Жогорку Кеңеш кворум жоктугунан Казакстандагы кырдаал боюнча жыйынды өткөрө алган жок

Сүрөт: Айдай Токоева/Kloop

Жогорку Кеңештин Казакстандагы кырдаал боюнча 6-январдагы чукул жыйынында кворум болгон жок. Мындан улам жыйын 7-январга жылдырылды.

Чукул жыйында парламент ЖККУнун Казакстанга «тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү» жиберүү чечимин талкуулап, Кыргызстан аскерлерин жөнөтөбү же жокпу чечиши керек болчу.

Бирок бир саат ичинде каттоодон болгону 39 депутат өтүп, кворум чогулбай калды. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов муну кышкы каникулга байланыштуу депутаттар региондордо жүргөнү менен түшүндүрдү.

Ал арада ЖККУнун сайтында мүчө өлкөлөрдүн күчтөрү Казакстанга жиберилгени боюнча пресс-релиз жарыяланды.

«Жамааттык коопсуздук кеңешинин 6-январда кабыл алынган чечимине ылайык, ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу үчүн Казакстан Республикасына чектелген мөөнөткө жөнөтүлдү. Алардын курамына Армения, Беларусь, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү кирди», — деп жазылат анда.

Анткен менен президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопко» чечимди ЖККУ кабыл алганын белгилеп, «улуттук мыйзамдар боюнча аны Жогорку Кеңеш бекитип бериши керектигин» айткан.

«Кыргызстандык тынчтыкты орнотуучулар стратегиялык объектилерди коргоого тартылат. Кыргыз аскерлери Казакстандагы акциялардын катышуучуларына байланыштуу аракеттерге катышпай турганын баса белгилейбиз», — деген Султанбаев.

Парламент чукул жыйынга чогулаары белгилүү болгон соң Ак үйдүн алдында активисттер митинг өткөрүштү. Алар кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы болушуп, ЖККУнун курамынан чыгууну талап кылышты.

6-январга караган түнү Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылган.

Анда Токаев өлкөдө «террордук топтор» башаламандык жаратууда деп билдирген.

«Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге таянуу менен мен бүгүн Казакстанга бул террордук коркунучту жөнгө салууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ЖККУ мамлекеттеринин башчыларына кайрылдым. Чындыгында бул коркунуч эле эмес, мамлекеттин бүтүндүгүн талкалоо», — деген ал.

Аны менен катар, Токаев «террордук топтор» чет өлкөлөрдөн олуттуу даярдыктан өтүп келгенин белгилеп, өнөктөштөргө кайрылууну орундуу жана мезгилдин талабы деп эсептей турганын айткан.

Ал эми Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников ЖККУнун күчтөрү «негизинен объектилердин жана инфраструктуранын коопсуздугун камсыздайт» деп билдирген.