Аялын өлтүрүүгө шектелген жаран убактылуу кармоочу жайда жанын кыюуга аракет кылды

Таласта аялын өлтүрүүгө шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген жаран асынып алууга аракет кылды. Маалыматты «Клоопко» Кыргызстандагы Кыйноолордн алдын алуу боюнча улуттук борбордун аймактык жетекчиси Нурлан Абдыраимов тастыктады.

Абдыраимовдун айтымында, шектүү шейшептин айрындысынан жасалган арканга асынып алмакчы болгон. Бирок убактылуу кармоочу жайдын күзөтчүлөрү өз учурунда байкап, куткарып калышты.

«Учурда кармалган адам психологиялык жактан басынып, жашагысы келбей жатат, ал ыкчам психологиялык-психиатриялык жардамга муктаж. Учурда өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок», — деди улуттук борбордун жетекчиси.

Аялын өлгүчө сабаган

3-январда Талас ОИИБнин басма сөз кызматы «Клооптун» журналисттине аялын өлтүрүүгө шектелип анын күйөөсү кармалганын кабарлаган.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы аял көз жумганы тууралуу билдирүү 29-декабрда Талас РИИБге келип түшкөн — маркумдун денеси өз үйүндө табылган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, аялдын денесинде көгала тактарды байкаган.

Бул факты Талас РИИБнин электрондук журналына катталып, «Байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары жабырлануучунун 33 жаштагы күйөөсүн кармаган.

Бардык жагдайларды тактоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. «Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, Талас райондук соту кармалган жаранды эки айга камакка алган.

Айрым ЖМКлар кармалган адам жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында иштей турганын жазып чыгышкан.

Кыргызстан — Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө

Аялдардын тынчтык жана коопсуздук боюнча глобалдык индексинин (WPS Index) рейтингине ылайык, Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган.

Дүйнөдөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөр Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак экени айтылды.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 762 кылмыш иши аял киши өлтүрүлгөн үчүн козголгон.

Көпчүлүк учурда киши өлтүрүү эркек тараптан жасалаары аныкталган. Биздин талдоо фемициддин 75% киши колдуу болгон аялга тааныш болгон адам, жыныстык өнөктөшү, тууганы же жолдошу тарабынан жасалганын көрсөтөт. Ошондой болсо да, аялдардын өмүрүнө көбүнесе тек гана күйөөлөрү кол салган. Аялдарды өлтүрүү учурларынын 11%ы гана көчөдө бейтааныш адам тарабынан жасалган.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.

Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабыл болгон учурда кайрыла турган кризистик борборлордун даректери жана телефон номурлары:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чүй проспекти, 207, 509-батир, телефон: 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312 512 640;
  • «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772 328 960, 0322 222 965;
  • «Акыл карачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555 281 423, 0776 281 423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776 380 777, 0322 255 608;
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550 231 329, 0322 245 976;
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773 843 461;
  • «Теңдеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700 257 890, 0352 250 270, 03522 295 047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557 484 713, 0342 255 885;
  • «Жаңыл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777 393 077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372 255 084;
  • «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709 694 550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706 383 637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702 223 535, 0551 733 390.