ЖЭБ-2нин айланасындагы жер тилкелери мыйзамдаштырылат

Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагындагы жаңы конуштардын жерлери мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-ноябрда конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жапаров жер тилкелерди трансформациялоого жана ЖЭБ-2 конушун борбордун курамына кошууга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн министрлер кабинетине тапшырмаларды берди.

«Ушул жуманын аягына чейин министрлер кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат», — деди ал.

Андан сырткары, өлкө башчысы ЖЭБ-2нин жанында пайда болгон конуштун көйгөйү узак жылдардан бери чечилбей келгени мурунку бийликтин «калпыстыгы» менен байланыштырды.

«Бул мурунку бийликтин жылдар бою чечилбей келе жаткан каталары. Аларды акырындык менен чечебиз. Мындай көйгөйлөр жер маселеси боюнча эле эмес, бардык тармактарда бар», — деп белгиледи Жапаров.

2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда.

ЖЭБ-2 конушунун жашоочуларынын митинги

2021-жылдын март айында ошол кездеги премьер министр Улукбек Марипов «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын көчмө жыйынында Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлө көчүрүлөт деп билдирген.

Мындан улам 25-мартта Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочулары жер тилкелерин трансформация кылып берүү талабы менен өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан. Акцияга 80ге чукул адам чогулган.

Митингге чыккан тургундар менен 26-мартта Артём Новиков жолугуп, азыркы учурда «жарандардын турак үйлөрүн сүрдүрүү же көчүрүү тууралуу эч кандай чечим кабыл алынбайт» деп билдирген болчу.

ЖЭБ-2ни реабилитациялоо

ЖЭБ-2 өзү Сокулук районунда жайгашкан, анын курулушу 1986-жылы башталып, 100 гектарга жакын аймакты ээлейт деп пландалган. Бирок СССР кулагандан кийин жылуулук электр борборунун курулуш иштери токтоп калган. Бара-бара объектинин 47 гектарга жакын аймагына жеке турак үйлөр курулган.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин 2021-жылдын 13-августунда жылуулук электр борборунун абалы менен таанышып чыккан. Анда Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан. Ал жергиликтүү жашоочуларга ЖЭБ-2нин курулушун бүтүрүүнү жана калктын көйгөйүн чечүүнү убадалаган.