Депутат Орозайым Нарматова Казакстандагы нааразылык акциясы «суюлтулган газдын кымбатташынан эмес, калкты эки ажырымга бөлгөн социалдык теңсиздиктен келип чыкты» деген пикирде. Ал мындай билдирүүсүн Фейсбуктагы барагында жазды.
«Учурдагы орун алган массалык баш аламандыктын негизинде келип чыккан саясий кризис, Жаңы-Өзөндө 2-январ күнү “күйүүчү газдын баасы монополисттер тарабынан кескин жогорулагандан улам келип чыкты” деп түшүнүү туура эмес! Анткени, Казакстандын социалдык-экономикалык абалы жана калкты эки ажырымга бөлгөн социалдык теңсиздик экенин белгилөөгө болот», — деди Нарматова.
Ошондой эле депутат саясий кризисти «жай мезгилиндеги кургакчылык, энергоресурстарга болгон кымбатчылык, орун алган пандемия, калктын кирешесинин өтө төмөндүгү жана 30 жыл бийликтин пайдасын көргөн олигархтар кланы» жаратты деген ойдо.
«Өзгөрүү орун албаган мамлекеттеги көйгөйлөргө газ маселеси ансыз да чыңалып араң турган абалдын курчушуна түрткү болду. Кошуна өлкөдө орун алган кайгылуу окуядан улам кайсы бийлик келбесин алардын этегине намаз окуган, байлыкка тойбой, 30 жылдан бери бийлик бутактарында олтуруп, мамлекетти алсыраткандар үчүн сабак болсо экен деген ой!» — деди депутат.
Мындан сырткары, Нарматова Кыргызстан «боордош элге гумжардам, медициналык жардам, кайра калыбына келтирүү иштерине канча жумушчу күч жибере алабыз ушул маселелерди талкуулаш керектигин» айтат.
«Массалык баш аламандыктан кыйылган адам өмүрү, энелердин көз жашы, мунканган эл, болгону калыс, акыйкат бийлик, социалдык теңчилик менен эркиндик үчүн жанын аябай күрөшөөрүн алмустактан бери келе жаткан тарых далилдеп турат!» — деп оюн жыйынтыктады депутат.
Бүгүн, 6-январда, Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп ЖККУнун Казакстанга «тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү» жиберүү чечимин карап чыгышы керек болчу. Жыйында эл өкүлдөрү Кыргызстан аскерлерин коңшу өлкөгө жөнөтөбү же жокпу чечилмек. Бирок кворум жоктугунан жыйын 7-январга жылды.
Ал арада ЖККУнун сайтында мүчө өлкөлөрдүн күчтөрү Казакстанга жиберилгени боюнча пресс-релиз жарыяланды.
«Жамааттык коопсуздук кеңешинин 6-январда кабыл алынган чечимине ылайык, ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу үчүн Казакстан Республикасына чектелген мөөнөткө жөнөтүлдү. Алардын курамына Армения, Беларусь, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү кирди», — деп жазылат анда.
Анткен менен президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопко» чечимди ЖККУ кабыл алганын белгилеп, «улуттук мыйзамдар боюнча аны Жогорку Кеңеш бекитип бериши керектигин» айткан.
«Кыргызстандык тынчтыкты орнотуучулар стратегиялык объектилерди коргоого тартылат. Кыргыз аскерлери Казакстандагы акциялардын катышуучуларына байланыштуу аракеттерге катышпай турганын баса белгилейбиз», — деген Султанбаев.
Парламент чукул жыйынга чогулаары белгилүү болгон соң Ак үйдүн алдында активисттер митинг өткөрүштү. Алар кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы болушуп, ЖККУнун курамынан чыгууну талап кылышты.
6-январга караган түнү Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылган.
Анда Токаев өлкөдө «террордук топтор» башаламандык жаратууда деп билдирген.