Сокулукта 18 гектар айыл чарба жери соцобъектилерди курууга берилет

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 28-декабрда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан жерлерди трансформациялоо чечимине кол койгонун билдирди.

Минкабдын чечими боюнча, бул райондогу 18 гектар жер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулат (трансформацияланат).

«Аталган чечим Новопавловка айыл аймагына социалдык объектилерди куруу максатында кабыл алынган», — деп түшүндүрүштү минкабдан.

Бирок минкаб трансформацияланган жерге кандай социалдык обьектилерди куруу пландалып жатканын айткан жок.

Буга чейин Министрлер кабинети ЖЭБ-2нин айланасындагы 47,7 гектар жерди мыйзамдаштыруу тууралуу чечим кабыл алган. Аталган жерлер Орок айыл аймагында жайгашкан. Минкаб ЖЭБ-2нин айланасындагы жерлерди президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мыйзамдаштырган. Президент бул тапшырманы 15-ноябрда конуштун тургундары менен жолуккандан кийин берген.

«Бул мурунку бийликтин жылдар бою чечилбей келе жаткан каталары. Аларды акырындык менен чечебиз. Мындай көйгөйлөр жер маселеси боюнча эле эмес, бардык тармактарда бар», — деп белгилеген ошондо президент.