Орусияда декабрдын аягынан тартып мигранттарга карата эрежелер күчөтүлөт

Орусияда өлкөгө убактылуу жана узак убакытка келген мигранттарга карата көзөмөл күчөтүлүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтында маалымат жарыяланды.

Мигранттар үчүн өлкөгө киргенден кийин аткарууга тийиш болгон милдеттемелердин толук тизмеси түзүлдү. Эгер мигранттар бул талаптарды аткарбаса бери дегенде өлкөдө убактылуу жүрүү мөөнөтү кыскартылат.

Мигранттар үчүн кандай өзгөрүүлөр болот?

Мигранттар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү Мамдуманын депутаттары 2021-жылдын 15-июнунда кабыл алган, ал эми 1-июлда ага президент Владимир Путин кол койгон. Мыйзам 2021-жылдын 29-декабрынан тартып күчүнө кирет.

Жаңы мыйзамга ылайык, өлкөгө узак мөөнөткө келген эмгек мигранттары жана чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө манжа изин калтырып, сүрөткө түшүп жана медициналык кароодон өтүшү керек.

Эмгек мигранттары Орусияга киргенден кийин 30 күндүн ичинде нарколог, психиатр жана инфекционисттин кароосунан өтүүгө милдеттендирилет. Медициналык маалымкаттын жарактуу мөөнөтүү бүткөндөн кийин, тагыраагы, үч айдан кийин, мигрант кайрадан анализ тапшырышы керек болот.

Орусияда жашаган чет элдиктер үй-бүлөлөрү менен ар бир үч айда рентген жасап, кан жана заара анализин тапшырып, проказа, кургак учук, сифилис жана ВИЧке текшерилип турушу керек.

Орусияга 90 күндөн ашык убакытка кирип жаткан чет элдиктер милдеттүү дактилоскопиядан өтүшү керектелет. Орусиянын Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов бул орус бийлиги зарыл болгон учурда мигрантты табышы үчүн керек деп эсептейт.

«Бардык мигранттарды дактилоскопия кылуу — бул мыйзам бузган, өлкөнүн аймагынан чыгарылган, аты-жөнүн өзгөртүп кайра келген көйгөйлөрдөн алыс болууга жардам берет. Биз качан гана бардык чет өлкөлүктөрдү манжа изи менен көзөмөл кылганда бул көйгөйлөр өзүнөн-өзү жок болот», — деп эсептейт Коженов.

Баш ийбесе эмне болот?

Эгерде мигранттар милдеттенмелерди аткарбаса же алардан айланадагылар үчүн кооптуу жугуштуу оорулар, ВИЧ-инфекция, анын ичинде баңгизат колдонуу фактысы аныкталса, анда Орусия алардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскартат.

Орусиядагы мигранттар.

Орусия мигранттарга билим алууга тыюу салып, жумушка уруксатын же патентин жокко чыгарып, окуусун жыйыштырууну талап кылышы мүмкүн.

ВИЧ-инфекция жана башка айлана-чөйрөдөгүлөргө кооптуу жугуштуу оорулар аныкталган мигранттардын да өлкөдө жүрүү мөөнөтү кыскартылат. Ушундай эле чаралар медкароо учурунда канында баңгизат же психотроптук заттар аныкталган мигранттарга карата да колдонулат.Мыйзамга баш ийбеген мигранттарга үч жумушчу күндүн ичинде чара колдонулат.

«Чет өлкөлүк жаранга карата өлкөдө убактылуу калуу мөөнөтүн кыскартуу жөнүндөгү чечим кабыл алынган күндөн тартып, үч күндүн ичинде Орусиянын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү экени жана бул милдеттемени аткарбаган учурда кандай кесепеттер болору айтылат», — деп белгиленет Орусиянын ИИМнин буйругунда.

Орусиядагы Мигранттар федерациясынан өнүккөн өлкөлөрдөн келген мигранттарды ар үч ай сайын жугуштуу ооруларга текшербей турганын убадалашты. Анткени бул «акылсыздык».

Көрсөтүлгөн талаптардан алты жашка чейинки курактагы балдар, Белорус жарандары жана өлкөлөр ортосундагы өз ара мамилердин принцибине ылайык дипломаттар жана алардын үй-бүлөлөрү бошотулат.

Алгач эл аралык уюмдардын жогорку квалификациялуу адистери жана кызмат адамдары дактилоскопия жана медкөзөмөлдөн өтүшүүгө милдеттүү делген тизмеге кирген эмес, бирок кийинчерээк ИИМ бул талаптарды аларга карата да колдонууну сунуштаган.

Бизнес-коомчулук менен укук коргоочулар каршы

Бийликтин мындай чечимине укук коргоочулар жана бизнес-коомчулук каршы чыкты. Алар жаңы нормаларды кабыл алынгыс деп эсептейт жана басмырлоо катары сыпатташат.

«Узак убакыттан бери бир дагы мыйзам актысы миңдеген чет элдик орто жана жогорку даражадагы жетекчилердин арасында мындай көп түшүнбөстүктөрдү, көңүл калууну жана кыжырданууну жараткан эмес. Өзгөрүүлөр Орусияга чет элдик инвестицияларды тартууну таттаалдаштырып, жогорку квалификациялуу адистердин өлкө аймагынан чыгып кетүүсүнө алып келет», — деп айтылат бизнес-коомчулуктун Орусиянын өкмөтүнө жөнөткөн катында.

Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ою боюнча, жаңы мыйзамда Орусиянын экономикалык өсүшү жана гүлдөшү үчүн чет элдик адистердин мааниси зор экени эске алынган эмес.

Орусиядагы мигранттар

Орусиядагы мигранттар.

Орусияда мигранттарга тиешелүү түрдүү сунуштар байма-бай айтылып келет. Бийлик адатта алардын өлкөгө кирүү жана мамлекеттин аймагында жүрүү эрежелерин татаалдантып, ишмердүүлүгүн чектейт.

17-ноябрда Москванын мэри Сергей Собянин Москва районундагы жаңы үйлөрдүн бирин кароодон өткөрүү учурунда курулуш компаниялары курулуш иштерине мигранттарды азырак тартыш керек деген оюн айткан.

«Башка деңгээлдеги адамдар [керек], айлык акысы да башкача, мигранттардын санын азайтуу керек, бүгүнкү күндө силердин [тармакта] алардын саны көп. Көбүнчө акынкы аймактарда жашаган орусиялыктарды ишке тарткыла, айлык маянасын көтөргүлө, иштөө шартын жакшырткыла», — деген Москванын мэри жалданма-курулуш фирмасынын башкы директору Алексей Добашинге.

Добашин акыркы жылда компаниянын объектилеринде иштеген мигранттардын саны 15%га азайганын билдирген.

Ал курулуш объектилериндеги квалификациясы жакшы куруучулар 120-150 миң рублга жакын акча аларын кошумчалаган.

Октябрда Орусия Кыргызстандан келген куруучу-мигранттардын квалификациясын өлкөгө киргенге чейин текшерүүнү каалаганы белгилүү болгон.

Анткен менен Орусия коронавирус пандемиясы башталып, эмгек мигранттары өз мекенине кеткенден тартып эмгек ресурстарынын жетишсиздигине туш болгон. Федералдык жаза аткаруу кызматынын төрагасы аларды социалдаштырууга муктаж болгон абактагылар менен алмаштырууну сунуштаган. Аны Юстиция министри Константин Чуйченко колдогон.