Салык кызматы: Ыктыярдуу патент жарым-жартылай, милдеттүүсү толугу менен жоюулат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев 24-декабрдагы басма сөз жыйында жаңы Салык кодекси күчүнө киргенден кийин кандай жаңыртуулар кирерин айтып берди.

Алиев, негизинен салык органы салык салуунун бир нече режимин жоё турганын билдирди — келишимдик режими жана милдеттүү патент.

Бирок мекеменин төрага орун басары милдетүү патент менен кошо ыктыярдуу патент да жоюулабы-жокпу тактап айткан жок.

Салык кызматынын басма сөз кызматы «Клоопко» милдеттүү патент толугу менен, ал эми ыктыярдуу патент жарым-жартылай гана жоюуларын тастыктады.

«Учурда колдонуудагы кодекске ылайык, ыктыярдуу патент боюнча коюмдун эки түрү бар — жеке ишкерлик жана жеке эмгек ишмердиги боюнча. Жеке ишкерлик менен алектенгендер үчүн патент жоюулуп кетиши ыктымал. Ал эми жеке жак катары эмгектенгендердин патентинин түрлөрү ишмердик багыттары көрсөтүлгөн бөлүгүндө азайтылат», — деп такташты басма сөз кызматтан.

Жаңы Салык кодексинде салык келишими боюнча дагы ишмердүүлүк каралган эмес.

Ведомстводон түшүндүрүшкөндө, негизинен мындай режимди Ысык-Көлдөгү коттеждер, кафе жана ресторандар пайдаланып келген.

Жаңы Салык кодекси күчүнө киргендей кийин алар кайсы режим менен иштей турганын өздөрү тандашат.

Жаңы Салык кодексин парламенттин алтынчы чакырылышы 22-декабрдагы акыркы жыйынында кабыл алган. Жаңы кодексти 83 депутаты колдоп, эки гана эл өкүлү каршы добуш берген.

Минкаб Салык кодексинин келечектеги жаңы редакциясын биринчи жолу 2021-жылдын июлунда талкуулаган. Долбоор бир канча ирет коомчулуктун жана бизнес өкүлдөрүнүн сынына кабылган.