Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болду, жуктуруунун 44 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда 25-декабрга карата коронавирустан эки адам көз жумду. Ал эми 48 бейтап илдеттен айыгып чыкты, жуктуруунун 44 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Чүй облусу — 18;
  • Бишкек шаары — 15;
  • Ысык-Көл облусу — 5;
  • Ош облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Нарын облусу — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 184 439 жетти. Ал эми өлкө боюнча 179 545 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 792 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 283 бейтап, ал эми үй шартында 334 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 25-декабрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 4 971 адам, ал эми экинчи дозасын 4 569 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.