Энергетика министрлиги: Казакстанга бир да литр суу сатылган жок, ал алмашуу болгон

Энергетика министрлиги жайында Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кошумча суу берилгени боюнча үн катты.

Энергетика министрлигинен түшүндүрүшкөндөй, сөз келишим тууралуу болуп жатат, ага ылайык, казак тарап 2021-жылдын жаз-күз айларында Кыргызстанга 900 млн кВт саат электр энергиясын берүү милдетин алган. Анын ичинен марттан май айына чейин Кыргызстанга 420 млн кВт сааты келген.

Энергетика министрлигинен белгилешкендей, «бул көрсөтүлгөн мөөнөттө Токтогул суу сактагычына кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзгөн».

Ведомствонун маалыматына ылайык, кыргыз тарап Казакстанга электр энергиясы түрүндө июндан августка чейин 300 млн кВт саат кайтарып берген.

«Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына кайтарылган электр энергиясы Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде өндүрүлөт, ал эми керектелген суунун көлөмү көрсөтүлгөн электр энергиясын иштеп чыгууга жумшалат. Энергетика министрлиги ар бир куб метр суу электр энергиясына айлангандыктан, гидроагрегаттарды айланып өтүүчү суу кошумча коё берилбестигин жоопкерчилик менен билдирет» — деп белгилешти энергетика министрлигинен.

Эки тараптуу келишимге ылайык, Кыргызстан Казакстандан алган 900 млн кВт саатты үч жыл аралыгында, 2023-жылга чейин кайтарып берет, тагыраагы, жыл сайын июндан август айына чейин 300 млн кВт сааттан берип турат.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев «ЭлТР» телеканалына курган маегинде «Казакстанга бир дагы литр суу сатылган жок» деп баса белгиледи. Ал бул маселени саясатташтырбоого жана расмий кызматкерлерди, алардын ичинде депутаттарды «туура эмес сөздөрдү айтпоого» чакырды.

Тема боюнча:

Улуттук энергохолдинг: Кыргызстан жайында Казактанга келишимдин негизинде суу агызды