Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда жаңы Салык кодексин кабыл алды

Депутат Дастан Бекешев 22-декабрда Телеграм-каналы аркылуу парламент Салык кодексинин чуулгандуу жаңы долбоорун үчүнчү окууда кабыл алганын билдирди.

Жаңы кодексти алтынчы чакырылыштын 83 депутаты колдоп, эки гана эл өкүлү каршы добуш берген.

Ошол эле күнү Салык кодексинин долбоору боюнча алгачкы добуш берүүдө депутаттардын документке карата добушу берилген болчу, бирок аны кабыл алууга добуштардын саны жетпей калган.

Минкаб Салык кодексинин келечектеги жаңы редакциясын биринчи жолу 2021-жылдын июлунда талкуулаган. Долбоор бир канча ирет коомчулуктун жана бизнес өкүлдөрүнүн сынына кабылган.

Анткен менен документтин өзүн узак убакыт ачыкка жарыялабай коюшкан. Жыйынтыгында аны 20-декабрда депутат Дастан Бекешев Телеграм каналына жарыялаган.