Видео: Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн жардам сурады

Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылды. Токаевдин кайрылуусу «Хабар 24» каналынын эфиринде жарыяланды.

Казак президенти мындай билдирүүнү Казакстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Ал өлкөдө «террордук топтор» башаламандык жаратууда деп эсептейт.

«Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге таянуу менен мен бүгүн Казакстанга бул террордук коркунучту жөнгө салууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ЖККУ мамлекеттеринин башчыларына кайрылдым. Чындыгында бул коркунуч эле эмес, мамлекеттин бүтүндүгүн талкалоо», — деп билдирди Токаев.

Аны менен катар, Токаев «террордук топтор» чет өлкөлөрдөн олуттуу даярдыктан өтүп келгенин белгилеп, өнөктөштөргө кайрылууну орундуу жана мезгилдин талабы деп эсептей турганын айтты.

Казакстандагы митинг

Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканына төрт күн болду. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып жатат.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев башкарган Коопсуздук кеңешин Токаев өзү жетектей турганын айткан. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.