Казакстан жыл ичинде коңшу өлкөлөрдөн кошумча 700 млн метр куб суу алды

Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстар министрлиги 21-декабрда 2021-жылга карата ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Басма сөз жыйында Казакстандын экология министри Серикалли Брекешев жыл ичинде коңшу өлкөлөрдөн алынган суу боюнча маалымат берди.

Казак чиновнигинин айтымында, бул жылы Казакстан кошумча 700 млн кубометр кошумча суу алган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 106 млн кубометрге көп.

«Атап айтканда, коңшуларыбызга өздөрүн чектөөгө туура келсе да бирок бизге зарыл көлөмдөгү сууну беришти. Жыйынтыгында биз Туркестан, Кызыл-Орда жана Жамбыл облустарынын дыйкандарын сугат учурунда суу менен камсыздай алдык», — деп билдирди министр.

Казак өкмөтүнүн пресс-релизинде Казакстанга кайсы өлкөлөр суу бергени айтылган эмес. Бирок Казакстандын Борбордук коммуникациялар кызматы жарыялаган видеодон кайсы өлкөлөрдөн суу алынганы көрсөтүлгөн слайдды көрүүгө болот.

Казакстандын Борбордук коммуникациялар кызматынын видеосунан скриншот

Слайдда кошумча 700 млн кубметр суу эки суу сактагычтан — Кыргызстандагы Токтогул жана Тажикстандагы Бахри Точиктен алынганы көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, слайдда «Кыргызстандын суу сактагычтарындагы суунун көлөмүнүн 2020-жылга салыштырганда аздыгына карабай [Казахстандын] Жамбыл облусунун айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылууга мүмкүн болду» деп айтылат.

Кыргызстандагы энергетикалык кризис

Кыргызстандын энергетика тармагы 2021-жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учурады. Мунун негизги себеби катары бийлик аймактагы суунун тартышыгын атаган.

Мындан улам өлкөнүн электр энергиясынын негизги булагы болгон «Токтогул» суу сактагычында суунун деңгээли аз болгону байкалган.

Тема боюнча: Жазында «Токтогулдагы» суунун көлөмү 7 млрд метр кубга төмөндөй турганы айтылды

Энергокризистин шартында Кыргызстандын бийлиги күз-кыш жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттой баштаган. Ошентип өлкө алмашуу жолу менен Казакстандан, Өзбекстандан энергия алат, аны менен катар Түркмөнстандан импорттойт.

Казакстандан электр энергиясын алуунун шарттарынын бири — бул жылдын март айында түзүлгөн алмашуу келишиминин негизинде суу агызуу. Келишимге ылайык, жайында кыргыз тарап суу менен камсыз кылып, ордуна кыш мезгилинде электр энергиясын алмак.

Кийин 10-декабрда эки тараптуу келишим тууралуу сөз болуп жатканы белгилүү болгон. Анда казак тарап 2021-жылдын жаз-күз айларында Кыргызстанга 900 млн кВт саат электр энергиясын берүү милдетин алган. Анын ичинен марттан май айына чейин Кыргызстанга 420 млн кВт сааты келген.

Энергетика министрлигинен белгилешкендей, «бул көрсөтүлгөн мөөнөттө Токтогул суу сактагычына кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзгөн».

Ведомствонун маалыматына ылайык, кыргыз тарап Казакстанга электр энергиясы түрүндө июндан августка чейин 300 млн кВт саат кайтарып берген.

«Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына кайтарылган электр энергиясы Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде өндүрүлөт, ал эми керектелген суунун көлөмү көрсөтүлгөн электр энергиясын иштеп чыгууга жумшалат. Энергетика министрлиги ар бир куб метр суу электр энергиясына айлангандыктан, гидроагрегаттарды айланып өтүүчү суу кошумча коё берилбестигин жоопкерчилик менен билдирет» — деп белгилешкен энергетика министрлигинен.

Эки тараптуу келишимге ылайык, Кыргызстан Казакстандан алган 900 млн кВт саатты үч жыл аралыгында, 2023-жылга чейин кайтарып берет, тагыраагы, жыл сайын июндан август айына чейин 300 млн кВт сааттан берип турат.