Кетип жаткан парламент бир күндө кайсы мыйзамдарды кабыл алууга үлгүрдү?

Депутат Дастан Бекешев 24-декабрда Фейсбук барагында Жогорку Кеңештин кетип жаткан алтынчы чакырылышы 22-декабрда кабыл алып үлгүргөн мыйзам долбоорлорунун тизмесин жарыялады.

Бекешевдин айтымында, маанилүү долбоорлордун арасында парламентти бюджеттик каражаттарды көзөмөлдөө укугунан толук ажыраткан жана республикалык бюджеттин кирешесинен президенттин резервдик фондун 2%га жогорулаткан бюджет кодекси кабыл алынды.

«2022-жылга республикалык бюджет 281 млрд сомду түзөт деп пландалууда, демек, ага ылайык, президент 2,8 млрд сомду өз алдынча тескей алат», — деп билдирди Бекешев.

Парламент Бекешевдин оюу боюнча, «абдан эле дымактуу» болуп аткан 2022-жылга карата республикалык бюджетти да кабыл алды. Бирок, депутаттын айтымында, казына салыктар аркылуу толтурулат.

Ошондой эле, депутаттар бизнес-коомчулугу тарабынан бир далай сынга алынган жаңы Салык кодексине үчүнчү окууда добуш беришти. Бекешев документ 22-декабрь күнү кечиндеги экинчи жолку аракеттен соң кабыл алынганын белгиледи.

Депутаттар «мыйзамдарды чечемелөө жөнүндө ченемди» да кабыл алышты. Бекешев түшүндүргөндөй, аталган ченем мыйзамдарды чечмелөө жөнүндө мыйзам долбоорлору так кесе кантип иштеп чыгарылышы керектигин айтып турат.

Депутаттар жетинчи чакырылыш үчүн дагы Жогорку Кенештин регламенти жөнүндөгү Конституциялык мыйзамды кабыл алып беришти.

«Эгер бир мандаттуу округдан келген эл өкүлү депутаттык топко кирсе, анда ал жактан кайра чыга албайт. Депутаттык топтон чыгуу мандатын чакыртып алууга алып келет», — деп белгиледи эл өкүлү.

Парламент 2022-жылга карата Социалдык фонддун бюджети жөнүндө долбоорду дагы кабыл алды. Бирок долбоордо пенсияны жашоо минимумуна чейин көбөйтүү каралган эмес. А бирок Бекешев Конституцияда 2023-жылга карата пенсияларды көбөйтүү каралганын белгиледи.

Депутаттар дагы кайсы мыйзам долбоорлорун кабыл алышты:

  • аз түшүм берген жана жайыт жерлерин 20 жылга чейин узартуу шарты менен ижарага берүү;
  • көчөлөргө улуу жана акчалуулардын атын ыйгаруу мүмкүнчүлүгү;
  • виртуалдык активдер жөнүндө, бул мыйзам боюнча криптовалюта майнинги мыйзамдуу болот. Майнингдин эрежелери жазылат;
  • бешинчи аракеттен соң кабыл алынган Жогорку соттун судьясын кызматтан бошотуу токтому.

Жогорку Кенештин жаңы чакырылышынын депутаттары 23-декабрда ант бериш керек болчу. Бирок БШК шайлоого байланыштуу соттук териштирүүлөрдөн улам депутаттарды каттоону убактылуу токтоткон, мындан улам жаңы чакырылыштын ишке кириши кечеңдеген.

Бекешевдин айтымында, алтынчы чакырылыштын депутаттары эң аз дегенде дагы бир жума иштешет.