Алматыда кыргыз жараны «Убуров» дагы кармалган. Бирок видеодогу киши — Рузахунов

Казакстандын ИИМи массалык башаламандыкка катышуу үчүн акча сунушталганын мойнуна алган киши «Закир Убуров аттуу кыргыз жараны» деп ынандырууга аракет кылган.

Бирок видеосу тараган киши белгилүү кыргызстандык пионист Викрам Рузахунов экенин көрүүгө болот. Аны жакындары жана кесиптештери таанып калып, ал кыйноого алынганын айтышууда. Анткени тасмадан анын бети-башы көгала экенин көрүүгө болот.

Рузахуновдун энеси уулу Алматыга концерттик программаны алып баруу үчүн атайын чакыруу менен 2-январда учуп кеткенин айтып берген. Ал эми учак билетин музыкант 16-декабрда эле сатып алып койгонун билдирди.

Ал эми Казакстандын ИИМи айтып жаткан Закир Убуров, тагыраагы, Юбуров, ал дагы кыргыз жараны. Анын агасы Тахир Юбуров видеогу киши ал эместигин тастыктады. Бирок ал иниси Закир да кармалганын айтууда.

Казакстандын полициясы тараткан тасмадагы киши Алматыга чейин ага билет сатып беришкенин жана митингге катышуу үчүн 90 миң теңге (15 миң сом же 200 доллар) убадаланганын айткан.

Бирок эгерде тасмадагы киши Закир Юбуров болгондо ага Алматыга чейин учак билет алуунун кажети жок болчу. Анткени Юбуров Алматыда жашап соода кылып иштейт.

Закир Юбуров. Сүрөт: Кактус

Тахир Юбуровдун айтымында, Закир үй-бүлөсү менен Алматыда 1,5 жылдан бери жашайт жана «Байсал» базарында идиш-аяк сатып иштейт. Закир акыркы жолу 7-ноябрда жума намазга барганда байланышка чыккан. Намаздан кийин ал туугандарынын жанына, башкача айтканда, Кыргызстандын Чүй облусундагы Ивановка айылына келмек. Бирок ал жакындарына жетпей казак-кыргыз өткөрмө постунан кармалган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Алматыдагы башаламандыкта кыргызстандыктардын тиешеси жок экенине ишенет.

«Кармалган В.Рузахунов жана ушундай кырдаалга туш болгон башка мекендештерибиз боордош Казакстанга укмуштуудай окуяларды козгогон күчтөрдүн пландардын кезектеги курмандыктары экенине ишенебиз», — деп кабарлайт УКМК.