БШК парламенттин жаңы чакырылышынын депутаттарын каттоону убактылуу токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 22-декабрдагы жыйында БШК Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын каттоону убактылуу токтотконун кабарлады.

Шайлдабекованын айтымында, сотто бир нече арыз каралып жаткандыгына байланыштуу каттоо убактылуу токтотулган — шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу үч арыз бирдиктүү шайлоо округу жана дагы бир арыз бир мандаттуу округ боюнча.

Буга чейин Бишкектин Административдик соту БШКнын Чүй-Кемин округу боюнча талапкери Медербек Саккараевди каттоону жокко чыгаруу чечими каралып жатканы белгилүү болгон.

БШК 18-декабрда талапкер экинчи жарандыгы жок деген маалыматты толук берген эмес деген жүйө менен анын каттоосун жокко чыгарган. БШКнын чечимин Администритивдик сот 21-декабрда колдоп, аны күчүндө калтырган.

Мындан сырткары, 21-декабрда Административдик сот талапкер Жанар Акаевдин мандаты боюнча «Альянс» партиясынын БШКга жазган арызын канааттандырган.

Маалыматка ылайык, сот БШКнын 15-декабрдагы «Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө» токтомунда «Альянстын» үч талапкер аялына депутаттык мандат бөлүп берүү тууралуу бөлүгүндө айтылган чечимин «мыйзамсыз» деп таап, аны жокко чыгарганы маалымдалган.

Ошондой эле сот БШКнын «Альянс» партиясынан Токтобүбү Оргалчаны шайланган депутат деп таануу тууралуу чечимин жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 15-декабрда тааныган.

Коммисиянын чечими боюнча, Жогорку Кенештин жетинчи чакырылышына 5%дык босогодон өткөн алты партия кирип жатат:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 17,32%;
  • «Ишеним» — 13.61%;
  • «Ынтымак» — 11.00%;
  • «Альянс» — 8.35%;
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 7.04%;
  • «Ыйман Нуру» — 6.17%.

Тема боюнча окуңуз: Добуштарды ким уурдады? «Клооп» кол санактын протоколдорунда жүздөгөн добуш жоголгонун аныктады

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тезме менен 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган. Шайлоодо 21 партия жана бир мандаттуу округдан 300гө жакын талапкер ат салышкан.