«МедиаХабдын» иликтөөсү: «Финико» каржы пирамидасы кантип элди карызга батырды?

«МедиаХабдын» журналисттери «Финико» каржы пирамидасына алданган кыргызстандыктар тууралуу иликтөө жарыялады.

Материалда жүздөгөн жарандар акчаларын көбөйтүү максатында «Финикого» каражаттарын берип, кайтара албай калганы тууралуу баяндалат. Жабырлануучулар каржы пирамидага 100дөн 100 миң долларга чейин акча салышканын айтып беришкен.

«Финико» пирамидасы

«Финико» 2019-жылы Орусиянын Казань шаарында пайда болгон, бирок ал компания катары расмий эч жерде катталган эмес. Пирамиданын негиздөөчүсү Кирилл Доронин үстүбүздөгү жылдын июль айында Казанда кармалып, тергөө абагына киризилген. Аны менен бирге күч органдары «Финиконун» бир катар жетекчилерин да кармаган.

Алгачкы жарыяланган маалыматка ылайык, «Финиконун» ишмердүүлүгүнөн Орусияда жарандар 70 млн рубль зыян тартышкан. Бирок бул пирамиданын башка өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрдү ачууга тоскоол жараткан эмес.

Дорониндин Кыргызстандагы өкүлдөрү кыргызстандыктарга «Финико» трейдингден жана криптовалюталарга акчаларын үч эсе көбөйтүп берерин убада кылышкан.

«“Чогулган суммаларды электрондук валюта, биткоинге салып көбөйтүп беребиз” деп кардарларына түшүндүрүп турушкан. Чынында каражаттарды биткоинге же башка криптовалютага салган-салбаганы белгисиз. Болгону телефондо болгон тиркемеде кардар салган акчанын суммасы жана кайсы бир датадан кийин ала турган сумма көрсөтүлгөн», — деп түшүндүрүштү иликтөөчү журналисттер.

«Финиконун» акча бирдиги «Цифрон» деп аталган жана ал АКШ долларга тете болгону айтылган. Акча салган жарандар каражаттарды «Финиконун» лидерлерине накталай беришкен. Андан соң жабырлануучулар «Финиконун» сайтында катталып, аларга тиркеме жүктөлүп берилген. Анда «жеке эсебине» түштү делген каражаттар көрсөтүлүп турган.

Анткен менен орусиялык журналист Эдуард Петровдун иликтөөсүндө бул тиркеме жөн гана оюн платформасы болгону, анда көрсөтүлгөн суммалар эч кандай реалдуу акча эместигин ачыктаган.

«Финиконун» өкүлдөрү: Калыйма Жумалиева, Жолдош Корголдоев, Доктургүл Төлөкова, Жазгүл Ашуралиева, Мээрим Тагайматова

«Финико» кыргызстандыктарга бир нече программаларды сунуштаган. Элдин көбү турак жай сатып алуу үчүн акчанын 35%ын доллар менен салышкан. Калган 65%ы төрт айдын ичинде көбөйүп берилет деп убадаланган. Мунун айынан айрым жабырлануучулар бар мүлкүн сатып көчөдө калышса, айрымдары карызга белчесинен батып кеткен.

Журналисттер 500дөн ашуун жабырлануучунун тизмесин түзүп, алар 3,4 млн доллар салышканын эсептеп чыгышты. Анткен менен жабырлануучулардын эч бири салымдарын тастыктаган документ көрсөтө алышкан эмес. Анткени акчалар накталай берилген.

Кыргызстандын укук коргоо органдарына «Финиконун» лидерлерине карата бир нече арыз келип түшкөн. Анын негизинде төрт лидер кармалган. Учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Ошол эле учурда журналисттер «Финиконун» ишин Улуттук банк да, финансы рыногун көзөмөлдөө кызматы да көзөмөлдөгөн эместигин аныкташкан.