Адвокат Замир Жоошев «Kaktus.media» басылмасына атайын даярдыктагы УКМКнын «Альфа» бөлүгүнүн 55 кызматкеринин ичинен 53нүн көрсөтмөсүн берди. Аталган отряд 2019-жылы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Чүй облсунун Кой-Таш айлындагы үйүн штурмга алууга катышкан.

Иштин материалдарына ылайык, 55 кызматкердин ичинен 14 спецназчы гана каза болуп калган командири Үсөнбек Ниязбеков октон жарадар болгондо үйдүн ичинде болушканын айтып беришкен. Калгандары Атамбаевдин үйүнүн экинчи кабатында болушкан же болбосо резиденциядан чыгып кетишкен, себеп дегенде мурдагы өлкө башчысынын тарапкерлери тарабынан сүрүп чыгарылышкан.

Спецназчылардын көрсөтмөлөрү кылмыш ишинин материалдарынан алынган.

Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүү

УКМКнын атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүгүнүн башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты

УКМКнын атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүгүнүн башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков 7-августта, тагыраагы, штурмдун биринчи күнүндө каза тапкан.

2019-жылдын 14-августунда ЖМКлар Ниязбековдун өлүмүнө шектүү кармалганын жазып чыгышкан. Ал Атамбаевдин мурдагы тарапташы Алга Кылычевдин Кой-Ташта эки күн айдоочусу болуп иштеген Рысбек Карыпбек уулу болгон.

Кылычев да бул иш боюнча шектүү катары өтүп жаткан, бирок кийинчерээк тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, башка айыпталуучуларга каршы көрсөтмө берген.

Кийинчерээк Рысбек Карыпбек уулунун аялы президентке кайрылып, Кой-Таш окуясын териштирүүнү суранган.

Карыпбек уулу үстүбүздөгү жылдын февраль айында ИИМдин башкы башкармалыгынын кызматкери Эмирлан Султаналиев тарабынан ага карата кыйноо колдонулганын билдирген. Ал өзүнүн Кыйноолорду алдын алуу борборуна жолдогон кайрылуусунда Султаналиев аны камерага спецназчынын өлүмүн мойнуна алууга мажбурлаганын жазган.

Эми болсо Ниязбековдун өлүмүнө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталууда. Ал эми анын жансакчысы жана УКМКнын 9-кызматынын мурдагы спецназчысы Канат Сагымбаев адам өлтүрүүгө көмөктөшкөн деп айыпталууда.

Сурак берген 14 кызматкердин ичинен 10 спецназчы Ниязбеков жарадар болгонун көрүшкөн эмес — алардын айрымдары ошол учурда экинчи кабатта болушкан, бирок ок чыгарууларды угушкан, айрымдары биринчи кабаттагы ошол эле бөлмөдө болушкан (кире бериштин оң тарабында), бирок эс учтарын жоготкон абалда жатышкан. Ошол эле кезде алардын ичинен экөө кимдир бирөө автоматтан ок чыгарганын көрүшкөн, дагы экөө болгону ок чыгарылганын угушкан.

Дагы төртөө Ниязбековду ким атканын көрүшкөнү менен бирок алардын ичинен бирөө кол менен автоматты гана көрүп, андан кийин атышууда башын катып алганын айткан. Дагы башка үчөө аткан адамды көрүшкөнүн жана аны таанып бере алышаарын белгилешкен. Анткен менен алар жаралган жагдайдан улам ок чыгаруулар Ниязбековду карай атылганы менен аны жарадар кылды деп так айта алышпай турганын билдиришкен.

Мындан тышкары, алардын ичинен бирөөсү ок атуу башталганга чейин ошол эле адам аны маки менен өлтүрүүгө аракет жасаганын маалымдаган.

Спецназчылардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, бөлмөдө жүргөн Атамбаевдин тарапкерлеринин бири спецназчылардын биринин тапанчасын алып, «дароо артка чегинип, белгисиз тарапты көздөй барып изин жашырып кеткен». Бирок бир нече убактан кийин ал кайтып келип полдо жаткан «АК-74» автоматын көтөрүп, ок чыгаргычын ачып, бир нече жолу шыпты көздөй аткан.

Андан соң аталган адам «Мына булар болбой калыптып, бул балдарды эшикке чыгарыш керек» деген сөздөр менен кордон аркылуу сойлоп кирип, бир нече спецназчы отурган дубалдын алдындагы диванды дагы бир нече жолу аткылаган.

Спецназчылардын айтымында, Ниязбеков ал убакта аталган диванга жөлөнүп жерде жаткан, анткени ал эс учун жоготуп койгон болчу.

«Кезеги кыска болду, болжолдуу 5-6 жолу [ок атуу]. Түшүнгөнүм боюнча ок менин сол жагымдагы кесиптештеримдин бирөөсүнүн бронежилетине тийген, экинчиси сол жагымдагы сол колумдун алдындагы жаздыкка, үчүнчүсү жана башкалары оң жактарга, бирок алар так кайсыл жерге тийгенин түшүнгөн жокмун», — деп айтып берген «Альфанын» кызматкерлеринин бири.

Ошол эле кезде башка спецназчылар ошол ок атууларда айрымдары жарадар болгонун белгилешкен.

Андан кийин, бир нече күбө тастыктап бергендей, ошол киши эки метр аралыктан эки жолу Ниязбековду көздөй ок чыгарган. Октун бирөө спецназчыга тийген.

Ок чыгарылгандан кийин кордондо турган адамдар аны түртүп, куралды алып коюшкан.

