. Анда зордук-зомбулук жөнүндө сюжет көрсөтүлүп, зомбулуктун себеби аял өзү деген сын айтылып жаткан. Ага мен өзүм түрткү берип, себеп болдум деп мени күнөөлөшөт деп ойлогом. Акырына чейин мен өзүм туура эмес түшүнүп алдым деп ойлоп жүрдүм. Бирок бир жолу гинекологго кайрылдым, ал зордуктоо болгонун ырастады.

Ошо жети жыл бою окуяны эч кимге айткан эмесмин. Бир нече жыл психологдор менен иштеп келдим. Зомбулукту баштан өткөрүү абдан оор, ал мени менен өмүр бою калат. Анткени майып кызга эч ким тийишпейт же аны зордуктабайт деген стереотип ой-пикир барда. Ага эч ким ишенбейт. Мен жакында эле өзүмдүн коркууларым жана эмоцияларым жөнүндө айтууну үйрөндүм. Бекитилип жаткан эшиктин дабышынан коркконум эми эми калып келатат.

Кээде эркек укалоочуларга баргандан корком, бирок тандоо мүмкүнчүлүгү жок. Анткени кээде укалоочу айымдардын майыптарды өз алдынча чоюуга күчү жетпейт. Бир нече убакыттан кийин бир тааныш кыздан ошол эле укалоочу башка бир кызды зордуктоого аракет кылганын уктум. Бул окуядан кийин ошол ооруканага бир да жолу барган жокмун, анткени ал мен үчүн абдан оор. Бул менин турмушумдун бир бөлүгү, менден башка бирөө мындай окуяга кабылышын каалабайм.

«Сага үйлөнгөнүмө рахмат айтсаң», — 46 жаштагы Мария үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө


Жолдошум мага кол көтөрдү. Биринчи жолу кайненеме айтканымда, алардын үй-бүлөсүндө мындай нерсе көнүмүш адат экенин айткан.


16 жашымда аялдамада турсам кокустан машина коюп кеткен. Ошол жерден эле бир бутум жулунуп кетти, экинчисин сактап калышты. Кырсыктан кийин эшикке чыгып, кайрадан басканды үйрөнүп жатканымда, кичине балдар мени «чолок» деп, чоңдор болсо сөөмөйү менен көрсөтүшчү.

Өзүмдүн акыбалымды кабыл алуу кыйынга турду, анткени мурда алты саным аман, ден-соолугум дурус эле. Өзүмдү көп убакыт кабыл ала албай жүрдүм. Ата-энеме, бир туугандарыма абдан ыраазымын, анткени алар ошол учурда жанымда болуп, мени депрессияга түшүрбөй, эшикке чыгып, сейилдөөгө түрткү беришчү.

23 жашымда сүйүп турмушка чыккам. Күйөөсдүн Өзбекстанда бизнеси бар эле, мени менен мамиле курууга аракет кылчу, спирт ичимдиктерин иччү эмес. Баш кошкондон кийин биринчи жарым жыл баары жакшы болду. Кийинчерээк уулдуу болдук.

Жолдошум: «Сага көңүл буруп, үйлөнгөнүмө рахмат айт. Мен болбосом, эмне болот элең? Сени ким карайт эле? Өмүр бою мага ыраазы болушуң керек!» — деп кемсинтип, кысым көрсөтө баштаган. Мен үчүн бул оор болду. Мындай психологиялык зомбулукка күн сайын кабылчумун. Ал: «Сен майыпсың! Эч нерсеге татыктуу эмессиң! Үн чыгарбай жүр, сөз айтканга укугуң жок сенин!» — деп дайыма жемелечү.

Кийинчерээк ага апасы кошулду. Менден уялып, туугандары келсе мени башка бөлмөгө катып, чыкпай отуруумду талап кылышчу. Коноктор тарагандан кийин гана чыгууга уруксат беришчү. Ошол убакта бул психологиялык кысым экенин деле түшүнчү эмес экем. Күн өткөн сайын ого бетер оор боло баштады. Жолдошум мага кол көтөрдү. Биринчи жолу кайненеме айтканымда, алардын үй-бүлөсүндө мындай нерсе көнүмүш адат экенин айткан. Бул мен үчүн шок болгон. Бара-бара муштум көтөрүү адатка айланып калган.

