Жогорку сот №4 Көк-Жар шайлоо округу жана № 2 Баткен округу боюнча БШКнын чечимин күчүндө калтырды.
Анын негизинде, сот добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арыз ээсинин талабын четке какты.
Парламенттик шайлоодо бул округдардан эң көп добушту Өмүрбек Бакиров (Көк-жар округу) жана Нурлан Ражабалиев (Баткен округу) алышкан. Арыз ээлери талапкерлер добуш сатып алышкан деп айтышкан, бирок укук коргоо органдары муну тастыктаган далилдерди тапкан эмес.
Шайлоонун жыйынтыгы
Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 15-декабрда тааныган.
Коммисиянын чечими боюнча, Жогорку Кенештин жетинчи чакырылышына 5%дык босогодон өткөн алты партия кирип жатат:
- «Ата-Журт Кыргызстан» — 17,32%;
- «Ишеним» — 13.61%;
- «Ынтымак» — 11.00%;
- «Альянс» — 8.35%;
- «Бүтүн Кыргызстан» — 7.04%;
- «Ыйман Нуру» — 6.17%.
БШК 20 шайлоо участогу боюнча маалыматтар жокко чыгарылганын эсепке алуу менен шайлоонун жыйынтыгы таанылганын белгиледи. Аталган 20 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыккан.
Мандаттар кандай бөлүштүрүлдү:
- «Ата Журт Кыргызстан» — 15 мандат (5и аялдарга тиет);
- «Ишеним» — 12 мандат (4ү аялдарга тиет);
- «Ынтымак» — 9 мандат (3ү аялдарга тиет);
- «Альянс» — 7 мандат (3ү аялдарга тиет);
- «Бүтүн Кыргызстан» — 6 мандат (2си аялдарга тиет);
- «Ыйман Нуру» — 5 мандат (2си аялдарга тиет).
Тема боюнча: Шайлоонун протоколуна ишенүүгө болбойт: БШКнын маалыматтарынын анализи
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тезме менен 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган. Шайлоодо 21 партия жана бир мандаттуу округдан 300гө жакын талапкер ат салышкан.