«Алар кармаша кетишти, себеби ок чыгарган киши куралды бергиси келген эмес. Андан кийин аны көргөн жокмун, аткан кишинин жүзүн көрө да албадым», — деп айтып берген бөлмөдө болгон спецназчылардын бири.

Ок чыгаруу учурунда башка кызматкерлер менен экинчи кабаттын тепкичинин жанында болгон спецназчы ок атылып атканын уккандан кийин алар дароо үстүгө чуркап чыгышканын айткан.

«Мен, дагы бир кызматкерибиз жарандык кийимчен болчубуз. Экинчи кабаттан столдорду ыргытып, экинчи кабатта колдо бар эмеректерден тосмо кура баштадык. Экинчи кабаттын эшигин жаап, биздеги “АК-74” жана тапанчаларды ажырата баштадык», — деп айтып берген ал.

Көрсөтмөлөргө ылайык, бир да спецназчы Ниязбековду тек гана Атамбаев атты деп айткан эмес.

Башкы прокуратуранын версиясы

Тергөөнүн жана УКМКнын расмий версиясы боюнча, спецназдын кызматкери Драгунов снайпердик мылтыгынан (СВД) өлтүрүлгөн. Аны жарадар болууудан бронежилет да куткарган эмес.

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин билдирүүсүнө ылайык, бул курал Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин атына катталган. Ага спецназдын башчысынын орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүү айыбы тагылган.

УКМКнын атайын даярдыктагы «Альфа» отрядынын жана Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин көрсөтмөлөрү жарык көргөндөн кийин Башкы прокуратура сайтында билдирүү жарыялады.

Ал жакта спецназчылардын көрсөтмөлөрү Жоошев тараптан толук көрсөтүлбөгөнү айтылат. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө алардын көрсөтмөлөрү такталып жана кошумчаланган, андан тышкары, башка күбөлөр да суракка алынып, «жыйынтыгында чыныгы окуя аныкталган».

Көзөмөл органдан тергөөчүлөр окуянын чыныгын аныктоо үчүн сурак жүргүзүп, окуя болгон жерде кароо, тергөө экспериметтерин, соттук-медициналык жана баллистикалык экспертизаларды уюштурушканын белгилешти.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура Атамбаевдин жана анын жансакчысы Канат Сагымбаевдин Ниязбековду жана башка жабыркагандарды өлтүрүүгө аракет жасоолорго тиешелери далил заттардын жардамы менен аныкталганын билдирди.

«Экспертиза тарабынан, октун кирген жана чыккан тешигин изилдөөнүн натыйжасында, колдонулган ок дары 7.62 мм калибринде экендиги жана Ниязбековдун кийиминдеги жана бронежилетиндеги коргошундан турган ок дарынын калдыктары аң уулоочу мылтыктан, башкача айтканда Атамбаевге таандык СВД мылтыгынан атылгандыгы тастыкталган», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Ошондой эле ведомстводон Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, Жоошев кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарууга укугу жок болгонун белгилешти.

Адвокаттын версиясы

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө адвокат Замир Жоошев жооп берди. Ал Баллистикалык экспертизада айтылган жүйөөлөрдү келтирип, анын жыйынтыктарында ок чыгаруу СВДдан болгону, анын ичинде курал Алмазбек Атамбаевге таандык болушу мүмкүндүгү айтылган эмес деп белгиледи.

Анын айтымында, октун өзү табылган эмес, ошондуктан анын экспертизасы өтүшү мүмкүн эмес эле. Ал эми баллистикалык экспертизанын өзү тешиги бар болгон спецназдын камуфляждык көйнөгү жана бронежилети боюнча өткөрүлгөн.

УКМКнын экс-кызматкери жана мурдагы президенттин тарапкери Канат Сагымбаев да бул иш боюнча баллистикалык экспертизанын жыйынтыктарына күмөн санаарын билдирди. Анын айтымында, ал экспертизага катышууга уруксат берүүнү суранганы менен ага баш тартып коюшкан.

Канат Сагымбаев. Сүрөт: 24.kg

«Экспертизада көрсөтүлгөн курал үйдүн үчүнчү кабатында болгон, ал ал жактан чыгарылган эмес. Эмне үчүн үчүнчү кабаттан экинчи кабатка чейин бир тамчы кан да, из да жок? Адамга СВДдан ок тийсе ал кансырамак», — деп айткан Сагымбаев.

Мындан тышкары, Сагымбаев «Альфанын» 15 спецназчысынын көрсөтмөлөрүн окуп чыккан. Анын айтымында, ал Атамбаев менен үйдүн үчүнчү кабатында бекинип алган болчу, андыктан биринчи кабатта болгон, анын үстүнө дивандын артына жашынып алган Ниязбековду ата алышпайт эле.

Ал Ниязбеков СВДнын 7.62 мм огунан эмес, Калашников автоматынын («АК-74») 5.45 мм огунан жарадар болгон деп эсептейт.

«ЛПСтин 7.62 мм огу денеге тийгенде траекториясын өзгөтпөйт, ал түз чыгат, ошол эле учурда 100-150 грамм этти жулуп чыгат. Ниязбековго тийген ок түз траектория боюнча кетпей, дененин такыр башка бөлүгүнөн чыккан», — деп айткан жансакчы.

Мындан тышкары, ал бул көрсөтмөлөрүндө маркум Ниязбековдун апасынын Калашников тууралуу айткандагы көрсөтмөсүнө таянууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Атамбаевди кармоо операциясында жабыркаган спецназ кызматкери ооруканада каза тапты. Азыр эмне болуп жатат?