22-декабрь күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кой-Таш окуясы» боюнча кылмыш иштерине айыпталган жарандардын бөгөт чарасын узарткан жок. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев «Клоопко» курган маегинде түшүндүрмө берди.
Жоошевдин айтымында, сот отурумунда эки маселе каралды — «Кой-Таш окуясы» иши боюнча соттук териштирүүлөрдүн мөөнөтүн жана айыпталуучулардын баш коргоо чарасын узартуу.
Адвокат биринчи маселе боюнча, тараптардын пикирин уккан соң, судья соттук териштирүүлөрдүн мөөнөтүн узартууну чечкенин белгиледи.
Ал эми адвокаттардын өтүнүчүн эске алып, айыпталуучулардын бири Равшан Жээнбековго карата камакта калуу мөөнөтүн узартылган жок. Акыркы жолу экс-депутаттын бөгөт коюу чарасы 27-декабрга чейин узартылган, демек ал 28-декабрда абактан бошотулууга тийиш.
«Жээнбеков баштаган айыпталуучулар бир жылдан ашык ТИЗОдо жана үй-камагында болушту. Жаңы Жазык-процессуалдык кодекстин 303-беренесине ылайык, тергөө абагында жана үй камагында бир жылдан ашык кармоого болбойт», — деп билдирди Жоошев.
Аны менен катар, Жоошев «Кой-Таш окуясы» боюнча иштер 2020-жылы 26-февралда соттун өндүрүшүнө келип түшкөнүн, айыпталуучулар үй камагында жатканына үстүбүздөгү жылдын 26-февралында бир жыл толгонун баса белгиледи.
«Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева 28-декабрдан тартып эркиндикте болот. Соттук процесстерге милдеттүү түрдө келип турат», — дейт адвокат.
Андан тышкары, ал ЖМКларда Фарид Ниязов дагы абактан бошотулат деп жарыяланганын белгилеп, бул жаңылыш маалымат экенин айтты.
«“Кой-Таш окуясы” боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, Фарид Ниязовго жана Канат Сагымбаевге бөгөт чара колдонулган эмес. 22-декабрда булардын маселеси каралган жок», — дейт ал.
«Кой-Таш окуясы» иши
Алмазбек Атамбаев — 2011-2017-жылдары бийликте турган. Ал мөөнөтү аяктагандан кийин 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп, жарышта сүрөп турган.
Бирок Жээнбеков бийликке келгенден кийин Атамбаевге карата «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары мурдагы президентти кол тийбестигинен ажыраткан. Бул болсо укук коргоо органдарына аны суракка чакырууга мүмкүнчүлүк берген. Бирок мурдагы президент Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка үч ирет келген эмес. Анын Кой-Таш айылындагы үйүн штурмга алуунун расмий себеби да ушул болгон.
2019-жылдын 7-8-август күндөрү анын Кой-Таштагы үйү штурмга алынган.
Штурм учурунда Атамбаевдин тарапташтары жана күч органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, анын кесепетинен атайын кызматтын офицери Үсөнбек Ниязбеков октон каза таап, Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловдун башына таш тийип, жаракат алган.
Атамбаев кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилгенден кийин анын жүздөгөн тарапташтары Ала-Тоо аянтына нааразычылык акциясына чыгышкан. Анда укук коргоо органдары менен митингчилер кагылышып, акцияга чыккандар күч менен таратылган.
«Кой-Таш окуялары» боюнча «Бийликти күч менен басып алуу», «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу» жана «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Бул иш боюнча 14 адам өтүп жатат, алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, парламенттин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова жана Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева бар.
Алардын ичинен Жээнбеков, Атамбаев жана Ниязовго карата камакка алуу чарасы колдонулган.