Жалал-Абаддын тургуну өз каражатына бейтапкананы оңдоп, кошумча корпус куруп берди

Сүрөт: Turmush

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын тургуну Нурлан Сейиткулов жергиликтүү бейтапкананын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жанына кошумча имарат куруп берди. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Сейиткулов шаардагы №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын 5,5 миллион сомго оңдоп, жаңы эмеректерди алып берди. Басылмага берген маегинде ал бул саамалыкты 35 жашында оорудан каза болгон апасынын жаркын элесине арнаганын билдирди.

«Бул курулушту курганымдын себеби, айыл тургундары менин апама окшоп, ооруп жүрүп эрте эле көз жумбасын дедим. Айылдаштарым ооруп, дарты өтүшүп кеткенде эмес, тескерисинче оорунун алдын алуу үчүн дарыгердин көзөмөлүнөн өтсө, менин максатым ишке ашат. Азыр бул жайда бейтаптар, ак халатчандар үчүн да жеткиликтүү шарттар бар», — деди ал.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Клара Пазылова имарат 66 жыл мурда курулганын, Кыргызстан эгемендүүлүк алганда бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөнүн белгиледи.

Пазылованын айтымында, 20 миңге жакын адамды тейлеген бейтапканын полу чирип, шыптан суу тамчылап калган. Мындан улам пандемия учурунда медиктерге иштөө кыйынчылык жараткан.

«Өткөн 2021-жылдын жай айларында айыл тургуну биздин имаратты жаңыдан салып берерин айтып кайрылганда абдан сүйүндүк. Курулуш иштери сентябрь айында башталып, жыл соңунда толугу менен бүткөрүлдү. Азыр кенен, жарык, жылуу анан таза имаратта иштеп жатабыз», — дейт Пазылова.

Мурда 10 бөлмөдөн турган имарат азыр 15 бөлмөлүү болуп калды. Бейтапканага лаборатория, ийне саюучу бөлмө жана күтүү залдары да кошулду.

2021-жылдын июль айында Ош облусунун Алай районунда Мамасалиевдердин үй-бүлөсү атасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп берген.

Алар курулушту баштан-аяк өз каражатына бүткөрүшкөн. Анда айылдын имамы «мындай саамалыктар ысырапкорчулуктун алдын аларын жана элге пайдасы тийсе маркумга сообу жетерин» белгилеген.

Алайда үй-бүлө атасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп берди