Талас: Аялын өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалды

Талас облусунда аялын өлтүрүүгө шектелип анын күйөөсү кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы аялдын өлүмү тууралуу билдирүү 29-декабрда Талас РИИБге келип түшкөн — маркумдун денеси өз үйүндө табылган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, аялдын денесинде көк-ала тактарды байкаган.

Бул факты Талас РИИБнин электрондук журналына катталып, «Байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары жабырлануучунун 33 жаштагы күйөөсүн кармаган.

Бардык жагдайларды тактоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. «Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, Талас райондук соту кармалган жаранды эки айга камакка алды.

Кыргызстан — аялдар үчүн Борбор Азядагы эң кооптуу өлкө

Аялдардын тынчтык жана коопсуздук боюнча глобалдык индексинин (WPS Index) рейтингине ылайык, Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган.

Дүйнөдөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөр Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак экени айтылды.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 762 кылмыш иши аял киши өлтүрүлгөн үчүн козголгон.

Көпчүлүк учурда киши өлтүрүү эркек ьарапьан жасалаары аныкталаган. Биздин талдоо фемициддин 75% киши колдуу болгон аялга тааныш болгон адам, жыныстык өнөктөшү, тууганы же жолдошу тарабынан жасалганын көрсөтөт. Ошондой болсо да аялдардын өмүрүнө көбүнесе тек гана күйөөлөрү кол салган. Аялдарды өлтүрүү учурларынын 11%ы гана көчөдө бейтааныш адам тарабынан жасалган.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.

Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабыл болгон учурда кайрыла турган кризистик борборлордун даректери жана телефон номурлары:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чуй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
  • ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
  • НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
  • ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.

Дагы окуңуз:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Келесоосуңар!» Илим Карыпбеков үй-бүлөлүк зомбулукка аялдарды күнөөлөдү. Бул эмне үчүн туура эмес?