Жолдошум Өзбекстандан жумасына эки-үч жолу келчү, ар бир келээр алдында коркуп турчумун. Ал келгенде жылмайып, жакшы маанай менен тосуп алыш керек деп ойлочумун. Кичине бир нерсе жакпай калса эле, башка бөлмөгө алып кирип мени сабачу. Башында денемдин көзгө көрүнөр жерлерин көгала кылып сабачу. Катуу сабаганда, төркүнүмө кетип, кайтып келүүдөн коркчумун. Кийин башкаларга көрүнбөгөндөй кылып, башка, бөйрөккө уруп сокмой болду.

Жумасына жок дегенде, эки жолу уруп-сабаса, кемсинткени күн сайын болчу. Бир жолу кайындарым менен столдо отурганда, күйөөм баш болуп, баары кошулуп мени кемсинтишкен. Башка жерге отургум келгенине карабастан, кайсы жерге отурушум керек экендигин айтышкан. «Эмне эле нааразы болосуң? Бул үйдө жашаганыңа ыраазы бол», — дешкен.

Эки жарым жыл бирге турмуш сүргөндөн кийин алардан көргөн зомбулуктан тажап: «Мени таштандыдан таап алган эмессиңер. Мен жалынып-жалбарып келген эмесмин бул үйгө», — деп айтып, кетип калгам. Күйөөм менин айбатыма айран калып, шок болгон. Уулум болгон зордук-зомбулукту көрүп, өз турмушуна көчүрүп албасын дедим. Уулум дагы атасындай болуп чоңоюшун каалабадым.

Ажырашкандан сегиз жылдан кийин күйөөм менен жолуктум. Ал мурдагыдай эле күч-кубаттуу экенимди, эркимди сындырып, өзүнө багынта албаганын айтты. Эч качан чыдап жүрө бербеш керек — эркек бир жолу кол көтөрсө, экинчи жолу да кол көтөрүшү толук ыктымал. Эгер жолдошуңдун туугандары басынтып жатса ал үйдөн кетиш керек. Ар бир аял өл алдынча күчтүү. Көрсө, эркектер ырайымдуулук үчүн үйлөндүм, аял мага өмүр бою ыраазы болушу керек милдет кылышы мүмкүн экен. Бирок мындай кадамы менен эркек өзүн гана кемсинтет.

Азыр мен майыптуулугу бар адамдар үчүн фонд ачып, өзүм университетте социалдык кызматкер кесибине окуп жатам. Уулума жакшы тарбия бердим деп ишенем. Чогуу жүргөн достору анын сый мамилеси үчүн рамат айтышат. Бир нерсеге нааразы болуп, ачуусу келсе да, алгач сүйлөшүп, чечимдерди сунуштайт. Менин турмуштук тажрыйбам балама таасирин тийгизди деп ойлом.


Эгерде зордук-зомбулукка же турмуштук кыйынчылыктарга кабылсаңыз билим алуу, жумуш менен камсыздоо, социалдык жактан колдоо боюнча жардам көрсөтүүчү «Теңдик» майыптар союзуна кайрылсаңыз болот.

Тел: 0771 627 525, 0700 627 525

Эл. дареги: ravenstvokg@gmail.com, ravenstvo-ik@mail.ru

Андан тышкары, кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот — бул жерден өзүңүзгө жакын аралыктагы кризистик борборду тапсаңыз болот.

«Миңдеген айымдарга жардам». Кыргызстандагы кризистик борборлор жөнүндө беш факт


Бул материал USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен «Гендердик зомбулукка каршы 16 күн» кампаниясынын алкагында даярдалды. Бул материалдын мазмуну үчүн Kloop.kg жооптуу жана ал USAIDдин, АКШ өкмөтүнүн же FHI 360 уюмунун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.